Театр менен кинонун Толгонайлары. Курбулардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

СССРдин эл артисти, белгилүү актриса Даркүл Күйүкова менен театр жылдызы Бакен Кыдыкееванын сүрөтү 1979-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Таланттуу инсандар ал жылдары Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп, сахнада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовтун чыгармасынын негизинде коюлган "Саманчынын жолу" спектаклинде роль жаратчу.

Ошол кезеңди Даркүл Күйүкованын уулу, КРдин эмгек сиңирген артисти Рыспек Абдубачаев мындайча эскерет:

"Апам менен Бакен эже жакын курбулардан болчу. Экөө тең Төкөлдөш айылында туулуп-өскөн. Бир туугандай болуп, эже биздин үйгө келип акылдашып, сырдашып отуруп калышчу. Театрда көп жыл чогуу иштеп, чыгармачылыкта бирге жүрүштү. Апам "Саманчынын жолу" спектакли театрда коюла баштагандан тарта эле Толгонайдын ролун узак убакыт аткарып жүрдү. Анын аркасы менен далай ийгиликтерди багындырган. Бир күнү Москвадан жогорку окуу жайды жаңы эле бүтүп келген Геннадий Базаров апама "Саманчынын жолу" тасмасынын сценарийин көтөрүп келип, кинодо Толгонайдын ролун аткарып бериңиз деп калды. Апам "менин ал образды сахнада ойногонум эле жетишет. Ушуну Бакенге берип койгула" деп айткан. Мындай жоопту уккан кинорежиссер аябай таң калып, "кандай кең пейил, айкөл адамсыз" дегени эсимде", — деди Абдубачаев.

Эске сала кетсек, Даркүл Күйүкова "Саманчынын жолундагы" Толгонайды театрда ойноп жүрүп, 1967-жылы СССРдин эл артисти наамына татыган. Аталган спектакль Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эле 30 жылдай коюлуп, бир катар сынактардан байгелүү кайткан.

Ал эми Бакен Кыдыкеева кинодо Толгонайдын образын жаратып СССРдин эл артисти наамына ээ болуп, ошол ролу үчүн Бүткүл Союздук фестивалда "Аялзаттын эң мыкты образы" номинациясында жеңишке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0