"Сулайман-Тоо" жана "Өзгөн" музей комплекстерине 6 млн. доллар бөлүндү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүОш облусундагы "Сулайман-Тоо" музеи. Архив
Ош облусундагы Сулайман-Тоо музеи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Эки музей-комплекстеги иштин жүрүшүн координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иш алып барары айтылды.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Ош облусундагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексинин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 6 млн. долларлык иштер жасалат. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
"Дүйнөлүк банк "Сулайман-Тоого" тарыхый-археологиялык музей комплексине 4 млн. доллар, ал эми "Өзгөн" археологиялык-архитектуралык музейине 2 млн. доллар каражат бөлдү. Бул долбоор туристтерди, меймандарды жана зыяратчыларды сапаттуу тейлөө максатында кайра жаңыртуу жана оңдоп-түзөө иштерине багытталат", — деп айтылат маалыматта.
Бул иштер Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Ош облусун жана Ош шаарын аймактык экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жасала тургандыгы кабарланды.
© Фото / пресс служба МКИСиМП КРОш облусундагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексинин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 6 млн. долларлык иштер жасалат
Ош облусундагы Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексинин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 6 млн. долларлык иштер жасалат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош облусундагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексинин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 6 млн. долларлык иштер жасалат
© Фото / пресс служба МКИСиМП КРУчурда иштин жүрүшүн координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ иш алып барып, алар менен биргеликте тыгыз иштөө "Сулайман-Тоо" комплексинин башкы директору Султан Абдыракмановго милдеттендирилген
Учурда иштин жүрүшүн координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ иш алып барып, алар менен биргеликте тыгыз иштөө Сулайман-Тоо комплексинин башкы директору Султан Абдыракмановго милдеттендирилген - Sputnik Кыргызстан
2/2
Учурда иштин жүрүшүн координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ иш алып барып, алар менен биргеликте тыгыз иштөө "Сулайман-Тоо" комплексинин башкы директору Султан Абдыракмановго милдеттендирилген
1/2
Ош облусундагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексинин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 6 млн. долларлык иштер жасалат
2/2
Учурда иштин жүрүшүн координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ иш алып барып, алар менен биргеликте тыгыз иштөө "Сулайман-Тоо" комплексинин башкы директору Султан Абдыракмановго милдеттендирилген
Учурда иштин жүрүшүн координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ иш алып барып, алар менен биргеликте тыгыз иштөө "Сулайман-Тоо" комплексинин башкы директору Султан Абдыракмановго милдеттендирилген.
Долбоорду ишке ашыруу "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана КРдин коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун чегинде жүргүзүлөрү айтылды.
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде жасалчу иштер:
  • Тарыхый-археологиялык музейдин имараты, экспозициялык залдары;
  • Сулайман-Тоонун туристтик жолдору, жарыктандыруу жана автоунаа коюлуучу жай ж.б жерлер;
  • Сулайман-Тоого түндүк тарабынан чыгуучу жолду оңдоо;
  • коло доорундагы турак жай;
  • орто кылымдагы мончо;
  • Асаб ибн Бурхиянын мавзолейинин алдындагы аянт;
  • "Сулайман-Тоо" үңкүр музейи;
  • кол өнөрчүлөр көчөсү;
  • суу дарбаза тараптагы эс алуу багы.
Мындан сырткары, "Өзгөн" археологиялык-архитектуралык музей комплексинин жаңы имаратын куруу каралган.
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси ЮНЕСКОнун материалдык маданий мурас тизмесине 2009-жылы киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0