18:33 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Маданият

Чалагыз Исабаев жубайы Самара Токтакунова, уулу Актан менен. Таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (162)
560 0 0
Төрдө отурган Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамблинин негиздөөчүсү, белгилүү музыкант Чалагыз Исабаев, анын сол жагында жубайы, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана уулу Актан Исабаевдин сүрөтү 1987-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган
© Фото / из семейного архива Исабаевых

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Төрдө отурган "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин негиздөөчүсү, белгилүү музыкант Чалагыз Исабаев, анын сол жагында жубайы, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана уулу Актан Исабаевдин сүрөтү 1987-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ал кезеңди Актан Исабаев мындайча эскерет:

"Бул сүрөт жакында эле колума тийди. Мен үчүн атам менен түшкөн ар бир сүрөтүм өтө баалуу, менин жашоомдогу эң кадыр-барктуу, сүйүктүү адамым болуп кала берет. Ал кезде мен 15 жашта болчумун. Атам менен апам көп гастролдогондуктан аларды чыдамсыздык менен күтчүмүн, чет мамлекетке кеткенде айылдагы тайларымдыкына же шаарда өкүл балдарыныкына калтырып кетишчү эле. Дайыма жалгызсырап, ата-энемди сагынып жашачумун. "Эмне үчүн башка балдардай дайыма ата-энем менен бирге жашай албайм" деп ойлоно берер элем. Арадан жети-сегиз күн өтүп келип калышат. Сүйүнүп отурсак экөө кайра эле бир айга башка мамлекетке гастролго кетчү. Ал эми алардын ортодогу мамилесине, эки ак куудай өмүр сүргөнүнө көптөр суктанчу. Экөөнүн ортосу сегиз жаш айырма да. Атабыз каза болгондон кийин апам деле кусалыктан, кайгыдан артынан кетип калышы ыктымал эле. Сезими ушунчалык күчтүү болгон. Бирок үй-бүлөсүн, балдарын ойлоп, белин бекем бууп, жашоого бел байлады өңдөнөт", — деди Исабаев.

Эске сала кетсек, "Камбаркан" фольклордук тобунун түптөөчүсү Чалагыз Исабаев 1991-жылы Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 53 жашында көз жумган. Жубайлар 26 жыл бирге өмүр сүрүп, чыгармачылыкта бири-бирине жөлөк болуп, эки уулду татыктуу тарбиялаган. Улуу баласы Аслан АКШда скрипка боюнча сабак берип эмгектенсе, экинчи баласы Актан Исабаев Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн ырчы-аткаруучу.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (162)

Тема боюнча

Легендарлуу министрди жандаган таланттар. Залкарлардын таберик сүрөтү
Театр менен кинонун Толгонайлары. Курбулардын таберик сүрөтү
Жапжаш Базаровду курчаган сулуу кыздар. "Көчөдөгү" таберик сүрөт
Белгилер:
Актан Исабаев, Чалагыз Исабаев, Самара Токтакунова, таберик сүрөт

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ