Эпостор фестивалынын жабылышында 20 манасчы Каныкейдин Тайторуну чапканын айтты

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРЭпостор фестивалынын жабылышында 20 манасчы Каныкейдин Тайторуну чапканын айтты
Эпостор фестивалынын жабылышында 20 манасчы Каныкейдин Тайторуну чапканын айтты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Эпостор фестивалынын жабылыш аземи Кыргызстандын жана чет жактан келген коноктордун концерти менен коштолду.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРМанасчи выступают на Международном фестивале эпосов народов мира в Бишкеке
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды - Sputnik Кыргызстан
1/5
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРВыступление артистов на концерте в Национальной филармонии имени Т. Сатылганов, в рамках Международного фестиваля эпосов народов мира в Бишкеке
Аталган фестиваль Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкыртстан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, Армения, Беларусь, Эстония, АКШ, Иран, Франциянын илимпоз жана өнөр адамдарынын башын бириктирди - Sputnik Кыргызстан
2/5
Аталган фестиваль Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкыртстан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, Армения, Беларусь, Эстония, АКШ, Иран, Франциянын илимпоз жана өнөр адамдарынын башын бириктирди
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРНаграждение победителей Международного фестиваля эпосов народов мира в Национальной филармонии имени Т. Сатылганов в Бишкеке
Салтанаттуу жабылыш аземге мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, фестивалдын маани-маңызы жана ролу тууралуу кайрылуу жасашты - Sputnik Кыргызстан
3/5
Салтанаттуу жабылыш аземге мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, фестивалдын маани-маңызы жана ролу тууралуу кайрылуу жасашты
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРМанасчи выступают на Международном фестивале эпосов народов мира в Бишкеке
Эпостор фестивалынын негизги бөлүгү Тоголок Молдо тууралуу атайын даярдалган пролог менен башталды. Андан соң 20га жакын манасчынын аткаруусунда Манас эпосунан Каныкейдин Тайторуну чапканынан үзүндү айтылды. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Эпостор фестивалынын негизги бөлүгү Тоголок Молдо тууралуу атайын даярдалган пролог менен башталды. Андан соң 20га жакын манасчынын аткаруусунда "Манас" эпосунан Каныкейдин Тайторуну чапканынан үзүндү айтылды.
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРВыступление артистов на концерте в Национальной филармонии имени Т. Сатылганов, в рамках Международного фестиваля эпосов народов мира в Бишкеке
Ошондой эле концерттик программа чет өлкөдөн келген олонхо, кайчы, жангар жана дастан айтуучулардын катышуусу менен уланып, Кыргызстандын өнөр адамдары катышкан концерттик программа менен коштолду. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Ошондой эле концерттик программа чет өлкөдөн келген олонхо, кайчы, жангар жана дастан айтуучулардын катышуусу менен уланып, Кыргызстандын өнөр адамдары катышкан концерттик программа менен коштолду.
1/5
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды
2/5
Аталган фестиваль Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкыртстан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, Армения, Беларусь, Эстония, АКШ, Иран, Франциянын илимпоз жана өнөр адамдарынын башын бириктирди
3/5
Салтанаттуу жабылыш аземге мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, фестивалдын маани-маңызы жана ролу тууралуу кайрылуу жасашты
4/5
Эпостор фестивалынын негизги бөлүгү Тоголок Молдо тууралуу атайын даярдалган пролог менен башталды. Андан соң 20га жакын манасчынын аткаруусунда "Манас" эпосунан Каныкейдин Тайторуну чапканынан үзүндү айтылды.
5/5
Ошондой эле концерттик программа чет өлкөдөн келген олонхо, кайчы, жангар жана дастан айтуучулардын катышуусу менен уланып, Кыргызстандын өнөр адамдары катышкан концерттик программа менен коштолду.

Аталган фестиваль Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкыртстан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, Армения, Беларусь, Эстония, АКШ, Иран, Франциянын илимпоз жана өнөр адамдарынын башын бириктирди.

"Үч күнгө созулган иш-чара илимий-практикалык симпозиум, тегерек стол жана маданий ар түрдүүлүк парады менен коштолуп, эл аралык маданий алака бекемделди", — деп айтылат маалыматта.

Салтанаттуу жабылыш аземге мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, фестивалдын маани-маңызы жана ролу тууралуу кайрылуу жасашты.

Аны менен катар "Манас" улуттук театрынын ачылышы тууралуу расмий жарыяланып, анын директору Азиз Биймырза уулу тааныштырылды.

Бишкектин чок ортосуна көчмөндөр айылы курулду. Этнофестивалдан ирмемдер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Бишкектин чок ортосуна көчмөндөр айылы курулду. Этнофестивалдан ирмемдер
Эпостор фестивалынын негизги бөлүгү Тоголок Молдо тууралуу атайын даярдалган пролог менен башталды. Андан соң 20га жакын манасчынын аткаруусунда "Манас" эпосунан Каныкейдин Тайторуну чапканынан үзүндү айтылды.

Ошондой эле концерттик программа чет өлкөдөн келген олонхо, кайчы, жангар жана дастан айтуучулардын катышуусу менен уланып, Кыргызстандын өнөр адамдары катышкан концерттик программа менен коштолду.

Мейман катары Кыргызстандагы бир катар элчиликтер, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, коомдук-маданий ишмерлер катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0