Ысык-Көлдө Улуттук музей форуму өткөрүлөт

© Sputnik / Михаил ДудинПляжный сезон на Иссык-Куле
Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Иш-чара көз карандысыз коомдук жана маданий мекемелер катары музейлердин ролун күчтөндүрүү максатын көздөйт.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө 8-11-сентябрь күндөрү Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында "Туруктуу музей: аймактарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү" аттуу биринчи Улуттук музей форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Архивное фото известного государственного деятеля Исхака Раззакова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Исхак Раззаковдун 111 жылдыгына карата виртуалдуу көргөзмө ачылды
Форум Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда башталып, Борбордук Азия университетинин Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмү тарабынан түзүлгөн "Эсте калган элестер" аттуу Үркүн элдик боштондук кыймылынын интерактивдүү көргөзмөсүнүн ачылышы менен Каракол шаарында уланат.

Иш-чара көз карандысыз коомдук жана маданий мекемелер катары музейлердин ролун күчөтүү максатын көздөйт.

"Музейлерибизди жана алардын уникалдуу коллекцияларын сактоо жана өнүктүрүү боюнча аракеттерибизди бириктире турган масштабдуу музей форуму уюштурулат. Тармактын көйгөйлөрүнө жана ийгиликтерине көңүл бурулуп, бул жаатта иштер жандандырылат. Музей иштеринде, албетте, ийгиликтер бар, бирок облустук музейлердин ишмердүүлүгү тууралуу толук маалымат жок", — деп белгиленет билдирүүдө.

Форумга Кыргызстандын бардык аймактарынан келген музей адистери катышат. Учурда өлкөдө 58 мамлекеттик жана ар кандай профилдеги 100дөн кем эмес музей бар.

Министрлик форумга катышуу үчүн музейлердин алдыңкы эксперттери чакырыларын, алар кийинчерээк өз аймактарында музей ишин өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн ресурстук методикалык борборлорго айланарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0