"Акыркы көч" киносу Ирандагы кинофестивалга катышат

© Фото / Бегим Жолдубай кызыБакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Акыркы көч" тасмасын тартуу учурунда. Архив
Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун Акыркы көч тасмасын тартуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун бул кинокартинасы бир катар эл аралык фестивалдарда мыкты аталып келет.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. "Акыркы көч" тасмасы Ирандагы эл аралык "Фажр" кинофестивалынын "Чыгыш келечеги" сынак программасына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, фестиваль аралаш форматта (онлайн, офлайн) 26-майдан 2-июнга чейин Тегеранда өтөт.
"Анда "Акыркы көч" фильминен сырткары Япония, Вьетнам, Кытай, Иран, Корея, Түркия, Иордания, Палестина жана Катар мамлекеттеринен кинокартиналар катышат", — деп айтылат маалыматта.
Кинокартинанын режиссёрлору — Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын "Билимкана" фондунун колдоосу менен тартылган.
Жамийла тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Айтматовдун "Жамийласы" кайрадан, жаңы стилде экрандаштырылат
Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жараткан.
"Акыркы көч" кинокартинасы 2020-жылы Таллинде өткөн "Темные ночи" кинофестивалына да катышып, тасманын дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болгон. Мындан сырткары, Бангладеште өткөрүлгөн Дакка XIX эл аралык кинофестивалында (Dhaka lnternational Film Festival (DlFF) "Эң мыкты тасма" деп аталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0