Пианисттер арасында республикалык сынак өтөт. Шарты

© Фото / Pixabay/ wal_172619Пианинодо ойноп жаткан кыз. Архив
Пианинодо ойноп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Конкурска 14 жаштан 25 жашка чейинки пианисттер катыша алат. Аны министрлик Кыргыз улуттук консерваториясы жана Sound KG компаниясы менен биргеликте уюштурмакчы.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жаш аткаруучулар арасында "Жаңы муун" деп аталган республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Аталган иш-чараны министрлик Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерватория жана Sound KG компаниясынын көмөгү менен өткөрмөкчү.
Ага 14 жаштан 25 жашка чейинки пианисттер катыша алат. Тандоо 4-8-июнь күндөрү Улуттук консерваторияда өткөрүлө турганы маалым болду. Жарыштын байге фонду 225 000 сом экенин билдиришти.
Сурап билүү телефону: 0559 43 55 24.
Жаңылыктар түрмөгү
0