11:58 26 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Маданият

Жумакматовдун ордуна оркестр башкарган Байжиев. Залкарлардын таберик сүрөтү

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (156)
74 0 0
Белгилүү төкмө акындар: Замирбек Үсөнбаев, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана жазуучу Мар Байжиев
© Sputnik / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Белгилүү төкмө акындар: Замирбек Үсөнбаев, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана жазуучу Мар Байжиевдин сүрөтү 1984-жылы Чүй облусундагы Ала-Арча капчыгайында тартылган.

Ал жылы кинорежиссер Артыкбай Сүйүндүков кинодраматург Мар Байжиевдин сценарийинин негизинде "Кыргызстандын искусствосу" аттуу тасма тарткан.

КРдин эл артисти ошол учурду мындайча эскерет.

"Ккинофильмге атагы алыска тараган Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, Кыргыз академиялык симфониялык оркестри, филармониянын темир комузчулар ансамбли, опера жана балет театрынын солисттери, төкмө акындар катышкан. Арасында дирижер Асанкан Жумакматов, опера ырчысы Болот Миңжылкыев, Кайыргүл Сартбаева, комузчу Самара Токтакунова, балерина Айсулуу Токомбаева бар болчу. Биз тарткан тасманын аркасы менен алар жамаат болуп эс алышып, кооз жерлерде чогуу болушкан. Андагы кадрлар азыр алтын фонддо сакталып турат. Ошол жылдар кыргыз маданиятынын дүркүрөп турган учуру болчу", — деди Сүйүндүков.

Ошондой эле ал иштин жүрүшү Компартиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин жеке көзөмөлүндө болгонун кошумчалады.

Ал эми КРдин эл жазуучусу Мар Байжиев дирижер Асанкан Жумакматов тик учак менен учуп кетип оркестрди өзү башкарганын айтат.

"Бир жолу күн бүркөлүп киночулардын иши токтоп калды. Дирижер Асанкан Жумакматов режиссерлор болуп тик учакка түшүп алып жаратылыш көргөнү кетип калган. Көп өтпөй күн чайыттай ачылды. Элди чогулта калып өзүм дирижер, режиссер боло калып керектүү кадрларды тартып алгам. Негизи чоң концерт коюп, аны тасмага айлантканбыз", — деди Байжиев.

Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата камерага түшүрүлгөн кинокартина Ысык-Көлдүн Көк-Жайык жайлоосунда, Нарындагы Соң-Көлдө, Чүйдүн кооз капчыгайларында тартылган.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (156)

Тема боюнча

Орозбек Кутманалиев 11 уул-кызы менен. Үй-бүлөнүн таберик сүрөтү
Мүнөзү оор, ишке так Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Бала-чакасы менен айлап гастролдогон актёрлор. Нарында тартылган таберик сүрөт
Белгилер:
таберик сүрөт, тасма, Мар Байжиев, төкмө акын, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ