Бишкек мэриясы "Наристе манасчы" сынагын жарыялады. Шарты

Жаш манасчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Катышуучулар өзү тууралуу маалымат менен манас айткан видеосун мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырышы керек.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Балдарды коргоо майрамына карата Бишкек шаарынын мэриясы "Наристе манасчы" шаардык сынагын жарыялады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Сынак 31-майда "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин жыйындар залында өтөт. Ага калаанын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарындагы 3 жаштан 11 жашка чейинки (1-4 класс) балдар катыша алышат.
Манастын Бишкек шаарындагы айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Манастын эстелигин жасоого сынак жарыяланды. Ал Нур-Султанга тургузулат
Алар "Манас" эпосунан үзүндү айтышы керек, көркөм аткаруу чеберчилигине баа берилет. Шарт боюнча райондук сынактардан алдыңкы орунга ээ болгон жеңүүчүлөр шаардык конкурска катыша алышат.
Сынакта өнөр сынашчулар алдын ала тандалат. Ал үчүн бала тууралуу маалымат жана "Манас" эпосунан үзүндү  айткан видеосу мэриянын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө бүгүн саат 13.00гө чейин тапшырылышы керек. Кенен маалыматты муниципалеттин баракчасынан алууга болот.
Мэрия иш-чаранын өнөктөштөрү "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы менен "Көйкашка" коомдук фонду экенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0