Айтматовдун мүрзөсүнүн үстүндөгү түндүктүн өз мааниси бар. Скульптор Ажиевдин маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү скульптор, КРдин эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев
Белгилүү скульптор, КРдин эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
Белгилүү скульптор, КРдин эл сүрөтчүсү Садабек Ажиевдин эмгектери өлкө аймагында гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Түркияда да кеңири таанымал. Жакында эле Түркияда Ажиев жасаган Манастын айкели коюлуп, көпчүлүктүн назарына сунушталды.

Садабек Ажиев "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин авторлорунун бири, борбор калаада орнотулган көптөгөн скульптуралар биздин каармандын колунан жаралган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы таланттуу инсан менен устаканасында маек курду.

— Манастын айкелинин бөтөн жерде орнотулуп жатышынын өзү эле толкундатчу көрүнүш. Ал эми эмгектин автору катары буга жоопкерчилик да кошулса керек. Ушу тапта эмне менен алек болуп жатасыз?

— Муну менен Түркияда Манастын экинчи эстелигин орноттук. Аны Кыргызстандан жасап алып барып койдук. Үч-төрт кыргыз ишкер демөөрчүлүк кылды, алардын арасында Темирлан Сарлыкбек уулу да бар. Андан сырткары, эл да акча чогултуптур. Биз дагы кайрымдуулук иретинде анча көп эмес акчага жасап бердик. Бөлөк мамлекетте Манас баатырдын эстелиги орнотулуп жатса, биз бери жакта жөн отура алган жокпуз. Эл жакшы кабыл алып, ыраазычылык уктук.

Азыр борбор калаада убагында бетондон коюлган Панфиловдун эстелигин коло кылганы жатабыз. Каржы жагын Россия тарап толугу менен өз мойнуна алды. Эстеликти реставрациялап Россияга жөнөттүк. Бирок ага чейин мамлекеттик органдардан уруксат кагаздарын ала албай кыйналдык. Биз тараптан бир да сом акча чыкпай койду, колдоо да болгон жок. Россиянын бир жараны акча салып кол кабыш кылды. Ал жакта колодон жасалып жатат, буюрса, жаңыланып коюлат. Ага чейин мэрия анын негизин, тегерегин жакшылап оңдоп-түзөп бериши керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин авторлорунун бири, борбор калаада орнотулган көптөгөн скульптуралар биздин каармандын колунан жаралган
Айтматовдун мүрзөсүнүн үстүндөгү түндүктүн өз мааниси бар. Скульптор Ажиевдин маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
КРдин эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин авторлорунун бири, борбор калаада орнотулган көптөгөн скульптуралар биздин каармандын колунан жаралган

— Эми чыгармачылыгыңыз жөнүндө сөз кылсак. Сиз "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин авторлорунун бирисиз. Мындай чоң ишке кандайча аралашып калдыңыз эле?

— Биринчи жолу өткөн сынакка эки эле скульптор катышкан. Кийин кайра архитекторлор арасында конкурс жарыяланып, анда Каныбек Алыкулов менен Улан Бейшенбаев утуп алган эле. Ал экөө мени жана Виктор Шестопалды скульптор катары чакырган. Ошентип аралашып калдым. Биз ошол оор заманды, эл каймактарынын азап-тозогун ачып беришибиз керек болду. Кээде бир адамдын эстелигин гана жасайбыз. Анын баскан-турганын, кулк-мүнөзүн, келбетин изилдейбиз. Ошого карата скульптурадагы кыймылын ылайыктап образ чыгарабыз. "Ата-Бейит" өңдүү мемориалдык комплексти жасоодо окуяны изилдейсиң. Ал көп убакытты, мээнетти талап кылган. Келип чыгуу себептерин, ошол жылдардагы абалды билүүгө аракет кыласың. Скульптурада ар бир фигуранын бере турган ою болот. Скульптор катары архивдик документтерди изилдеп, китептерди карап чыгып эскиздерди даярдап, негизги үч каарманды өзүм жасагам. Соңунда ал эмгегибиз үчүн эки скульптор, үч архитектор Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыганбыз. Кийин 1916-жылдагы көтөрүлүшкө арналган эмгегим да ал жерге кошулду. Негизи "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси 2000-жылы акчанын жоктугунан бетондон салынган. Келечекте аны колого которуу оюбуз бар.

Народный художник КР Виктор Шестопал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Кыргыз кызын жолуктурганым табылга болгон. Скульптор Виктор Шестопал менен маек
— Ал эмгек чынында катуу таасир этет...

— Ачылышы болгондо жазуучу Чыңгыз Айтматов да келип аябай ыйлаган. Сөз сүйлөп жатып "негизги эстеликтеги башкы айкел атама окшош экен" деген. Бирок биз аны Төрөкул Айтматовго атайын окшоштурган эмеспиз. Репрессиянын курмандыктарынын образын берген үч фигуранын эң алдында турганы тайманбас, берки жанындагы бирөөсү тизелеп калса, үчүнчүсү моюн сунуп алсырап калганын көрсөткүбүз келген. Алардын бала-бакырасы ыраазычылык билдирип, биздин эмгекти жакшы кабыл алган. Ошол эле маалда сындагандар да болгон. Мисалы, түшүп турган түндүктү көтөрүш керек деп бир топ адам кийлигишип, аны кийин жогорулатып салышты. Муну менен ал монументалдык маанисин жоготуп койду. Репрессия өзү элибиздин башына түшкөн чоң кайгы да. Ал жерде түндүк жерде жаткан жок, мүрзөнүн үстүндө турат. Канчалаган адамдар көтөргүлө деп жүрдү. Биз автордук укукту бекитип атайын кылбай жүрдүк. Кечээ жакында эле бир архитекторду президенттик администрацияга чакырып, ага басым кылып уруксат алып көтөртүштү.

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү скульптор, КРдин эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев: Түркияда Манастын экинчи эстелигин орноттук. Аны Кыргызстандан жасап алып барып койдук
Айтматовдун мүрзөсүнүн үстүндөгү түндүктүн өз мааниси бар. Скульптор Ажиевдин маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Белгилүү скульптор, КРдин эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев: Түркияда Манастын экинчи эстелигин орноттук. Аны Кыргызстандан жасап алып барып койдук

— Иштериңиздерге сын-пикир катуу эле болот экен да...

— Ооба. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнүн үстүндө турган түндүктү алып салуу аракеттери жүрүп жатат. Мааниси боюнча ал жер залкар жазуучунун акыркы үйү. Анын үстүнө түндүк коюп койсок болбойбу? Монументалдык искусство символикалык образ берет. Аны түшүнбөгөндөр толтура экен. Сүрөтчүлөр, скульптор үчүн окуянын, каармандын образын берүү өтө кыйын. Биздин эмгектер кыймылсыз, катып турат. Ал эми 1916-жылдагы көтөрүлүшкө арналган 21 метр бийиктиктеги борбордук монументте түндүктү көтөрүп, ага үзөңгүлөрдү илдик. Себеби Октябрь революциясынан кийин жаңы турмушка аттандык, өлкө болдук. Үзөңгүлөр тепкич, өз алдынчалуулукка талпынууну билдирет. Ошол маалда этнографтар "кыргыздар үзөңгүнү боз үйгө илбейт, босогого коёт" деп президентке чейин барышты. Биз аларга "этнограф менен тарыхчылар болгон нерселерди эле фиксация кыласыңар, жумушуңар ошол" деп жооп бердик. Дагы жакшы, аны ошол кездеги өлкө башчысы да түшүндү.

— Ак үйдүн жанында 7-апрелде курман болгондорго арналып орнотулган эстеликти да сиз жасагансыз да?

— Сынакта 36 катышуучунун ичинен мен утуп чыккам. Себеби башка талапкерлердин көбүнүн эмгеги курман болгондорго арналган. Мен болсо ошол балдар эмне үчүн курман болгонун көрсөттүм. Алар жаман нерсени түртүп, жакшылыкка талпынганын айткым келген. Кийин ага да түрдүү сын-пикирлер айтылды. Алар менен талашып-тартышып отурбай өзүмдүн идеям менен жасап койдум. Көлөмү кичинекей болгону эле болбосо жакшы жасалган.

— Скульпторлор жыгач, темир, таш менен иштейт. Сиз көбүнчө кайсы материалга ыктайсыз?

— Азыр эл арзан материалга качып калды. Аны менен жасалган иш да арзанга турат. Учурда көпчүлүк эмгектер пластиктен жасалып, анан түрдүү өң менен боёп коюп жатышат. Бирок мен коло менен иштөөгө аракет кылам. Анткени ал бышык, өзүнүн сапатын жоготпойт, бирок баасы кымбатыраак болуп калат. Таш аябай кымбаттап кетти. Жыгачты жеке чыгармачылык үчүн майда-бараттарда колдонобуз. Андан жасалгандарды көргөзмөгө эле койбосоң, сырттан көргөзө албайсың.

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев: жакында эле Түркияда чоң музей ачылды. Андагы 250 скульптураны үч жылдын ичинде кыргызстандык балдар жасады
Айтматовдун мүрзөсүнүн үстүндөгү түндүктүн өз мааниси бар. Скульптор Ажиевдин маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
КРдин эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев: жакында эле Түркияда чоң музей ачылды. Андагы 250 скульптураны үч жылдын ичинде кыргызстандык балдар жасады

— Скульптура маданияттын бир ажырагыс бөлүгү, элге идеологиялык, улуттук баалуулуктарды бере турчу курал эмеспи. Негизи ага кандай мамиле жасашыбыз керек?

— Менин оюмча, аны сындырып, талкалоо, алып салуу туура эмес. Анткени тарых деген басып өткөн жол. Тескерисинче, жанына жаңысын орнотуш керек. Жаштар аларды көрүп тарыхын билет. Аларды алып салсак, өсүп келе жаткан муунду кантип тарбиялайбыз. Жакында эле Түркияда чоң музей ачылды. Андагы 250 скульптураны үч жылдын ичинде кыргызстандык балдар жасады. Ичинде түрктөрдүн байыркы баатырларынан баштап кийинки ырчылары, коомдук ишмерлери, түрк элинен чыккан атактуу инсандардын айкелдери чоң залга орнотулган. Арасында Чыңгыз Айтматов, Жусуп Абдрахманов да бар. Кошумча тарыхый элементтер, сүрөттөр коюлуп жасалган. Босогосун аттасаң эле түрк дүйнөсүнө киргендей болосуң. Муну менен алар жаштарын тарбиялайт, кызыктырат. Биз деле Манастан баштап атактуу адамдарды, урунттуу тарыхый окуяларды көргөзүп койсок сонун болмок. Азыр чоң соода борборлорду салып тарыхта калбайсың. Мисалы, Россиядагы эң чоң меценаттар Павел Третьяков, Савва Морозов, Савва Мамонтов орустардын маданиятын, көркөм өнөрүн көтөргөн. Алардын ысымдары азыркыга чейин элдин оозунан түшпөй келет. Скульпторлор деле коммерциялык буюртмалардын, акчанын артынан сая түшпөй, элге арнап бир нерсе жаратканга аракет кылышы керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев: музейдин ичинде түрктөрдүн байыркы баатырларынан баштап кийинки ырчылары, коомдук ишмерлери, түрк элинен чыккан атактуу инсандардын айкелдери чоң залга орнотулган. Арасында Чыңгыз Айтматов, Жусуп Абдрахманов да бар
Айтматовдун мүрзөсүнүн үстүндөгү түндүктүн өз мааниси бар. Скульптор Ажиевдин маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
КРдин эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев: музейдин ичинде түрктөрдүн байыркы баатырларынан баштап кийинки ырчылары, коомдук ишмерлери, түрк элинен чыккан атактуу инсандардын айкелдери чоң залга орнотулган. Арасында Чыңгыз Айтматов, Жусуп Абдрахманов да бар

— Учурда Улуттук көркөм сүрөт академиясында да иштеп жатасыз, сыймыктанган шакирттер арбын эле болсо керек?

— Ооба. Академияда кесиптештерим менен тарбиялаган таланттуу балдар жок эмес. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин да жөндөмү бар, көзү курч балдарга жол көрсөтүп чогуу иштеп жатабыз. Алар Түркия, Казакстандагы буюртмаларды аткарып жүрүшөт. Биздин ишибизди улачу келечегибиз да ошолор.

Жаңылыктар түрмөгү
0