Бишкекте Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган эл аралык кинофорум өтөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүРежиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев. Архив
Режиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Толук метраждуу тасмалар "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлсө, сынакка катыша турчу кыска метраждуу фильмдер Кино үйүндө тартууланмакчы.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында 21-24-сентябрь күндөрү жаш киночулардын "Үмүт" эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Билдирмеге караганда, иш-чара режиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналмакчы.

"Толук метраждуу тасмалар "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлсө, сынакка катыша турчу кыска метраждуу фильмдер Кино үйүндө тартууланат", — деп айтылат маалыматта.

Бул ирет көрүүчүлөр "Адам. Тагдыр. Жашоо" темасы тууралуу тасмаларга күбө боло алары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0