Садык Шер-Ниязга Казакстандын "Достык" ордени тапшырылды

© Фото / Дильноза АлымоваЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз. Архив
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Аземге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана маданият өкүлдөрү катышкан.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Ниязга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин "Достык" ордени тапшырылды.
Садык Шер-Нияз Казакстандын мамлекеттик сыйлыгы болгон 2-даражадагы "Достык" ордени менен эки элдин маданиятына кошкон салымы үчүн сыйланган.
Сыйлык тапшыруу аземи Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтүп, ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана маданият өкүлдөрү катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0