Маданият министрлиги алдыдагы иш-чаралардын тизмесин жарыялады

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүВсемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке
Всемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Жазылуу
Иш-чаралар эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, президенттин жарлыгын аткарууга жана эл аралык маданий мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жакынкы аралыкта өтө турган иш-чаралар тизмегин сунуштады.

Анын басымдуу бөлүгү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы" жөнүндө президенттин жарлыгын аткарууга жана эл аралык маданий мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чаралардын тизмеси:

Манас, Семетей, Сейтек китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Кыргызстанда алгачкы жолу семетейчилердин республикалык сынагы өтөт
22-25-сентябрь күндөрү Бишкекте Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы жана "Арт Араба" коомдук фонду менен биргеликте уюштурууда. Фестиваль Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат. Ага 20дан ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Эпос тануучулар жана окумуштуулар арасында Эл аралык илимий-практикалык симпозиум, тегерек столдор өтөт. Ошондой эле "Кыргыз көчү" этнографиялык аймагы түзүлүп, "Мыкты боз үй", "Мыкты семетейчи" жана "Саркеч көчмөн" сынактары болот.

20-25-сентябрь күндөрү "Үмүт" эл аралык жаш киночулар форуму. Ал көрүнүктүү режиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган. Анын ачылуу жана жабылуу аземи "Ала-Тоо" кинотеатрында, ал эми конкурстук көрсөтүүлөр Кино үйүндө өтөт;

1-октябрда "Манас" кинотеатрында "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы тапшырылат;

7-октябрда Бишкекте Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн ачылышы жана казак кино күндөрү өтөрү күтүлүүдө. Коңшу өлкөдөн 300гө жакын өнөр адамдары келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0