Бишкекте "Ак Мөөр" опера-дастаны коюлат

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики"Ак Мөөр" операсы. Архив
Ак Мөөр операсы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Жазылуу
Спектакль 5-сентябрда, жекшемби күнү, саат 17:00дө башталат. Ал Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата коюлуп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Жумакадыр Каниметовдун "Ак Мөөр" спектакли көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Билдирмеге караганда, опера-дастан 5-сентябрда, жекшемби күнү, саат 17:00дө башталат. Ал Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата коюлуп жатканы айтылды.

Эл артисти Жумакадыр Каниметов опера-дастандын дирижёр-коюучусу, ал эми режиссёру Искендер Сартбаев. Либреттону КР эл акыны Акбар Рыскулов жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0