Айтурган Темировага Франция сыйлык ыйгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз эл артисти Айтурган Темирова. Архив
Кыргыз эл артисти Айтурган Темирова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Искусство жана адабияттын офицери" наамы — Франциядагы ведомстволук сыйлык. Аны аталган өлкөнүн Маданият министрлиги ыйгарат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Франциянын Маданият министрлиги Кыргыз эл артисти Айтурган Темировага "Искусство жана адабияттын офицери" ( L'Ordre des Arts et des Lettres) наамын ыйгарды. Бул туурасында Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус Facebook тармагындагы баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, бул наам актрисанын кино тармагындагы 50 жылдык карьерасына арналган.

"Франция кинокарьерасынын 50 жылдыгын белгилеп жаткан улуу актриса Айтурган Темировага "Искусство жана адабияттын офицери" наамы ыйгарды. Кымбаттуу Айтурган, куттуктайм", — деп жазган элчи.

"Искусство жана адабияттын офицери" наамы — Франциядагы ведомстволук сыйлык. Аны аталган өлкөнүн Маданият министрлиги берет.

Жакында эле маданиятка сиңирген эмгеги үчүн Айтурган Темировага III даражадагы Манас ордени ыйгарылды.

Айтурган Темирова — советтик жана кыргызстандык актриса. Ал өзүнүн "Снайпер", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Бөрү зындан" жана башка тасмалардагы ролдору менен элге белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0