23:48 26 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.4100
  • EUR99.5152
  • RUB1.1392
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
28210

Кыргыз проза, поэзия, драматургиясынын баштоочуларынын бири Сыдык Карачев басма сөздүн калыптануусунун да башында турган. Бир нече тилде жаза билген чыгармачыл инсан репрессияга чейин 39 жылдык өмүрүндө бир катар эмгектерди жараткан.

Тагдыры аянычтуу аяктаган Сыдык Карачевдин чыгармачылыгы жана өмүрү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхый инсанды изилдеген тарыхчы, жазуучуларга жана УКМКнын архивдик маалыматтарына таянуу менен факты даярдаган. 

Один из пионеров кыргызской прозы, поэзии и драматургии Сыдык Карачев
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
Кыргыз проза, поэзия, драматургиясынын баштоочуларынын бири Сыдык Карачев

Көпчүлүккө белгисиз өмүр. Сыдык Карачев 1899-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы азыркы Жылуу-Булак айылында туулган. Ал кичинесинде эле ата-энесинен жетим калып, татар мугалимдин колунда тарбиялангандыгы ачык булактарда айтылып келет. Бирок анын бала чагы, үй-бүлөсү тууралуу толук маалымат жокко эсе жана так маалымат аз. Мүмкүн чыгармаларында учкай, жашыруун берилгендир. Бирок азыркыга чейин бул жагы жакшы изилдене элек.

Билими. Карачев эс тартканда Каракол шаарына келип татар мугалимдикине үй кызматкери болуп орношуп, анын жардамы менен шаардагы жаңы тартип (жадид) татар мектебинен билим алгандыгы жазылып жүрөт.

Ал эми УКМКнын архивдик маалыматында, Карачевдин 1907-жылдан 1913-жылга чейин Караколдун татар орто мектебинде жана 1914-жылдан 1915-жылга чейин Караколдун орус-тузем орто мектебинде окугандыгы айтылат. Демек, ал сегиз жашынан эле билим уясынын босогосун аттаган.

1918–1919-жылдары Алматы шаарындагы татар педагогикалык окуу жайын аяктайт. Аны 16 жашында толук орто билимдин, ал эми 20 жашында жогорку билимдин ээси болгон деп айтууга негиз бар.

Тарыхчы Аида Кубатованын айтымында, Карачевдин өзгөчөлүгү Октябрь революциясына чейин билим алгандыгында. "ХIХ кылымдын аягы, ХХ кылымдын башында Россиянын курамындагы мусулмандардын ичинде агартуучулук жадид кыймылы башталган. Анын башында крым-татарларынан чыккан Исмаил Гастринский турган. Ага чейин балдарга куранды гана окутуп келишсе, Гастринский башында турган кыймыл мектептерди реформалоо ишин жүргүзгөн. Ошентип светтик предметтер окутула баштайт. Сыдык Карачев Караколдо ошондой мектепте билим алган деген божомол бар. Салык деген татардын колунда кызмат кылып жүргөн деген маалыматтар жазылат. Ал Караколдогу жаңыча билим берүүчү мектептин мугалими Салих Надыршин болушу ыктымал. Сыдык ошол Надыршиндин колунда кызмат кылып, анын аркасы менен Октябрь революциясына чейин эле билим алып калган өңдөнөт. Анткени Карачев жаңы усулдагы билим алган кыргыздын алгачкы чыгармачыл жаштарынан болгон", – деди Кубатова.

Жадид кыймылы агартуучулуктан тышкары бара-бара саясатка да аралаша баштаган.

Пишпек уездик Аткаруу комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбеков кызы Рафа менен. Архив
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Е. Фоменко
Саякбай Каралаев менен аскерде. Революциядан кийин Алматыдагы "Көмек" гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп эмгектенип, андан кызыл аскерлердин катарына чакырылган. 1919-жылы атуулдук согуш курчуп турган мезгилде Кызыл гвардия бөлүмү түзүлүп, ага Карачев да катталат. 1920-жылы Ташкент шаарындагы Аскердик курсту окуп "взводный командир" наамын алып чыккан. Ушул жерден Карачев улуу манасчы Саякбай Каралаев, темир комузчу Адамкалый Байбатыров менен бирге аскердик машыгуудан өтүп, кийин ак гвардиячыларга каршы согушуп, Бухара эмирлигин кулатууга катышкан. 1921–1923-жылдары Фергана басмачы фронтунда да болгон.

"Сыдык Карачев кыргыздардан чыккан орусча, татарча жана казакча жаза билген биринчи сабаттуу адам болгон. Саякбай Каралаев экөө Казакстанда армияда жүргөндө, Карачев Алматыда чыккан "Көмек" гезитинде иштеген. Гезиттин бир бети кыргызча чыгып тургандыктан аны Карачев караган. Аскердик форма кийип алып иштептир", — деп белгилейт жазуучу Самсак Станалиев.

Саясий кодулоого кабылган чыгармачылык. Сыдык Карачевдин алгачкы ыры 1918-жылы татар тилиндеги "Шуро" гезитине жарык көргөн. Ал башында жалаң казак, татар тилдеринде жазган. Анткени бул мезгилде кыргыз басма сөзү али баш көтөрө элек болчу. 1919-1920-жылдары "Көмөк" гезитине анын "Сүйгөнүнө кошула албады", "Үйлөнүүдөн качты", "Алданган нур кызы", "Күкүк менен Зейнеп", "Ысык-Көл боюнда" аттуу аңгемелери басылып чыккан. Жазуучунун "Шаңдан, жүрөк", "Аялдар салтанаты", "Айылдагы курбума", "Досума" аттуу ырлары дагы бар.

Сыдык Карачев тунгуч прозаик жана кыргыз профессионалдык адабиятынын баштоочуларынан болуп эсептелинет. Ал адабий чөйрөгө прозаик катары "Үйлөнүүдөн качты", "Сүйгөнүнө кошула албады", "Эрик таңында", айрыкча "Эрксиз күндөр" повести менен таанылган. Анын "Эрик таңында" жана "Эрксиз күндөр" чыгармалары өзүнчө китеп болуп чыккан. Кыска өмүрүндө ал "Борч", "Теңдик жолунда", "Төрага Зейнеп" аттуу пьесаларды жазган. Ошондой эле чет элдик акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон.

Касым Тыныстанов менен Сыдык Карачевди кыргыз совет адабиятынын баштоочулары катары атаган белгилүү сынчы Салижан Жигитов качанкы бир кезде айып тагылган "Ах, милдетим", "Өткөн күндү сагынып" деген ырларына жана чыгармаларына тагылган контрреволюциячыл, улутчул, феодалчыл деген майда айыптар кийин акталгандыгын белгилейт. Чындыгында бул чыгармаларда элинин өткөнүн эскерип, түркөй жактарына кейүү жана мыкты сапаттарына суктануу, эргүү гана камтылган.

"Кыргыз жаштарынын арасында Сыдык Карачевдин бедели абдан бийик болгон. Анын "Үйлөнүүдөн качты" деген чыгармасында жадид мектептери менен эскиче окуган кадимки мектептердин ортосунда жана орус-тузем мектептери менен кандай айырмачылыктары болгондугу тууралуу жазат. Сыдык Карачев ошол убактагы кырдаалды абдан таамай чагылдырган. Бирок бул чыгармасы совет бийлигинен кийин жарык көргөн. Аны деле көбү түшүнгөн эмес. Себеби убагында жадидчилик кыймылын изилдөөгө, окууга тыюу салынган. Муну кийин эле Салижан Жигитов баштаган адабиятчылар карап чыкты. Кыргыз поэзиясынын, прозасынын, драматургиясынын башында Сыдык Карачев турган", — деп белгилейт тарыхчы Аида Кубатова.

Сыдык Карачевдин чыгармачылыгынын кендирин кескен саясий айыптар, аны бир топ чыгармаларды жазуудан алыстаткан экен. 1928-1929-жылдар Карачевдин чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру катары сүрөттөлөт.

Актриса Айша Карасаева жана филолог Кусеин Карасаев. Архив
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
Карачев котормо ишинде. Ар кандай саясий кодулоо, айыптоодон улам Карачев өмүрүнүн акыркы жылдарында чыгарма жазбай калган. Тек котормо менен алектенип, Лев Толстойдун "Шалпаң кулак" аңгемесин, Антон Чеховдун "Талаа" повестин, Островскийдин "Болот кантип курчуду" романын, Брет Гарддын "Самед кызы" жана Рамен Ролландын "Жан Кристоф" романдарынан үзүндү которгон. Александр Пушкиндин "Бекетчи" аңгемеси менен "Дубровский" повести Карачевдин котормосунда 1937-жылы китеп болуп чыккан. Бул анын акыркы эмгеги.

1937-жылы Жазуучулар союзуна алгач ирет мүчө болгондордун арасында Карачев да бар. Бирок Станалиевдин айтымында, Касым Тыныстанов менен Сыдык Карачевди Аалы Токомбаев союздан чыгарып салган да жайы бар экен.

"Борч" спектакли жана Нагима Айтматова. Сыдык Карачевдин чыгармаларынын бир катары Совет өкмөтүнө чейин жарык көргөн. Аны драматург катары да билебиз. Убагында Татарстанда бир пьесасы театрда коюлгандыгы тууралуу гезитке маалымат чыккан. Бирок ал кайсы пьеса болгондугун Сыдык Карачевди изилдеген Салижан Жигитов, Абдыганы Эркебаев жана Самсак Станалиев да таба алышкан эмес.

"Ал мезгилде кат-сабаты жоюлган жаштар чыгармаларын татар тилиндеги гезит-журналдарга жарыялашкан. Карачевдин татар тилинде жазылган "Борч" пьесасы азыркыга чейин табыла элек. Бирок татар соодагерлеринин турмушу тууралуу жазылгандыгын айтып жүрүшөт. Чындыгында Караколдо татар соодагерлери көп болгон. Кийин окумуштуу А. Ярковдун изилдөөлөрүндө Төрөкул Айтматовдун жубайы Нагима Айтматова да ушул спектаклде роль аткаргандыгы жазылган. Нагима Айтматованын агалары ошол учурда Караколдо драма ийримдерин уюштурушкан экен. Негизинен жадидчилердин дагы бир өзгөчөлүгү драмалык ийримдерди өткөрүп турушкандыгында жатат. Мындай саамалык Орто Азияда эң биринчилерден болуп Ташкентте уюшулган. Кийинки маалыматтар боюнча Караколдо да болгон. Бул тууралуу Роза Айтматовадан сураганымда: "апам "спектаклде катышкам" деп айткан", —  деди. Менимче, Нагима Айтматова да убагында жадидчилердин активдүү өкүлү болгон", — деди Кубатова.

1932-жылдары Карачевдин эки спектакли Кыргызстанда коюлган.

"Эркин-Тоонун" алгачкы жооптуу редактору. "Эркин-Тоо" гезитинин 1924-жылдын 7-ноябрындагы алгачкы санына Аалы Токомбаевдин "Октябрдын келген кези" деп аталган ыры жарыялангандыгы жана гезиттин атын Ишенаалы Арабаев койгондугу маалым. 1924-жылы Түркстан автономиясы өз алдынча республикаларга бөлүнө баштаганда ушул жылдын 14-октябрында Кара кыргыз автоном облусу да түзүлүп калган. Андан кийин эле кыргыз тилиндеги басма сөздүн болушуна ынтызарланган ошол убактагы окуп, билим алган сабаттуу жаштардын аракети менен Ташкент шаарында алгачкы кыргыз тилдүү басылма "Эркин-Тоо" гезити жарыкка чыккан. Тунгуч басылма араб арибинде жарык көрөт (кыргыздар 1929-жылга чейин араб арибин, андан 1940-жылга чейин латын тамгасын колдонгон). Ага чейин кыргыз акын-жазуучулары татар, казак тилиндеги басылмаларга чыгармаларын жарыялап келишкен. Булардын арасында Сыдык Карачев да бар. Гезиттин редактору болуп Осмонкул Аалиев дайындалса, жооптуу редактору катары Сыдык Карачев бекитилген. Аалиев Карачевди атайын Караколдон алдырса, корректор катары Ташкентте окуган Мустафа Акматовду жана кабарчылыкка Кусейин Карасаевди чакырат. Сыдык ошол кезде Алма-Ата, Ташкент шаарларында чыгып турган "Көмек", "Тилчи" аттуу гезиттерге ырларды, чыгармаларды жазып турган акын-жазуучу катары басма ишин жакшы билген. Ошентип алгачкы гезиттин чыгышын Ишенаалы Арабаев, Осмонкул Аалиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев, Мустафа Акматов ишке ашырган.

Карачев "Эркин-Тоо" гезитинде алты жыл эмгектенип, кийин 1930-жылы Оштогу "Кызыл пахтачы" гезитине жооптуу редактор болгондугу да ачык булактарда жазылып калган.

Үй-бүлөсү. Сыдык Карачевдин атасы 1916-жылга чейин бардар турмушта жашагандыгын тарыхый инсанды көп жыл изилдегендердин бири, кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев билдирди.

Анын айтымында, Сыдыктын атасы Карач 1916-жылдагы Үркүндө Кытайга качып барып кайра мекенине кайта албай калган.

"Сыдык Карачевди изилдеп туулган айылына эки жолу барып келдим. Оозеки уккан маалыматым боюнча, ал киши Тохтухан аттуу татар кызга үйлөнгөн. Аялы да билим алган, сабаттуу адам болгон. Экөө балалуу боло албай жүрүп татар бала багып алышкан экен. Бирок кийинчерээк бакма баласы Россияга кетип калыптыр. Ошону менен ал тууралуу маалымат жок", — деди Станалиев.

Карачев тууралуу УКМКнын архивине кат жолдогонубузда анын үй-бүлөсү, жеке жашоосу тууралуу төмөнкүдөй маалыматтар келди.

УКМКнын архивинде Сыдык Карачев 1899-жылы Түп районуна караштуу Тогузбаев айылдык кеңешинин Орал кыштагында (Арал кыштагы Орал деп жазылып калышы мүмкүн. Анткени Ысык-Көлдүн Түп районунда азыр да Тогузбай, Арал айылдары бар — ред.) кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгандыгы белгиленет.

"Үй-бүлөсү төмөнкүдөй курамда болгон: жубайы Тохтахан 31 жашта, жолдошу менен жашаган. Кызы Роза 11 жашта. Ал эми агасы Урмамбет 55 жашта", — деп жазылат.

Архивдеги Сыдык Карачевге козголгон кылмыш ишинин иш кагаздарында да кызы менен Урмамбет аттуу агасынын аты аталууда. Бирок Роза аттуу кызы өзүнүкүбү же багып алганбы, белгисиз.

Репрессияланышы. Убагында Касымалы Баялиновдун "Ажар" повести менен бирге эле Карачевдин "Эрик таңында" повести катуу сынга алынып, ошол кездеги бийликтин тепкисине кабылган. Болот Абдрахмановдун "Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары" (1920-1953-жж.) аттуу 10 томдук китебинде берилгендей, Сыдык Карачевдин маалыматы КГБнын архивинде (№7439) сакталган.

УКМКнын архивдик маалыматында: "1937-жылдын 14-августунда Кыргыз ССРинин Ички иштер элдик комиссариаты Фрунзе шаарында Сыдык Карачевди камакка алган.

1938-жылдын 10-февралында Кыргыз ССРинин Ички иштер элдик комиссариатынын "Үчтүк" чечими менен "Жергиликтүү элдин арасында совет бийлигине каршы контрреволюциялык үндөө жүргүзгөндүгү үчүн" РСФСР Кылмыш-жаза кодексинин 58–10-беренеси боюнча эң жогорку жаза чарасы атууга жана конфискацияга мүлкү алынсын деген өкүм чыгарылган.

Жаза өкүмү 1938-жылдын 14-февралында аткарылган (жаза өкүмү кайсыл жерде болгону жана сөөгү коюлган жери тууралу маалымат архивдик кылмыш ишинин иш кагаздарында көрсөтүлгөн эмес).

1957-жылдын 23-мартында Кыргыз ССР Жогорку сотунун Президиумунун чечими менен 1938-жылдын 10-февралындагы Кыргыз ССРинин Ички иштер элдик комиссариатынын "Үчтүк" өкүмү жокко чыгарылсын, иш-аракетинде кылмыштын белгилери жок болгондугуна байланыштуу кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылсын деген токтому чыгарылган", — деп жазылат.

Демек, Карачев 1937-жылы камакка алынып, бир жыл кыйноо көрүп 1938-жылы атууга кеткен.

Ошондой эле Сыдык Карачевдин туулган жылы да 1900 же 1901-жыл деп ар кандай белгиленип келген. Бирок УКМКнын архивиндеги так маалыматта 1899-жылы туулган деп берилет.

Тема боюнча

Жүрөккө ок жеп, жашыруун көмүлгөн. Төрөкул Айтматов тууралуу 17 факты
Белгилер:
Каракол, репрессия, чыгарма, "Эркин-Тоо" гезити, Сыдык Карачев

ЭҢ МААНИЛҮҮ