02:34 08 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7971
  • EUR95.6130
  • RUB1.1437
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
138 0 0

Фильм Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде 2020-жылы тартылып, буга чейин да бир нече эл аралык кинофестивалдарга катышкан.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Москвада өткөн "Биз жашайбыз!" аттуу кинофестивалда кыргызстандык "Шамбала" тасмасы эки сыйлык алып келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы тарабынан режиссер Артыкпай Сүйүндүков тарткан "Шамбала" толук метраждуу тасмасы 27-августтан 3-сентябрга чейин Москвада өткөн "Биз жашайбыз!" аттуу 10-кинофестивалга катышкан.

"Тасма "Толук метраждуу кинодо мыкты операторлук иш үчүн" аттуу номинацияны жеңип, операторлор Акжол Бекболотов менен Мурат Алиев кинофестивалдын дипломдору менен сыйланышты. Ал эми режиссер Сүйүндүков "Толук метраждуу фильмдердин конкурсунда фестивалдын президентинин сыйлыгына" ээ болду", — деп айтылат маалыматта.

Фильмдин операторлору буга чейин Испанияда өткөн Imagine India Film Festival эл аралык кинофестивалында да "Мыкты камералык чыгарма" номинациясын жеңип алышкан.

Белгилей кетсек, "Шамбала" толук метраждуу тасмасы өзү буга чейин "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясын алып, "Ника" сыйлыгына татыктуу болгон.

Ошондой эле башкы каарман Шамбаланын ролунда ойногон Артур Аманалиев калыстар тобунун атайын диплому менен сыйланган. Эң мыкты музыка үчүн сыйлык композитор Мурзали Жээнбаевге ыйгарылган.

"Шамбала" фильми 2020-жылы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылган.

Тема боюнча

Мерьем Узерли Бишкектеги күйөрмандары менен эмнеге жолукпай турганын айтты
Кулмендеев: Кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт
Белгилер:
"Шамбала" тасмасы, Москва, кинофестиваль, Артыкпай Сүйүндүков, сыйлык, номинация

ЭҢ МААНИЛҮҮ