08:38 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (398)
690 0 0

Калыгул Бай уулу өз заманынын көйгөйүн элге айтып берген даанышман гана эмес, көп нерсени алдын ала көрө билген көрөгөч, олуя да болгон. Узак жылдар бою анын чыгармалары жарык көрбөй, реакциячыл адам катары эсептелип, мурастары темир сандыкка катылган.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин гана анын айткан-дегендери жарыяланып, изилденип, ысымы атпай кыргыз журтуна тараган. Ал оош-кыйыш учурдун трагедиясын, өлүм-өмүр, жашоонун маңызы, жакшылык-жамандык, адамдык оң-терс сапаттар тууралуу философиялык-дидактикалык чыгармаларды жараткан. Биз бүгүн олуя акын Калыгул Бай уулу тууралуу 13 факт сунуштайбыз.

Туулган жылы, жери. Өтө так маалымат болбогону менен олуянын туулган жылы 1785-жыл, туулган жери Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кара-Ой, Сары-Ой айылы деп жүрөт. Айрым маалыматтарда (Шаршенбек Үмөталиев, Ыбрай Абдырахманов) Кочкор өрөөнүндө туулгандыгы айтылат.

Ата-теги, балалык чагы. Атасы — Бай, анын атасы — Дөөлөт (Дөөлөткул), андан жогору — Үчүкө — Сарсейит — Сүтөй — Манап деп кете берет. Байдын беш баласы: Медет, Бердиш, Бердике, Калыгул, Жигитек болгон. Бай сарыбагыш уруусунун бийи, манабы катары айтылган учурлар кездешет. Калыгулду энеси он эки ай көтөрөт. Аркасында жалы, көзүндө калы, тилинде мөөрү менен төрөлөт. Үч-төрт жашында бир күнү жоголуп кетет, талаада жамгырда түнөп калган экен, эртеси качыр минген бир адам алып келип, бала аман болсо келечекте олуя болорун айтып кетет. Бул Кыдыр алей салам болсо керек деп ата-энеси түлөө берет. Калыгулду жети жашынан Ысык-Көлдө айылдык күчтүү молдого шакирт кылып беришкен. Ал кишини Сопу ата дей турушкан. Демек, устаты исламдын сопучулук багытын тутунган, ал багыттын көрүнүктүү өкүлдөрү болгон Кулкожо Акмат (Ахмед Йассави), Сопу Алдаяр, Жунус Эмире, Сулайман Бакыргани, Ахмед Югнаки, Букар Жырау ж.б. акындардын чыгармалары менен жаш кезинен таанышып, алардын таасиринде болгон, өзү да намазга жыгылып, эски китептерди окуганды үйрөнгөн.

Сырткы көрүнүшү, адаттары. Оң бетинде калы болгон, ошол үчүн да элдик ишенимдер боюнча ысымын Калыгул коюшкан деп жоромолдоого мүмкүн. "Кара кашка ныпчанын сыртынан боз төө чепкен", "башына кештелүү ак калпак", "багалегине басма менен сайдырган сары жаргак шым", "бутуна көк жеке" кийип жүргөн учуру эскерилген. Сөз баштаарда оң ийинин "ыраспы, ыя" дегендей каранып алып, бирөө менен сүйлөшкөндөй, көбүнчө көзүн ачып-жумуп, "ой, журтум" дегендей кайрылуу менен, угуп тургандардын көңүлүн бурдуруу менен андан ары кебин уланткан. Макалдатып сүйлөгөн, насаат сөзү көп айтылган. Эл аны "Калекем" деп урмат менен мамиле кылган. Атына "бий", "акылман", "олуя", "баатыр" деген эпитеттер кошулуп айтылган. Орозо, намаз парзын катуу аткарган, дааратсыз жүрбөгөн, уят-сыйыттуу, конок күтө билген, сарамжал, чечен, сөзү ширин, күлө багып сүйлөгөн, тайган жана куш салган киши болгон. Бий болсо да малай, кул жумшаган эмес дешет. Арам тамак жебеген, өтө акылман адам болуптур. Бул замандаштарынын, дагы башка уккан-билгендердин, анын ичинде, манасчы Шапактын айтуусунда белгиленген. Белек Солтоноевдин маалыматы боюнча, "сөздү көп эле ачылып айтпаган, акыл-насаат катары кеп салып, токтоо сүйлөгөн" киши экен. Кыргыздын башка төкмөлөрүнө окшоп комузун колго алып, эл астына чыгып ырдаганы да, же жазгыч акындар сыяктуу кол жазма китептерин жазып элге таратканы да белгисиз.

"Замана" агымына киргизишкен. 1947-жылы анын чыгармаларын элге жат идеядагы, реакциячыл-исламчыл ойлору көп деп аны "замана агымынын" өкүлү дешкен. Кыргыз адабиятындагы "замана агымынын" өкүлдөрү Арстанбек, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Нурмолдо, Туяк ырчы, Алдаш Молдо ж.б. акындар болуп, ошолордун башатында ушул Калыгул олуя турат. Ал чыгармаларында акыр заман адамынын образын түзүп, аны мурдагы адамдар менен салыштырып чыгат. "Замана агымы" деген бул адабиятчылар тарабынан эле жоктон бар кылынган түшүнүк болгон. Алардын мындай агымга таандык болушунун көрсөткүчтөрү: ислам дининдеги акыр заман түшүнүгүн алдыга сүрөп чыгып, ошонун белгилерин көрсөтүшөт, акыр заман кыямат күнүнүн алды экендигин белгилешет.

"Акыр заман" деген ыры. "Акыр заман" деген ырда акыр заман болорун, анын белгилерин азиз-авлиялар (олуялар) айтып кеткени менен сөзүн баштап, акыр заман адамынын кыргыздык моделин түзүп чыгат: "Акыр заман кишиси, кичине болор мүчөсү". Демек, адамдар мурдагыдан кичирейип, бой-мүчөсү илгерки баатырлардай болбой калат. Дагы бир белгиси — адеби жок сүйлөйт, демек, сөгүнүп-сагынат, карганат, урушуп, ачууланып сүйлөйт. Элдин жашаган жери өзгөрөт, мурда жайлоодо көк чөптүн арасына, арча-карагайларга, булакка, өзөн сууга жакын конгондордун эмки жашаган жери "конушу такыр, чөбү жок, ташка конот". "Калктын нурку азайып, ачка болот, мурдагыдай тоё жүрбөйт". "Адамдар сөз бербес, айтканынан кайтпас бакыл болот".

Мал азайып арымдап,

Жакыр болот деп айткан.

Эгини өнүп, чөп чыкпай

Такыр болот деп айткан.

Андан кийин замана

Акыр болот деп айткан.

Диний аяттардын сөзүн бек тутпай калат, залым болот, аганын сөзүн ини укпайт, биринин тилин бири албайт. Мына ушул акыр заман адамы тууралуу айтуу менен Калыгул мындай заман келгени башка диндеги адамдар менен айыл конорун (шаар болорун) алдын ала көрө билген. Акыр замандын Калыгул интерпретациялаган дагы бир белгилери: "Эсеп кылып, мал алган тыйындын чыгышы", "акылдуу аярдын чыгышы", "калайыкты бийлеген аялдын чыгышы" ж.б. Калыгул диний китептерде айтылган акыр заман идеяларын өздөштүрүп, аларды кыргыз турмушуна алып келип, аярлардын, аалымдардын, пайгамбардын ойлорун поэтикалык тил менен калайык калкка түшүнүктүү, жетимдүү кылып баяндаган. Анын куран, хадистер менен жакшы тааныш экендиги көрүнүп турат. Ошол эле кезде кыргыз арасына орустун, мусулмандардын ичине башка диндегилердин кирип келишин да акыр замандын белгиси, адептик сапаттардын бузулушу катары белгилеген. Адептин бузулушу, диндин таасиринин оолакташы, "Этек, жеңи чолоюп, тондун кыскарганы", "Атанын тилин бала албашы", "Кылса, жумуш бүтпөгөн, күн кыскарган бир заман", "Кожо-молдо жоголуп, дин кыскарган бир заман" Калыгулду катуу бушайманга салат. Өзү жашап жаткан заманды "Тар заман" дейт, келе жаткан күндөрдү "Зар заман" атайт.

"Калыгулдун сөзү" деген чыгармасы. Бул чыгарма акындын көрөгөчтүгүн, олуя-даанышмандыгын тастыктоого толук негиз берет. Кыргыз жерине орустар келе электе чыккан ыр. Бирок ал ошолордун келишин билген, сезген сыяктанат. Падышалык Россияга кыргыздардын кошулушу менен коомдук-саясий турмуш, элдин көз карашы, диний түшүнүктөр, адептик-этикалык эреже-нормалар, социалдык абалдар ж.б. көрүнүштөр өзгөрө турганын мындай айтат:

Уй пул болор,

Кул бий болор.

Тоо токол болор,

Талаа токой болор.

Токол байбиче болор.

Аяк адам баш болор,

Баш адамдар пас болор,

Ушундай кызык иш болор.

Тегиз жерден тегирмен чыгаар,

Тексиз жерден бий чыгаар.

Алка жака салынган кийим чыгаар,

Акча кагаз пул болуп, тыйын чыгаар.

Айылын жоодой аңдыган жыйын чыгаар.

Атасынан баласы кыйын чыгаар.

Этеги жок чапан чыгаар.

Эң кийинки баласы тапан чыгаар.

Эри менен тартышса

"Элде эркек көп" деген аял чыгаар ж.б.

Олуя акын. Калыгул Бай уулу нускоочу акын, элдик таалимчи, дипломат, даанышман гана эмес, анын ысымына көбүнчө "олуя" деген сөз кошулуп айтылат. Кыргыздар, жалпы эле түрк эли "олуя" деп алдын ала окуянын өнүгүшүнө баа берип, кандай аяктаарын боолголоп билген жана айтканы төп келген кишини айтышкан. Калыгул мына ушундай олуя болгону үчүн аны эл өзгөчө сый менен тосуп алып, өзгөчө сый менен конок кылган. Бир мертебе Ормон хан менен чогуу келе жатканда хан Калыгулдан "экөөбүздүн тукумубуздан кандайлар чыгат болду экен" деп сураса, ал "сенден көмүрчүлөр чыгат, менден экөө жанаша чыкпайт, бирөө эл башкаруудан үзүлбөйт" деп эки ийнин карап койгон экен. Ошол айтылган туура чыгыптыр дешет эл ушуга чейин. Азыркы Токмоктун ордун көргөндө: "Эл өсүп, жер толот, бул жер өзүнчө шаар болот, капыр менен мусулман аралаш конот, баш-аягы ат чабым, өзбек, дунган отурган базар болот, капталдагы какыраган сайда элдин оозуна толгон жемиш болот, ар уруктан чогулган ынтымактуу эл болот" десе, Боомдун капчыгайына келгенде: "Адамдар кенен катышкан, алды-үстүнө жол болот, от араба катышып, капчыгай ичи оңдолот", – дептир. Азыркы Балыкчыга жеткенде: "Бечара менен карыпка береке берчү жер экен, кара ташы алтынга айланып кетчү жер экен, андан-мындан чогулуп, көбөйүп кетчү эл экен, ар уруктан чогулуп ынтымакта жашар бекен" деп коюптур. Көк-Ойрокто Жантай хандыкында конок болуп отурганда колго суу куюп жүргөн он үч жашар баланын ким экенин айтпай жатса да үй ээсинин уулу экендигин билип коюп, "Жылдызы көтөрүлүп, элге тутка болчу уулуң бар экен" деп бата бериптир. Көрсө ал кийинки атактуу Шабдан экен.

Бөжөйдүн сыны. Казактын ырчысы жана сынчысы Бөжөйдү олуя катары көрүшкөн. Кезегинде ал Кененсары менен Ноорузбайды кыргызга каршы согушка барбагыла деп эскерткен. Ошол кишини казак мыктылары Калыгулга алып келет. Амандашып бүтүп эле Бөжөй сыртка качып чыгат, артынан чыгып, не болгонун сурашса, Бөжөй: "Ой карагым, ол Калкеңдин эки ийнинде эки периште ойноп отурат. Ону менен адам пендеси айтыша алмайды гой", — деп келген жагына кайта берген экен.

Термелери. Мындай чыгармаларда турмуштук көрүнүштөр, адам өз тажрыйбасынан алган сабактар бир-бирден термеленип, башкаларга таалим болсун үчүн айтылып кетет.

Көкүрөк чечен болбосо,

Көзү көрүп не кылат.

Жан кыйналат дебесек,

Жардылыктан ким өлөт?

Кара килең болбой, кар кетпейт,

Капсалаң болбой, жут болбойт.

Кара өзгөй болбой, доо болбойт.

Шагылы болбой, зоо болбойт.

Шайыры болбой, эл болбойт,

Пейили жакшы кем болбойт.

Аскар, аскар, аскар тоо,

Аягы барып чап болот.

Атадан алтоо болсоң да,

Сыйлашпасаң, жат болот

Теректин түбү тыт болот,

Жаман адам кырт болот.

Каарына алганда,

Ак жайдын күнү жут болот.

Ак бөкөн келип жыгылат,

Алдын казып ордосо.

Ак шумкар келип илинет,

Саятчы алдын тордосо.

Ийри жыгач түз болот,

Тезге салып оңдосо.

Душманына кор болот,

Өз тууганын кордосо ж.б. ушундай турмуштук көрүнүштөр, оң жана терс жорук-жосундар көлөмдүү чыгармада улам бийиктеп, мааниси улам тереңдеп отурат. Мындай ойлор кыргыздын көптөгөн муундарын тарбиялап келген, азыр да күнү күнкүдөй таасирдүү.

Саясий аренадагы салмагы. Калыгул бий катары элдин жамандык-жакшылыгына активдүү аралашып жүргөн. Кадимки Ниязбектин уулу Ормон хан менен жакын тууган болгону үчүн ага жана Төрөгелди баатырга кеңешчи болгон, аларды катуу сындап ("Ормон хан, оюнуңду токтот, ордодон кан жыттанып калды" деген кагуу сөзү элге кеңири тараган) да турган, айтуудан казак-кыргыз согушунда Ормондун аскерлеринин согуш ыкмаларына кыйла сунуштарды ушул киши киргизип, жеңишке жетелеген. Кокон хандарына, анын ичинде Кудаяр ханга, кушбегилерге да элчиликке барган, айдоого кеткен адамдарды бошотуп алууга жетишкен. Сарыбагыш-Бугу чатагын алдын алууга, кыргыз-казак согушунда калыс адам катары чоң өрттөрдү басууга салым кошкон. Боронбай, Балбай, Алыбек сыяктуу ошол кездин лидерлерине өз насааттарын багыштаган.

Элдик макалга айланып кеткен асыл ойлору. "Булут минсең жетпейсиң, мурунку өткөн жашыңа", "Тигине ажал билинбей, аңдып жүрөт айыңдап", "Алтындан кээжим тор түйүп, алганың калат бу жайда", "Кетсе дөөлөт колуңдан, келмеги кыйын ал кайтып", "Калаалуу коргон бузулса, калаа болбойт там кайтып", "Туйгунуң учса колуңдан, тууруна конбойт ал кайтып", "Чырпыгы сынса талыңдан, чынар болбойт тал кайтып", "Пайдасы жок туугандан, мамилелүү жат жакшы", "Кесепеттүү катындан, келте оору дарт жакшы", "Эркек үндүү аялдын уяты жок, аял үндүү эркектин кубаты жок", "Өгүз мүйүз инектин сүтү болбойт, инек мүйүз өгүздүн күчү болбойт", "Кайгысыз киши карыбайт, калп айткан киши жарыбайт", "Жалгыз өлсө чуу чыкпайт, жер куласа суу чыкпайт", "Ырыс алды – ынтымак, ынтымагы болбосо, алдыңан таяр алтын так".

Калыгулдун чыгармаларын жазып алуу, жарыялоо жана изилдөө. Калыгул өз ойлорун маселдетип элге айтып берген экен, ошол айткандары ооздон-оозго көчүп ушунчалык тез тараган. Муну айрым изилдөөчүлөр ак сөөк тукумдан болгону үчүн элге чыгып, ырдап отурушу азыркы тил менен айтканда элиталардын этикасына туура келбегенден болуу керек дешет да, мурастарын "ыр" дебей, "масел", "насаат", "казал" деп айтат. Ошол үчүн анын айткан-дегендери куйма кулак адамдар тарабынан сакталып келген. Алардын ичинде манасчылар Шапак Рысмендеев менен Сагынбай Орозбаковдун, акын-агартуучу Тоголок Молдонун, элдик чыгармаларды жайылтуучулар Ыбырай Абдырахманов менен Абдыкалык Чоробаевдин орду өзгөчө. Изилдөөчүлөр – Тазабек Саманчин, Шаршенбек Үмөталиев, Батма Кебекова, Самар Мусаев, Абдылдажан Акматалиев. Чыгармаларынын айрымдары 1922-жылы 7-октябрда Нарын уездинде фольклорист Каюм Мифтаков тарабынан манасчы Сагынбай Орозбак уулунан жазып алынат. Айрым маселдери Ишеналы Арабаевдин 1925-жылкы алгачкы окуулуктардын бири болгон "Чоңдор үчүн алиппэ" деген китепке "Калыгул бийдин сөзү" деген жалпы аталыш менен киргизилген. 1941-жылы Тазабек Саманчин "Калыгул" аттуу көлөмдүү эмгегин жазып, анын кыскартылган варианты 1943-жылы чыккан "Кыргыз адабиятынын очерктери" деген китепке кирет. Мына ушундай изилдөөлөр жүрүп жатып эле 1947-жылы караланган соң Калыгулду жарыялоо да, изилдөө да тык токтойт. Кийин гана партиялык катуу саясат жумшарган кезде, 1990-жылы Мелис Абдылдаев түзгөн "Мурас" аттуу жыйнакка анын беш ыры киргизилет. Эгемендүүлүк алган соң чыгармалары мектептин жана жогорку окуу жайларынын программасына кошулуп, 1992-жылы "Калыгул Бай уулу", 1994-жылы "Калыгул. Казыбек. Казалдар" деген ат менен чыгармалары жарык көрөт, 2000-жылы урпактарынын бири Турдакун Усубалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен "Акылман Калыгул" деген чыгармалардан жана ал тууралуу макалалардан турган китеп чыгат.

Өлүмү, керээзи жана укум-тукуму. Калыгул 1855-жылы Ысык-Көлдү бойлоп ат бастырып баратып, өлөрүнө бир күн калганда Кара-Ойдон чий баскан бир дөңсөөлүү жерди көрсөтүп, сөөгүн ошол жерге коюуну керээз кылат. Адыл баатырга "сөөк көмүүдө өзүң башында тур" деп айтат. Эртеси эле 70 жашында Ак-Суу тарапка жол алган олуя көздөгөн жерине жетпей Байсоорун тушта каза табат. Айткандай эле сөөгү Кара-Ойго коюлат. Анын бейит-мазарын куруу үчүн эл катарлаша туруп, эки чакырымдай жерден – көл ичинен ылай алып чыгып, колмо-кол кылып, усталарга жеткирип, бир күндө бүтүргөн экен. Кийин 1991-жылы күздө урпактарынын эсебинен ал жерге граниттен заңгыраган чоң күмбөз тургузулган. Балыкчы шаарында анын ысымы №7 орто мектепке берилген. Балдары: Ногой, Шыгай, Күнтууган. Күнтуугандан Кененсары, Акидей, Семетей. Кененсарыдан — Усубалы (Турдакун Усубалиевдин атасы). Калыгулдун тукуму беш жүздөн ашты, көбү Кочкордун Теңдик айылында.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (398)

Тема боюнча

Бишкек баатыр деген ким? Эстелиги ачылган тарыхый инсан тууралуу 8 факты
Белгилер:
көрөгөч, олуя, казал, руханий байлык, Төрөгелди баатыр, Бөжөй олуя, даанышман, насаат, Ормон хан, Кыдыр алей салам, Калыгул Бай уулу, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ