44 акындан суурулуп... Эл аралык айтышта күч сынашчу 8 төкмө аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭтнофестиваль "Тескей жээк" на южном берегу Иссык-Куля
Этнофестиваль Тескей жээк на южном берегу Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Жазылуу
Буга чейин өткөн тандоо турунда баш-аягы 44 акын катышкан. Катардан озуп, жогорку упай алгандардын тизмеси жарыяланды.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Августтун акыркы айларында өтө турган XIV Эл аралык айтышка катыша турган сегиз акын аныкталганын "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов тастыктады.

Анын айтымында, буга чейин өткөн тандоо турунда баш-аягы 44 акын катышкан. Катардан озуп, жогорку упай алгандардын тизмеси жарыяланды.

  • Амантай Кутманалиев — 70 упай;
  • Баян Акматов — 70 упай;
  • Акматбек Султан уулу — 70 упай;
  • Асылбек Маратов — 70 упай;
  • Жылдызбек Төрөканов — 70 упай;
  • Турат Жумаев — 69 упай;
  • Кубат Тукешов — 69 упай;
  • Мундузбек Борончуев —  69 упай.

Ала-Тоо аянтындагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Парад, айтыш, кино. Эгемендүүлүк майрамында өтчү иш-чаралардын тизмеси
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган акындар сынагын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Республикалык "Айтыш" коомдук фонду менен биргеликте уюштурууда.

Эгемендүүлүк майрамынан тышкары, бул иш-чара аталган фонддун 20 жылдыгына, Көкө уулу Өтө (Жеңижок) акындын 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналат.

Байге фонду 3 миллион сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0