Ошто Россия тасмаларынын күндөрү өтөт. Сунушталчу фильмдердин тизмеси

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКинотеатр. Архив
Кинотеатр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Иш-чарага Россия тараптан эмгек сиңирген артисттер Юрий Кузнецов, Марина Яковлева, белгилүү актёр Марк Вдовин, Михаил Шеломенцев жана продюсер Елена Лебедова катышат.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. 14-17-октябрда Ош шаарында россиялык тасмалардын күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Анын алкагында өтчү иш-чараларга Россиянын эмгек сиңирген артисттери Юрий Кузнецов, Марина Яковлева, белгилүү актёр Марк Вдовин, Михаил Шеломенцев, продюсер Елена Лебедова, кыргызстандык алып баруучу Ассоль Молдокматова катышат.
Тасмалардын жана чыгармачылык жолугушуулардын тизмеси:
14-октябрь күнү саат 16:00дө Ош шаарындагы "Семетей" кинотеатрында кино жумалыктын расмий ачылышы жана РФтин эмгек сиңирген артисти Юрий Кузнецовдун чыгармачылык жолугушуусу болот. Мындан тышкары, "Огонь" киносу көрсөтүлөт;
Актриса Юлия Пересильд, космонавт Антон Шкаплеров жана режиссер Клим Шипенко космоско учаар алдында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
"Учтук!": космоско "Чакырык" тууралуу эмне билебиз?
15-октябрь күнү саат 16:00дө ОшМУнун жыйындар залында РФтин эмгек сиңирген артисти Марина Яковлеванын чыгармачылык жолугушуусу болот. Ал эми саат 17:30да "Семетей" кинотеатрында "Серебряные коньки" тасмасы коюлат. Ошондой эле саат 19:00дө "Чаво" отелинде Михаил Шеломенцевдин Ассоль Молдокматова менен биргеликте чыгармачылык жолугушуусу өткөрүлөт;
16-октябрь күнү саат 18:00дө "Назад в степь к сарматам" тасмасы тартууланып, 20:00до актёр Тимур Гариповдун күйөрмандар менен баарлашуусу пландалган;
17-октябрь күнү саат 16:00дө иш-чаранын расмий жабылыш аземи "Семетей" кинотеатрында болуп, "Подольские курсанты" фильми менен жыйынтыкталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0