06:46 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7888
  • EUR96.2310
  • RUB1.1321
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
375 0 0

Жакында эле Бишкекте Кыргыз улуттук "Манас" театры ачылды. Аталган театрдын жетекчиси болуп министрликтин атайын токтому менен Азиз Биймырза уулу дайындалган болчу.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы ачылган театрдын жетекчиси катары Азиз Биймырза уулун мейманга чакырып, "Манас" театрынын максаты жана аткара турган иштери тууралуу маектешкен.

— Алгач иш ордуңуз менен куттуктайбыз! Жаңы ачылган "Манас" театрынын максаты тууралуу айтып кетсеңиз?

— Рахмат, биринчи кезекте жалпы куттуктап жаткан жумурай журтту, анын ичинен манасчыларды куттуу уясы жана мамлекет тарабынан макам алышы менен чын жүрөктөн куттуктайм! "Бул театр эмне үчүн кандай максат менен ачылды?" деген суроонун өзүндө жан бар. Дегеним, манасчылар өлкө эгемендүүлүктү алгандан берки кыргыз тарыхында көңүл сыртында калып келгендей жагдай жаралган. "Манасчылар расмий макам алып, өзүнчө критерий менен каралып, Эл манасчысы, Эмгек сиңирген манасчы деген наамдар берилиши керек" деп илимдин доктору, белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиев 30 жылдан бери айтып келе жатат. Ошол агабыздын аракети менен бүгүн манасчылар "театр" деген макам алып, анда манасчыларга 33 штаттык бирдик берилип, улуу-кичүү манасчыларды кабыл алуу маселеси каралууда.

Театр дегенде көз алдыбызга спектакль, драматург, режиссёр жана актёрлор тартылат эмеспи. Биздин театрда айтуучулук чеберчилик каралат. Буга чейин билесиз, "манасчы — бул бүтүндөй театр" деген аксиома айтылып келген. Залкар манасчылардын чыгармачылыгы, айтуу чеберчиликтери, ыкмалары, алар жараткан ийгиликтердин баары ушул нерсеге алып келген.

 

Манасчи и деятели культуры во время церемонии открытия театра Манас в Кыргызстане
© Фото / Данияр Жаркынбаев
Открытие театра "Манас" в Кыргызстане

— Эми театр кандай иш алып барат?

 

— Кудай буюрса, театр биринчи кезекте манасчыларды, салттуу айтуучулукту, уникалдуулукту пропагандалоо ишин аркалайт. Ар бир манасчынын чыгармачылыгы тууралуу портреттик моноспектаклдер коюлат. Андан тышкары, манасчылардын юбилейлерин өткөрүп турабыз. Аймактарды кыдырып, чек араларга чейин барып колубуз жеткен иштердин баарын театрдын алкагында жасайбыз.

— Жогоруда 33 штат берилди дедиңиз. Ага кимдер кирет, театрга атайын имарат каралдыбы?

— Президент өзүнүн резервдик фондунан 500 миң сом бөлдү. Бизге азырынча Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынан бир бөлмө берилди. Жакынкы күндөрү өзүбүздүн дагы имаратыбыз болорун айтышууда, ал күндөр да келер. Азыр "үңкүр да болсо үйүм бар" дегендей шүгүр деп турабыз.

Ал эми штат тууралуу айтсак, республика боюнча 20 гана манасчы бар. Техникалык персонал менен администрацияны кошкондо жалпысынан 33 штат каралды. Эми манасчылар менен кошо дастанчылар да штатка алынышы мүмкүн.

Манасчи выступают на Международном фестивале эпосов народов мира в Бишкеке
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
Международный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке

— Буга чейин "Манас" академиясы да ачылган. Театр экөө биргеликте кызмат аткарабы же эки башка иш алып барабы?

— Театр ачылганга чейин эле манасчылар өз миссиясын так жана толук аткарып келе жатат. Карды ач болобу, кадыры түшүп калабы, манасчылыкты эч кимге колко кылбастан, кудай берген талантты милдет катары өз абийири менен аркалоодо. Мындан ары да жогорку деңгээлде аткара берет. "Манас" театры менен ким кызматташууга даяр болсо иштешебиз. Албетте, биздин биринчи өнөктөшүбүз "Манас" жана Чыңгыз Айтматов академиясы болот. Анткени багытыбыз бир.

Алдыда манасчылардын жалпы монографиясын чыгарсак деген жакшы тилегибиз бар. Ырамандын ырчы уулунан баштап кадимки Жайсаң манасчыга чейин бүтүндөй манасчылардын өмүр баянын чогултуп, алардын жетишкен ийгиликтерин, бизге калтырган мурасын, бүгүнкү күндөгү манасчылардын бирден окуяларын камтып, китеп чыгарганы турабыз. Калыгул Бай уулу айткандай, "кагазга түшкөн кат өлбөйт" деп президенттин бөлүп берген каражатын ушул жакка жумшасак деген ой бар. Андан тышкары, демөөрчүлөр да кол сунуп жатышат. Толук ачылгандан кийин режиссёр алсак, манасчылардын көргөн түштөрүн чагылдырып бир моноспектакль чыгарабыз. Андан кийин эле  4-декабрь — манасчылар күнүнө карата да бир иш-чара өткөрүүнү максат кылдык.

— Буга чейин административдик иштерди, мыйзам боюнча маселелерди манасчылар өздөрү чечип жүрүшкөн. Ошол жаатта театрдын иши кандай болот?

— 2040-жылга чейинки Улуттук стратегиялык пландар жаатындагы мыйзамдарды чыгарууда Талантаалы Бакчиев авторлордун бири болгон. Андан кийин Манастын атын арак-шарапка ыйгарууга каршы кол топтоп, айрым учурда позициябызды да билдирип жаттык. Бул иштер уланат, анткени биз азыр тикелей кийлигишип аралаша турган жердебиз. Биздин театрдын максаты, милдети — салттуу айтуучулукту пропагандалоо. Буга чейин Россиянын тажрыйбасында болуп келген. Сахада "Олоңхо" театры бар. Алар "Олоңхо" дастанынын айтуучулугуна гана көңүл буруп келет.

Жыл аягына чейин жаш манасчылардын мектебин түзүү планы бар, бул биздин көрсөтө турган жыйынтыгыбыз болот. Мурда манасчылар каякка барып үйрөнүп, каяктан сабак өтөрүн билбей келсе, театр ошолордун баарынын башын бириктирген манасчылар өргөөсү болот.

Манасчи и деятели культуры во время церемонии открытия театра Манас в Кыргызстане
© Фото / Данияр Жаркынбаев
Открытие театра "Манас" в Кыргызстане

— Эми муну да сурап койбосок болбойт, манасчыларга кандай маяна берилет? Эртеден кечке офис жумушчусундай отурушабы же кандай?

— Албетте, административдик корпустагылардын баары ушул жерде отурабыз. Буга чейин он күндө бир манасчылардын жалпы чогулушу болуп, аны "Манастын" тегерегиндеги маселелер, стратегиялык пландарды кароо, манасчылыктын күнгөй-тескейин талдоо менен өткөрүп жүрчүбүз. Ушул нерсе калат. Кимибизге канча маяна чегерилсе аны алабыз. "Сокурдун тилегени эки көз" дегендей, ушунусуна каниет кылып туралы. Буга чейин эле манасчыларды эл багып келген, дагы да багып жатат. Мамлекеттин камкордугуна алынганыбызга шүгүр.

— Жаш манасчыларды окутууну да колго алат өңдөнөсүздөр. Бул мектептерге барып өтүлөбү же өзүңүздөрдө ийрим ачылабы? Кандай кылып ишке ашырасыздар?

— Буга чейин эле "Манас таануу" интеллектуалдык таймашы уюштурулуп келген эмеспи. Жер-жерлерди кыдырып, бейшемби сайын ар бир мекемеге баяндамаларды жасап жаттык. Мындан ары бул багытта сапарыбыз улана берет. Ар бир мектепке бирден манасчыны жиберип турабыз. Идиреги бар, манас айтууга кызыгып, элирип жүргөн балдарды театрга алып келип окутуу иштери жүрөт. Бирок кызыккандын баары эле манасчы болуп кетпейт экен.

Руководитель театра Манас Азиз Биймырза уулу на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Руководитель театра "Манас" Азиз Биймырза уулу

— Театрдын жылдык бюджетин да өкмөт коюп бердиби?

— Театрдын бюджетин, уставын бекитүү иштери министрликтердин арасында жүрүп жатат. Бюджети боюнча так кабарым жок, эми театр түзүлгөндөн кийин каражаты да толук бекитилип берсе керек.

— Жетекчиликке сиздин бекип калышыңызга манасчылар тарабынан сунуш болдубу же жогору жактагылардын тандоосубу?

— Бул манасчыларга берилген тапшырма болчу. Жогору жактан "өзүңөр бир жетекчиңерди көргөзгүлө, биз бекитип берели" дешти. Анан манасчылардын баары мени сунушташты. Себеби буга чейин орус драма театрында актёр, коомдук телерадио корпорациясында редактор катары иштеп келе жаткам.

— "Манасчылар ушул багытта иш алып барышы керек" дегендей ой-пикирлер сунушталдыбы?

— Сунушталып жатат. Эл артисттери, эмгек сиңирген арттисттер, режиссерлор ойлорун айтып жатышат. Баарын ишке ашырабыз деген ойдомун. Ага убактыбыз да кенен. Биринчиден, жаш театрбыз жана манасчыларыбыздын баары маңдайы жарыла сүйүнүп, коргошундай көлкүп, эргип турушат. Көп пландарды ишке ашырсак деп көзүбүз күйүп турат. Эң алгач Манастын бирдиктүү бир концепциясын, вариантын элге сунуштап койсок дейбиз. Андан тышкары, манасчылык мектебин түзүү, алп манасчылардын варианттарын айырмалап көрсөтүп, чечмелеп берүү иштери турат. Манаска тийиштүү маалыматтардын орток базасын түзсөк чоң жеңиш болмок. Илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда улуу эпостун канча варианты турат. Ал башка тилдерге кандай которулуп жатканын, артыкчылык менен алешемдигин көзөмөлдөсөк дейбиз. Дүйнөлүк аренага манасчы өзгөчө феномен экендигин алып чыгуу — театрдын негизги милдети. Филармониянын алдында өткөн фестивалга канча деген дүйнөлүк таланттар келди. Ырас, көмөкөйү менен сайрап, аттай кишеней алган өнөрлөргө суктандык. Бирок биздин манасчылар чыкканда улуту башкалар да каны дүргүп эмоцияга алдырып жатканын айтып жатышты. Ушундай уникалдуу эпосту алып жүргөн адамдарды, манасчылыктын кадырын, манасчы деген терминди дүйнөлүк деңгээлге алып чыксак деген жакшы тилегибиз бар. Мындан улам театрда эл аралык байланыш деген да бөлүм болуп калышы ыктымал.

Тема боюнча

Кыргыз жеринде кытайча жаңырган "Манас". Операдан кийинки ойлор
Белгилер:
манасчы, президент, эпос, каражат, Азиз Биймырза уулу, "Манас" театры

ЭҢ МААНИЛҮҮ