"Муланга" тартылган Жусупов: кыргыз каскадёрлору универсал келип өзгөчө бааланат

© Фото / Эрлан ЖусуповКаскадер группы Nomad Stunts Эрлан Жусупов
Каскадер группы Nomad Stunts Эрлан Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигине Nomad Stunts группасынын каскадёру, Азия чемпиону жана Россиянын трикинг боюнча төрт жолку чемпиону Эрлан Жусупов маек курду. Ал 21 жашынан баштап каскадёрлук менен алектенет.

Nomad Stunts каскадёрлор группасы 2000-жылы негизделген. Жигиттер Кыргызстандагы "Курманжан Датка" тарыхый тасмасынан тарта Голливуддун "Мулан" өңдүү бир катар белдүү фильмдерине чейин тартылып келишет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖусупов: Nomad Stunts каскадёрлор группасы 2000-жылы негизделген. Жигиттер Кыргызстандагы "Курманжан Датка" тарыхый тасмасынан тарта Голливуддун "Мулан" өңдүү бир катар белдүү фильмдерине чейин тартылып келишет
Муланга тартылган Жусупов: кыргыз каскадёрлору универсал келип өзгөчө бааланат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жусупов: Nomad Stunts каскадёрлор группасы 2000-жылы негизделген. Жигиттер Кыргызстандагы "Курманжан Датка" тарыхый тасмасынан тарта Голливуддун "Мулан" өңдүү бир катар белдүү фильмдерине чейин тартылып келишет

— Каскадёр болуу кыялы спорт тармагында жүрүп пайда болсо керек?

— Бул кесипти аркалашыма атам түрткү болгон. 1-класстан баштап каратэ менен, кийин бокста үч жыл машыктым. Атам 12 жашымда Оштон борбор калаага жөнөтүп, таякем акробатика мектебине киргизген. Ал жерде төрт жыл жүрүп, 16 жашка чыкканда трикинг менен машыга баштадым.

Башында каскадёр болуу кыялым деле жок болчу. Жадагалса ал тууралуу түшүнүк да болгон эмес. Мен үчүн бардык спорттун түрү кызык болчу. Ушу менен жарым жыл машыктым, таэквондодо эки жыл жүрдүм. Андан кийин трикингге кызыгуум башталды. Трикинг — бул салыштырмалуу жаңы спорттук кыймыл. Кыргызстанга Азамат Абдылдаевдин аркасы менен 2006-жылдары келди. Ал өзүнө мушташ искусствосун, гимнастика, ушу, каратэ, кунг-фу, тайбокс, брейкданс жана башка спорттук дисциплиналардын жыйындысын камтыйт. Жөн эле сальто жасап койбостон, секирип баратып тээп же жерге түшкөндөн кийин бийлеп кетиш керек. Беш жыл машыгуудан соң трикинг боюнча 2011-2014-жылдары Россияда өткөн чемпионаттарга катышып, жеңүүчү аталдым. Ал эми каскадёрлукту Зияш Ли (Зияш Турдубеков — ред.) менен баштагам. Сочидеги театрда үч жыл бийчи болуп иштегенден кийин башка багытка өтүүнү чечтим. Ал учурда 21 жашта элем. Каскадёрлук менен артыңда тарых калтыра аласың. Бул өмүргө жаралган соң бир нерсеге жетишүү керек деген ойдомун. 

© Фото / Эрлан ЖусуповЖусупов: башында каскадёр болуу кыялым деле жок болчу. Жадагалса ал тууралуу түшүнүк да болгон эмес. Сочидеги театрда үч жыл бийчи болуп иштегенден кийин башка багытка өтүүнү чечтим. Ал учурда 21 жашта элем. Каскадёрлук менен артыңда тарых калтыра аласың. Бул өмүргө жаралган соң бир нерсеге жетишүү керек деген ойдомун
Муланга тартылган Жусупов: кыргыз каскадёрлору универсал келип өзгөчө бааланат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жусупов: башында каскадёр болуу кыялым деле жок болчу. Жадагалса ал тууралуу түшүнүк да болгон эмес. Сочидеги театрда үч жыл бийчи болуп иштегенден кийин башка багытка өтүүнү чечтим. Ал учурда 21 жашта элем. Каскадёрлук менен артыңда тарых калтыра аласың. Бул өмүргө жаралган соң бир нерсеге жетишүү керек деген ойдомун

— Трикинг спорту боюнча Россиянын бир нече жолку чемпиону экенсиз. Атайын чемпионаттар көп өтүп турабы? Канча ирет катышкан соң чемпиондукка жетиштиңиз?

— Мындай чемпионаттар жылына бир-эки жолу өткөрүлөт. 2011-жылдан бери алты жыл катары менен катышкам. Россияда да эл аралык таймашка спортчуларды тандоо үчүн мелдештер болуп турат. Трикинг боюнча жеңишке жетишкендер Москвада өтүүчү америкалык чемпионатка барганбыз. Мен команданын капитаны болгом. Негизинен 2006-жылдан баштап беш жыл машыккан соң гана мелдештерге чакырылдык. Башында биз деле Москвага эл катары иштөө үчүн барып, жумуштан кийин залда таңкы алтыга же кечки 10го чейин машыкчубуз. Ал убакта организм жаш экен. Кээде жараат алып калган да учурлар болот. Негизи каскадёрлор трюк жасаганда бир жерин жабыркатып алуу тууралуу ойлонбош керек, ошол эле убакта коопсуздукту биринчи орунга коёбуз. Жаракат алган күндө да аны менен токтоп калганга болбойт. 

© Фото / Эрлан ЖусуповЖусупов: 2015-жылы Акан Сатаевдин "Районы" деген фильмине тартылууга Алматыга бардык. Бул топко ошондон кийин келгем. Nomad Stunts группасында жалпы 85 адам болсо, анын 32си кыргызстандык жигиттер
Муланга тартылган Жусупов: кыргыз каскадёрлору универсал келип өзгөчө бааланат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жусупов: 2015-жылы Акан Сатаевдин "Районы" деген фильмине тартылууга Алматыга бардык. Бул топко ошондон кийин келгем. Nomad Stunts группасында жалпы 85 адам болсо, анын 32си кыргызстандык жигиттер

— Nomad Stunts каскадёрлор тобуна кандайча кирип калдыңыз?

— Nomad Stunts группасы 2000-жылы эле түптөлгөн. Мен кийин келип кошулдум. Алматыда өткөн таймашта аталган топтун өкүлү келип калыстык кылган, бирок ал деле чакырган эмес. Ага чейин эле экшн мушташтарга кызыкчумун. Зияш Ли (Зияш Турдубеков) экөөбүз мушташ тартып интернетке салсак, абдан көп киши көрдү. Кийин экинчисин ишке ашырдык. Анан Зияш Ли мени 6-кичирайондогу машыгуучу чакан залга алып барды. Ал жактан Дамир Ашимов аркылуу Адилет Акматов деген кыргыздын кыйын жигити, каскадёр байкебиз менен тааныштым. 2015-жылы Акан Сатаевдин "Районы" деген фильмине тартылууга Алматыга бардык. Бул топко ошондон кийин келгем. Nomad Stunts группасында жалпы 85 адам болсо, анын 32си кыргызстандык жигиттер. 

© Фото / Эрлан ЖусуповЖусупов: бизде "канчалык кыйын болсо, ошончолук жакшы" деген ураан бар. Тасма учурунда ар кандай учурлар болот, суукта жука же аябай ысыкта калың кийинүүгө туура келет
Муланга тартылган Жусупов: кыргыз каскадёрлору универсал келип өзгөчө бааланат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жусупов: бизде "канчалык кыйын болсо, ошончолук жакшы" деген ураан бар. Тасма учурунда ар кандай учурлар болот, суукта жука же аябай ысыкта калың кийинүүгө туура келет

— Орто Азия менен эле чектелбей Голливуддун фильмдеринде да роль жаратып жатасыздар. Акыркысы эле "Мулан" фильми, ээ?

Көчө спорттун федерациясынын президенти Эмир Мырзабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Street workоut спортунун чеберлери: машыгуубузду президент көрүп таң калган
— Негизи мен үчүн "Мулан" голливуддук биринчи долбоор болду. Бирок биздин топтун аксакалдары Адилет Акматов, Топчубек Серкебаев, Эдил Молдалиев, Мурат Бурхановдор "Кочевники", "Конан-варвар" өңдүү тасмаларда иштеген. "Мулан" фильми тартылып баштаганда ким барары белгисиз эле. Бир күнү эле мага чалышып: "Эрлан, сүйүнчү! Муланга сен бара турган болдуң", — деп айтышты. Ал убакта "Көк бөрү" фильминде тартылып жаткам, андан кийин "Томирис" тасмасына бардык. Аны бүтүрүп эле Дубайга учуп, ал жактан Жаңы Зеландияга жеткенбиз.

Алгач үч жумадай аттарды даярдадык. Бул тасмада биз көбүнчө аттар менен гана иштедик. Аттарга тик турмай, ниндзяларды жана ниндзя атканда ок тийип аттын үстүнөн жыгылган жерлерин жана жөө согушкерлерге дублёр болдук.

Бизде "канчалык кыйын болсо, ошончолук жакшы" деген ураан бар. Тасма учурунда ар кандай учурлар болот, суукта жука же аябай ысыкта калың кийинүүгө туура келет. "Тобол" фильмине тартылууда бир ай бою Сибирдин суугунда жука кийинип жүргөнбүз. Ошол тасмада көпүрөдөн ылдый кулаганыбыз эч эсимден кетпейт. Ал эми "Томиристе" аябай ысыкта кабаттап, сыртыбыздан зоот да кийип тартылып, эки күндүн ичинде 5-6 килограмм салмак таштаганбыз. 

© Фото / Эрлан ЖусуповЖусупов: бизге чакырыктар көп келгенинин дагы бир себеби — кыргыз менен казактын каскадёрлору универсал болушат. Ал эми чет элдик каскадёрлор бир гана багыттуу
Муланга тартылган Жусупов: кыргыз каскадёрлору универсал келип өзгөчө бааланат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жусупов: бизге чакырыктар көп келгенинин дагы бир себеби — кыргыз менен казактын каскадёрлору универсал болушат. Ал эми чет элдик каскадёрлор бир гана багыттуу

— Сиздерди Орто Азиядан Голливудга чейин чакырып жатканынын себеби эмнеде? Алар силердин мыктылыгыңарды моюндаганыбы же башкалардан азыраак каражат аласыздарбы?

Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Азамат Жаналиев: колдор жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып, быштык
— Жок, каражат каскадёрлордун баарына бирдей төлөнөт. Себеби атаандаштык чоң. Азыр монголдордон да каскадёрлор чыгып, алар сумманы бир аз түшүрүп жатышат. Бизге чакырыктар көп келгенинин дагы бир себеби — кыргыз менен казактын каскадёрлору универсал болушат. Ал эми чет элдик каскадёрлор бир гана багыттуу. Nomad Stunts группасынын жигиттери ат үстүндө эркин жүрөт. Аттан жерге секирип түшүп, бийиктиктен кулап, сууга секирип, өрттөнгөн эпизоддорго дубляж жасап, согушуп жүрө беришет. Ошонусу менен айырмаланабыз. Анан кыргыздар намыскөй келебиз. Мисалы, мен "Муланга" тартылууга аттанып жатканда агайларыбыз "эми сен барып мыктылыгыңды көргөз. Сыртка чыкканда биз элибиздин жүзү жана намысы болобуз, бекем тур" деп шыктандырышкан. 

— Дублёрлукка көбүнчө кандай учурда чакырышат?

— "Каскад" деген сөз өзү француз сөзүнөн алынган. Ал "жыгылуу" дегенди билдирет. Каскадёрдун милдети — актёрду дубляж кылуу. Биз бут менен тепкенди, кол менен чапканды, жыгылганды, өрттөнүү жана жарылууда иштей алганды, жасалма жардырууну билүүбүз керек. Экшн оператор кайсы жерде кандай кармаш коюла турганын даярдап, аны тасмага түшүрүп карап чыгат. Мунун баары билим. Каскадёрлук мурда кооптуу эпизоддордо кулаган же токмоктошкон менен чектелсе азыр бул тармак да кеңейген. Негизи каскадёрлор тынымсыз, күнүнө машыгып турушу керек. Кайсы тасма болбосун дайыма даярдыкта болуу шарт.

© Фото / Эрлан ЖусуповЖусупов: азыр биздин кичинекей залыбыз бар. Каалагандар ошол жакка келип машыгып, бизден сабак ала алат. Негизи каскадёрлукту өздөштүрүү үчүн алгач спорттун бир түрү менен машыгып жүрсө бир топ жеңил болот
Муланга тартылган Жусупов: кыргыз каскадёрлору универсал келип өзгөчө бааланат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жусупов: азыр биздин кичинекей залыбыз бар. Каалагандар ошол жакка келип машыгып, бизден сабак ала алат. Негизи каскадёрлукту өздөштүрүү үчүн алгач спорттун бир түрү менен машыгып жүрсө бир топ жеңил болот

— Каскадёр болууну каалаган жаштар сиздерге кайрылса болобу?

— Азыр биздин кичинекей залыбыз бар. Каалагандар ошол жакка келип машыгып, бизден сабак ала алат. Негизи каскадёрлукту өздөштүрүү үчүн алгач спорттун бир түрү менен машыгып жүрсө бир топ жеңил болот. Жүрөгүндө жалыны барлар коркпостон бул кесипти тандап кетет. Чындыгында 20 кишинин арасынан бирөө же экөө эле калат. Абдан оор жумуш. Каскадёрлукту өздөштүрүү менен эле көлөмдүү тасмаларга тартылууга кепилдик жок. Мен "Муланга" чейин үч жыл жөн эле жүрдүм. Анан кичинекей эле эпизоддордон баштадым. Бирок кээ бирлер бир айдан кийин, айрымдар жарым же бир жылдан кийин тасмаларга чыга баштайт. Каскадёрго деле билим алып, окуп туруу абзел. Анткени дүйнөлүк кино индустрия бир жерде турбайт. Алардан калбоо үчүн дайыма алдыга чуркаш керек. Бишкекте каскадёрлордун атайын мектеби ачылса болот эле. Буга өзүбүз деле аракет кылып жатабыз, бирок мамлекеттин да колдоосу керек экен. 

© Фото / Эрлан ЖусуповЖусупов: Үсөн Кудайбергенов совет убагында эле 1500 кишини чогултуп, кастинг кылып отуруп арасынан 200 кишини тандап алган экен. Совет өлкөлөрүнүн ичинен каскадёрлук топ курап коюптур
Муланга тартылган Жусупов: кыргыз каскадёрлору универсал келип өзгөчө бааланат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жусупов: Үсөн Кудайбергенов совет убагында эле 1500 кишини чогултуп, кастинг кылып отуруп арасынан 200 кишини тандап алган экен. Совет өлкөлөрүнүн ичинен каскадёрлук топ курап коюптур

— Сиздин оюңузча кыргыз тасмалары мурунку калыбына келе алабы? Ал кезде кыргыз фильмдерин тартуу учурунда укмуштуудай кадрлар коюлган экен. Ошол эле Сүймөнкул Чокморов тартылган тасмаларды алсак...

Кыргызский каскадер, режиссер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери
— Үсөн Кудайбергенов совет убагында эле 1500 кишини чогултуп, кастинг кылып отуруп арасынан 200 кишини тандап алган экен. Совет өлкөлөрүнүн ичинен каскадёрлук топ курап коюптур. Ошондо эле кыргыздар кыйын болушкан. Азыр ал учурга салыштырмалуу алыбыз аз, бирок барган сайын өсүп жатабыз. Бизде көбүнчө тарыхый тасмаларга гана каскадёрлорду чакырышат. "Курманжан Датка" тасмасында биздин балдар иштеген. Ошондой эле кыргыз кинолорунан "Перекупщиктеги" учкан, кулаган жерлерин биз койгонбуз. Голливуддун системасы боюнча каскадёрлорго он күн мурун айтылат. Алар трюктарды даярдап, экшн операторлор тасмага түшүрүп, режиссёрлорго көргөзүп, баарын даяр кылып, анан элге тартууланат. Биздеги кино тартуучуларда андай мамиле болбой жатат.

— Тасмаларда аттар менен да ар кандай трюктар тартылат эмеспи. Аягында "фильмде бир да жаныбар жабыркаган жок" деп жазылат. Чынында эле ошондой болобу?

— Эми жаныбарлар жабыркаган учур өтө сейрек кездешет. Негизинен каскадёрлордун деле иш үстүндө каза болуп калышы толук мүмкүн. Бирок бул өтө чанда кездешкен учур. Ошол себептен кесипкөй каскадёр коопсуздук техникасын биринчи өздөштүрөт. Мен ушуга чейин 20 киного тартылсам, арасынан эки жерде гана ат жаракат алды. Калгандарынын баары аман-эсен. Негизи аттар да съемкага даярдалат, атайын адис бар. Аттарды жыгылтып, алар менен трюк жасоо Кыргызстан, Казакстан жана Россияда гана кездешет. Европа өлкөлөрүндө буга тыюу салынды. Жаңы Зеландия шаарында кадимкидей ат полициясы тасма талаасында көзөмөл жүргүзгөнүн көрдүм. "Ким атты тепсе же урса, дароо үйүнө айдайм" деп эскертип жатты. Алар чарчап калган аттарды да эс алдырууну талап кылышат. Кийин биз да буга келебиз деген ойдомун. 

© Фото / Эрлан ЖусуповЖусупов: графика өнүккөн күндө да тасмада каскадёр сөзсүз керек. Компьютердик графика колдонулган жерде деле ал каскадёрдун жардамы менен ишке ашырылат
Муланга тартылган Жусупов: кыргыз каскадёрлору универсал келип өзгөчө бааланат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жусупов: графика өнүккөн күндө да тасмада каскадёр сөзсүз керек. Компьютердик графика колдонулган жерде деле ал каскадёрдун жардамы менен ишке ашырылат

— Тасма тартууда компьютердик графика колдонуу өнүгүүдө. Бул ыкма бара-бара каскадёрлорду толук алмаштырып калбайбы?

— Графика өнүккөн күндө да тасмада каскадёр сөзсүз керек. Компьютердик графика колдонулган жерде деле ал каскадёрдун жардамы менен ишке ашырылат. Мисалы, каармандын ордуна секирген каскадёрдун артынан жип менен тарттырып койгондуктан жерге түшпөй асылып калат. Аны компьютер менен жерге түшкөндөй жасап коюшат. Бул бир аз жумушту жеңилдеткени менен баары бир жасалма экени билинип калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0