08:09 27 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (417)
504 0 0

Түрк элдеринин маданиятын колдогон ТүркСОЙ уюму келерки 2022-жылды кыргыздын таланттуу драматургунун урматына арнап "Токтоболот Абдумомунов жылы" деп атады.

Бүтүндөй өмүрүн кыргыз драматургиясынын жана театр өнөрүнүн өнүгүшүнө арнаган жана Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзун, Театр ишмерлер коомун көп жыл бою башкарган Токтоболот Абдумомуновдун туулган күнүнүн жүз жылдыгын жалпы түрк тилдүү мамлекеттер бир жыл бою кеңири белгилешмекчи.

Биз бүгүн таланттуу драмачы жана коомдук ишмер Токтоболот Абдумомуновдун өмүрү, чыгармачылыгы жана ишмердүүлүгү тууралуу 13 факт сунуштайбыз.

Туулган жери, мезгили. Токтоболот Абдумомунов 1922-жылы 15-августта Түркстан АССРинин Жаңы-Алыш айылында туулган. Азыркы бөлүштүрүү боюнча ал жер Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Кемин районунун Жаңы-Алыш кыштагы. Атасы кызматкер болгон. Ал эми атасынын Рыспай деген агасы комуз чертип, санжырадан сүйлөп, жомокторун айтып берип, баланын көкүрөгүн ачууга шык берген.

Өзүн дарыгер болууга даярдаган. Жаш чагынан Фрунзе шаарына келип, медициналык техникумда окуйт. 1938-жылы фельдшер күбөлүгүн алат. 1939-жылы Фрунзе шаарындагы ошол эле жылы жаңы ачылган Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна студент болуп өтөт. Оорусуна байланыштуу 3-курстан ары окуусун уланта албай калат. Медициналык орто билими менен Ош облусунун Гүлчө (азыркы Алай) районунун Жошолу айылында дарыгер болуп иштейт. Бирок тез эле медицина тармагы менен биротоло кош айтышат.

Котормочулук жана журналисттик кызматтары. Ден соолугуна байланыштуу согушка алынбай калган Абдумомунов 1941-жылдан 1959-жылга дейре Кыргыз мамлекеттик басмасында, республикалык радиокомитетинде корректор, редактор, котормочу болуп иштеди. Ал арада Ошко барып облустук "Ленин жолу" газетасында кабарчы, Москвага барып, "СССР Жогорку Советинин ведомосттору" деген басылмада котормочу, "Советтик Кыргызстан" журналында (кийинки "Ала-Тоо") бөлүм башчы болуп, уламдан-улам кызматынан жогорулап отурган.

Алгачкы пьесалары. Анын 1947-жылы 6-апрелде Кыргыз драма театрында "Кумдуу чап" деген пьесасы коюлган, анда мунай издеген кенчи-геологдордун ишмердүүлүктөрү чагылдырылган. Ошол эле жылы Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Андан соң "Замандаштар" (1948), "Борбаш" (1949), "Курман" (1950), "Тар капчыгай" (1953), "Атабектин кызы" (1956) драмалары театрлар аркылуу элге көрсөтүлгөн соң, кыргыз маданиятына таланттуу драматург келгенинен кабар берди. Өзү театрга барып, пьесаларын окуп берип, режиссёрлор, актёрлор менен тыгыз иштешип, өнөрдүн бул түрүндө өтө жөндөмдүү экендигин көрсөттү.

Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасы болуп шайланган. Ал мезгилде бул кызмат өтө жогорку даражада турган. Бир эле убакта Москвадагы СССР жазуучулар союзунун башкармасынын секретары да болуп калчу. Драматург бул кызматты 1959-жылдан 1971-жылга чейин аркалаган. Бул орунда буга чейин Аалы Токомбаев, Темиркул Үмөталиев, Касымалы Баялинов, Азиз Салиев иштеп келген. "Алтымышынчылардын" күргүштөнгөн дайрадай албууттанган поэзиясы, Чыңгыз Айтматов баш болгон кара сөзчүлөрдүн "жаңы генерациясы" дал ушул Токтоболот Абдумомунов жазуучуларды башкарып турган жылдарга туш келди. Ал интеллектуалдык бийик деңгээли, ар бир маселеде кеп бербеген чечендиги, эч кимге тебелетпеген кадыр-баркы менен ызы-чуулуу жазуучу журтун бир кыйла тынч башкарып берди.

"Абийир кечирбейт" - кыргыз адабиятынын мыкты чыгармаларынын бири. Драма 1962-жылы жазылып, алгачкы он беш жыл ичинде эле кыргыз сахнасында 400-жолку коюлушу белгиленген жана азыркы күнгө чейин улуттук сахнадан түшпөй келе жатат. Ошондой эле ал мурдагы союздук республикалардын театрларында да сахналаштырылган. Чыгармада адегенде биринчи эле сүрөттө Нурдин менен кездешебиз. Ал орундукта айылдан келген бир киши менен сүйлөшүп отурат, ага өзүнүн соттолуп түрмөгө кесилип кеткенин, эми ошол жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп чыгып келе жатканын айтып берет. Көрсө, ал Шайыргүл деген кызды сүйүп, экөө үйлөнө турган күнү ортодон Нияз деген досу чыгат. Шайыргүлдү ушактап, "ал Масадыкты сүйөт, сен Москвада жүргөндө экөө сүйүшүп-күйүшүп, тоого чогуу гүл тергени барып келген" деп калп айтып бузукулук кылат. Албетте, Нурдинди ишендирет. Буга ишенген Нурдин машинасы менен биротоло Шайыргүлдөн кетмекчи болгондо алдына тура калып жолун торогон Масадыкты койдуруп кетет. Бактыга жараша, Масадык өлбөй калат, бирок майып болот. Нурдин кесилип кетип, бошоп келгенде Шайыргүл Масадыкка турмушка чыкпаганын, анын күйөөсү Омор деген жигит экенин көрөт. Масадык канчалык актанганы менен Нурдин дале ишенбейт. Ошондо бүт чындыкты Сейит айтып берет. Ал Нурдин Шайыргүлдү – тун сүйүүсүнөн ажыратканын, Масадыкты майып кылганын, өзүн абакка отургузганын түшүнөт. Анын абийири өзүн кечирбейт. Чыгарманын аталышы ошондон алынган. Драма каармандардын бири-бирине ар түрдүү абалдарды түшүндүргөн диалогдорунан турат. Мансап, дөөлөт, байлык жана аларга жетүү үчүн абийирин саткан Нияз сыяктуу адамдарды көрүп, аларга жинибиз келет. Нияз – бакыл, саткын, көрө албас каарман. Шайыргүл назик, кыздык ыйманы жогору, адамды барктаган, баалаган образ. Нурдин – келечектүү адис, ак көңүл, ишенчээк жигит. Ал жаңылыштыгын түшүнөт, бирок өтө кеч түшүнөт, канткен менен абийирин тазалайт. Масадык – адамгерчилиги бийик, таза, чынчыл жигит, ал досунун алдында чыныгы достугун көрсөтөт. Абдумомунов өзү медицина кызматкери болгондуктан, бул тармакта эмгектенгендиктен пьесада кыргыздын жаш хирургдарынын турмушуна кайрылган, бирок биринчи орунда алардын өндүрүштүк ишмердүүлүгү, ооруканадагы иштери көрсөтүлбөйт, алдыңкы планга ошол жаш адистердин нравалык-моралдык сапаттары чыгат. Ошол адептик сапаттар, адам мүнөздөрү кыймыл-аракетте, өсүп-өнүгүүдө, кагылышуулардын туу чокусунда, терең психологизм менен чагылдырылат. Мына ошол тарбиялык таасири, адамдарды оң жолго баштаганы менен драма өз кезегинде көптөгөн адамдардын ички руханий дүйнөсүн тазалоого салым кошкон.

Автордун бул пьесасы жолдуу болгон. Артынан эле "Каркыралар кайтканда" (1965), "Сүйүү жана үмүт" (1966), "Бюро жүрүп жатат" (1968), "Жыгылган ооганга күлөт" (1968), "Ашырбай" (1980), "Жарыктык карыларым" (1980) ж.б. ондогон чыгармаларын жазып, алар театрларда коюлду. Булардан тышкары "Машырбек үйлөнөт", "Чолпонбай", "Карагул ботом", "Алдар көсө", "Жоробайдын жоруктары" ж.б. отуздан ашык пьеса менен кыргыз драматургиясынын кырманын байытты. Ал драматургиянын комедия, трагедия, драма жанрларында, балдар драматургиясында бирдей иштеген автор катары башкаларга үлгү тутууга мүмкүн.

Вьетнамга барып, бир пьесага материал таап келет. Вьетнам республикасына америкалык агрессорлор улам басып кирип, бомбалап, элин аябай кыйнап жатканда советтик адамдар "Вьетнамдан колуңду тарт" деген чакырык менен чыгып турчу. Ошондо СССРден жазуучулар да ал өлкөгө иш сапары менен барган. Ошол сапарынан алган таасирлери менен Токтоболот Абдумомунов эл достугу, боштондук темасында "Биз анын балдарыбыз" деген драма жазат, анан ал заманбап чыгарма "Таалай гүлдестеси" деген ат менен сахналаштырылат.

Театр коомунун төрагасы. 1974-жылдан 1986-жылга чейин Кыргыз ССРинин театралдык коомунун президиумунун төрагасы, 1986-жылдан төрага орунбасары болуп иштеген. Ал мезгилде кыргыз театр өнөрү, театрлардын жалпы союзга гастролдоп чыгышы, бул тармактан ишмерлерине үй-жай, айлык берүү ага чейин да, андан кийин да болбогон деңгээлге көтөрүлгөн. Калктын театрларга агылып кирип турушу да ушул жылдарга туш келет. Мына ошолордун баарында Абдумомуновдун сиңирген эмгеги өлчөөсүз эле. 1986-1989-жылдарда бир эле убакта Жазуучулар союзунун секретары болуп да эмгектенген. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева баш болгон артисттер, Бообек Ибраев, Медербек Назаралиев, Офелия Еркимбаева, Искендер Рыскулов, Алмаз Сарлыкбеков ж.б. режиссёрлор менен бири-бирин түшүнүшүп иштешкен.

Прозада өзүн сынап көргөн, улуттук кинодраматургияга чыйыр салган. Ал адабиятка кара сөз жазып аралашкан. Алгачкы аңгемелерин бири "Жүкөш" деп аталат. Ушундай аталыштагы 38 беттен турган чакан китепчеси 1940-жылы басылып чыгат. Китеп кийин да бир нече жолу басылып чыгат "Жакшы адамдар" аттуу аңгемелер жана очерктер жыйнагы 1955-жылы, "Асман мелжиген жерде" аттуу повести 1956-жылы жарыяланган. "Ачылбаган сыр", "Жылдыздуу асман", "Тообай", "Достук", "Мамбеткулдун уулу" деген сыяктуу кара сөздө чыгармалары жазылган. Кинодраматург катары "Алыскы тоолордо" фильминин сценарийин жазган жана аны режиссёр Анатолий Карпов фильм кылып тарткан (1958). Бул жагынан ал улуттук кинодраматургияга чыйыр салган. 1985-жылы ырлары, аңгемелери, жомоктору "Жаз жарыш" деген аталышта жарык көргөн. Канткени менен ал кыргыз журтчулугуна прозаик, киносценарист катары тааныла алган жок. Адабият тарыхында классик драматург катары гана калды. Автор Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси. 1967-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы негизделген. Анын биринчи лауреаттары Аалы Токомбаев ("Таң алдында" романы үчүн) жана Токтоболот Абдумомунов ("Абийир кечирбейт" жана "Сүйүү жана үмүт" пьесалары үчүн) болгон.

Жеке сапаттары, адамдык касиеттери. Абдумомунов өзгөчө чечен, куюлуштуруп, угуп отургандарды муютуп сүйлөй билген киши болгон. Араздашып, бири-бирине бет карашпай калган жазуучуларды жараштырып койгон. Жаш драматургдарга, артисттерге, а түгүл режиссёрлорго да акыл-насаат айтып турган. 1984-жылы Театрлар коомунда Актёрлор үйүнүн директору болуп иштеген Алиев деген киши Таласта иш сапарда жүрүп каза болуп калат. Үйү да жок, туугандары да кабарсыз экен. Аталган коомдун төрагасы катары Токтоболот Абдумомунов Театрлар коомунун короосуна эле боз үй тиктирип, бүт өлүм чыгымын өзүбүз көтөрөбүз деп турганда маркумдун балдары табылып, аларга сөөктү өткөрүп берген экен. Жакындан билгендер зайыбы Тамара эжени "Такы" деп өзгөчө мээрим менен эркелетерин, улуу кызы Стелла менен уулу Исхактын асты-үстүнө түшүп жакшы көрөрүн айтып калышат. Бир жолу 50-жылдардын орто ченинде үйүнө чыгармасын окутуу үчүн келген ал учурдагы студент, кийин драматург болгон Мырзабек Тойбаевге өзүнүн кийип жүргөн плащын берип жиберген экен. Анын ошондой берешендигин көп эле адамдар айтып жүрдү. Алыкул Осмоновдун чыгармаларын өзгөчө сүйчү.

Ысымы унутта калган жок. Абдумомунов катуу ооруга чалдыгат да, ошол оорудан улам 1989-жылы – 67 жашында каза табат. Ал улуттук драматургияда кырк жылдай талыкпай иштөө менен аны нагыз профессионалдык деңгээлге көтөргөн. Ошону менен кыргыз театр өнөрүн бийиктетүүгө да салымын кошкон. Азыр Академиялык улуттук драма театры анын ысымын алып жүрөт. Анын атында 1991-жылы драматургия жанрында мыкты чыгармаларды жазгандар үчүн эл аралык сыйлык негизделген. Бишкек шаарынын борборундагы көчөнүн бири анын ысымында.

2022-жылы Түрк дүйнөсүндө "Токтоболот Абдумомунов жылы" деп аталды. 2021-жылдын 16-сентябрында Өзбекстандын Хива шаарында маданият министрлеринин XXXVIII отурумуна Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кийинки жылды Токтоболот Абдумомуновго арноо демилгесин көтөргөн жана ага башка министрлер макул болгон. ТүркСОЙ уюму ар бир жыл сайын атактуу маданият адамдарынын жылдарын өткөрүп келет. Мындан мурда 2015-жылды акын "Омор Султановдун жылы" да белгилеген.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (417)

Тема боюнча

Кыргыздар кыр көрсөтүп, казактар баалап. Музыка жыйноочу Затаевич жөнүндө 9 факт
"Кыздын сыры" менен багы ачылган Өскөн Даникеев. Жазуучу тууралуу 11 факт
Белгилер:
Кыргызстан, Токтоболот Абдымомунов, "Абийир кечирбейт" драмасы, драматург, кыргыз адабияты, жазуучу

ЭҢ МААНИЛҮҮ