Министр Кайрат Иманалиев бүгүн эстрада артисттери менен жолугат

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев. Архив
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Жолугушууда эстрада тармагындагы жасала турган иштер жана көйгөйлөр тууралуу пикир алышып, бир катар чечимдер кабыл алынары айтылат.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев өлкөнүн эстрада артисттери менен жолугат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуу бүгүн саат 15:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өтөрү пландаштырылган.
Анда эстрада тармагындагы жасала турган иштер жана көйгөйлөр тууралуу пикир алышып, бир катар чечимдер кабыл алынары белгилүү болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0