2022-жыл Түрк дүйнөсүндө "Токтоболот Абдымомунов жылы" деп жарыяланды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТҮРКСОЙ мамлекеттеринин желеткери. Архив
ТҮРКСОЙ мамлекеттеринин желеткери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Мындай сунуш белгилүү драматургдун 100 жылдыгына байланыштуу өлкөнүн министри тарабынан демилгеленген.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Түрк дүйнөсү 2022-жылды кыргыздын белгилүү драматург-жазуучусу, коомдук ишмери Токтоболот Абдымомуновго арнайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай сунуш Абдымомуновдун 100 жылдыгына байланыштуу өлкөнүн министри тарабынан демилгеленген.

ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюмунун тартибине ылайык ар жыл сайын мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин отурумунда түрк дүйнөсүнө таанымал тарыхый инсандар тандалып, анын чыгармачылыгын жаңы муунга таанытуу максатында ар тараптуу иш-чараларынын планы бекитилип, ишке ашырылат. Анда ал инсандын тарыхый жолу кылымдан ашып, ар чейрек кылымга туш келүүсү шарт.

"2021-жылдын 16-сентябрында Өзбекстандын Хива шаарында маданият министрлеринин XXXVIII отуруму өткөн. Анда өлкөнүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жогоруда белгиленген инсандардын катарында Кыргызстандан белгилүү жазуучу, драматург Токтоболот Абдымомуновду сунуштаган. Бул сунуш катышуучулар тарабынан колдоо тапкан", — деп айтылат билдирүүдө.

СССРдин эл артисти, таланттуу балерина Айсулуу Токомбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Балет дүйнөсүнө 11 жашында аралашкан. Кайталангыс Айсулуу Токомбаева
Буга ылайык жыл бою аталган инсанга байланыштуу масштабдуу маданий иш-чаралар уюштурулуп, илимий конференциялар менен коштолот. Эске салсак, буга чейин казак акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгы, түрк элинин маданий ишмери, акын Юнус Эмренин дүйнөдөн өткөндүгүнүн 700 жылдыгы белгиленген.

Белгилүү драматург, жазуучу, коомдук ишмер, кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири Токтоболот Абдымомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке айылында туулган.

1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенген.

1939-жылы өлкөнүн Медициналык институтуна өткөн. Ден соолугуна байланыштуу 3-курстан окуусун таштоого мажбур болгон.

Чыгармачылыгы "Кумдуу чап", "Курман" пьесалары менен башталган.

Абдымомунов өмүрүнүн акырына чейин 30га чукул драмалык чыгарма жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.

Ал чыгармачылык менен катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-катчысы, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.

Известный музыкант Чалагыз Исабаев с супругой Самарой Токтакуновой и сыном Актаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Чалагыз Исабаев жубайы Самара Токтакунова, уулу Актан менен. Таберик сүрөт
Көзү өткөндөн кийин, 1991-жылы, улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдымомунов атындагы адабий сыйлыгы уюшулган.

Маданият жана искусство тармагынын өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы жогору байланып, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылган.

Ал 1989-жылы 67 жашында дүйнөдөн кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0