Мүнөзү оор, ишке так Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган. Ал жерде киночулар душмандардын кыргыз айылына кол салган эпизодун камерага түшүргөн.

Ал жылы сүрөттөгү инсандар Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" кинофильмин тартууга киришип, буга мамлекеттен 600 миң рубль бөлүнгөн.

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор Манасбек Мусаев ошол учурду мындайча эскерет.

"Мен көп кыргыз режиссерлору менен иштештим. Оператор катары Болот Шамшиев менен эмгектенүү мен үчүн ырахат болчу, аны менен чыгармачылыгымдын мыкты жылдары өттү. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун аяктап келип эле көркөм фильм тартууну "Ысык-Көлдүн кызгалдактарынан" баштагам. Ошондо бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп, кийин башка тасмаларда дагы иштешип достошуп калдык. Чынын айтканда, азыр Шамшиевдей таланттуу режиссёр жок. Мүнөзү оор деп коюшчу, бирок ар бир адамдын эле өзүнө тиешелүү кулк-мүнөзү болот. Биринчиден, ал ишке так болчу. Тасма тартуу процессинде ондогон адис, артист иштейт, баарына аябай катуу талап койчу. Союз тарап кетип Болот 20 жылдай тасма тартпай жүрүп, мени жети-сегиз жыл мурун бир эмгектин үстүнөн иштөөгө чакырган. Мен кубануу менен сунушун кабыл алып, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги жумушуман арыз жазып чыгып кеткем. Жумушту заманбап техника менен баштаганбыз. Болоттун жакшы жагы — эпизоддор толук даяр болмоюнча ишти баштачу эмес, тасма тартууга өтө кылдат мамиле кылчу. Бир жолу Геннадий Базаров эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, дүйнөдөгү мыкты режиссёрлордун ичинен ким менен иштешмексиң деп сурап калды. Мен ага "убагында япониялык атактуу режиссёр Акира Курасава, америкалык Джордж Кьюкордун иштегенин көрүп калгам. Далай ата мекендик режиссёрлор менен тасма тарттым, бирок Болот менен фильм жаратмак элем деп жооп бергем", — деди Мусаев.

Ал жылы режиссёр Шамшиев 34, оператор Мусаев 33, Жамгырчинов менен Хусанбаев 25 жашта болгон.

"Ак кеме" тасмасы 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Тренто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандардын айрымдары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0