Кызгалдак талаасындагы Касымалиева менен Одуракаев. 30 жыл мурунку таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Белгилүү актриса Шайыргүл Касымалиева менен актер Бусурманкул Одуракаевдин сүрөтү 1990-жылы Талас облусунда тартылган.

Ошол жылы режиссер Бакыт Карагулов Чыңгыз Айматовдун "Бетме-бет" чыгармасынын негизинде "Куш өмүр" тасмасын тартып, Касымалиева башкы каарман Сейденин, ал эми Ысмайылдын ролун Одуракаев аткарган.

Ал кезеңди актер Бусурманкул Одуракаев мындайча эскерет:

"Мен институтту бүтүп келип эле сынакка катышып, башкы ролго өтүп кеткем. Ал кезде курамына Ашым Жакыпбеков, Мар Байжиев, Мурза Гапаров өңдүү залкарлар кирген көркөм кеңеш бизди ролго бекитчү. Мен 26, Шайыр 22 жашта болчу. Сүрөттөгү кызгалдак талаасында кубалашып ойногон эпизод Киров суу сактагычынын жанындагы адырда тартылган. Андан бери 30 жылдай өтүп кетиптир. Негизи "Куш өмүр" оор шартта кыйынчылыктар менен жаралган. Ошондон кийин кинодогу жолум ачылды. Дезертирдин образын жараттым эле, эл мени көпкө жаман көрүп жүрдү. Ошондон кийин эле режиссёрлор да мага терс каармандарды бере баштады. Кийинчерээк эле оң каармандын ролун алдым", — деди Одуракаев.

"Куш өмүрдө" согуштан качып дезертир болгон Ысмайылдын, айылда баласы жана кайненеси менен жалгыз калган Сейденин тагдыры баяндалган.

Кинокартинада ошондой эле Сабира Күмүшалиева, Гульнизат Омарова, Ерсаин Телеубаев, Асанкул Куттубаев, Бакирдин Алиев, Турсун Уралиевдер да образ жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0