05:07 16 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5529
  • EUR102.5669
  • RUB1.1771
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (397)
413 0 0

Мойт аке, Карач аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Кыдыр аке — алты аке тууралуу фактыларды окурмандарыбызга сунуш кылып келдик. Мына ушул алты акеге эгемендүүлүк алгандан кийин бир топ изилдөөчүлөр, нускалуу адамдар жетинчи акени — Карга акени кошо башташты.

Карга аке салттуу акелердин акылмандыгын, кеменгерлигин алып жүрөт жана аке деген атка татыктуу орду бар экендигин көрсөтөт. Аны эл Карга бий, Карга ата, Карга аке деп атап келген жана "акелердин акеси" деп да мүнөздөгөн.

Биз бүгүн Мендегул уулу Карга аке тууралуу 14 факт сунуштайбыз.

Туулган жери, теги. Карга акенин туулган жери так айтылбайт. Бирок көпчүлүк санжырачылар Ысык-Көлдүн азыркы Жети-Өгүз районуна караган Даркан айылы анын киндик кан тамган жери дешет. Туулган жылы 1718-жыл экендиги белгиленип жүрөт. Демек, ал биз буга чейин сөз кылган алты акенин баарынан жашы жагынан улуусу. Атасы – Мендегул, чоң атасы – Түлөке, анын атасы – Желдең. Ошону үчүн анын уруусу бугунун ичиндеги желдең уруусу деп аталат.

Талашка тактык киргизген эмгектер. Карга акени акелердин курамына кошуу же кошпоо тууралуу бир кыйла талкуу жүргөн. Мына ошол талашка даркандык тилчи-профессор, комузчу, Карга акенин урпагы Үсөнбек Асаналиев, тарыхчы-профессор, ошол эле айылдык Эгемберди Маанаев, ысык-көлдүк акелер боюнча изилдөөчүлөр Кашымбек Асанбеков, журналист Кубан Мамбетов кыйла тактык киргизген. Жазуучу Айдарбек Сарманбетов "Капсалаң доор. Карга аке" деген өмүр баяндык романын жазган. Мына ушул эмгектерде Карга акенин акелик даражасы тастыкталган.

Ысымынын сыры. Кыргызда Карга ысымдуу адам сейрек учурайт. Эл ичинде айтылып келген сөзгө караганда, бала туулганда боз үйдүн чамгарагына бир карга конуп алып, кетпей какылыктай берген экен, ошондон атасы Мендегул анын атын Карга койгон. Карга аке жүз он жыл жашаган.

Атасынын малын бөлгөндөгү акылмандыгы. Карга өзүнчө түтүн булатып калган кезде атасы Мендегул каза болот. Адатта атанын жылдык ашы өткөн соң балдары анын мал-мүлкүн бөлүп алат. Бул жолу да салт боюнча ошондой кылышмак болгондо Карга "азыр малды бөлбөй туралы, адегенде бой жүргөн эки инибизди үйлөп-жайлап алалы, анан көрөбүз" деп, Ногой менен Сүйөрдү үйлөнтүшөт, ошондон кийин гана калган малды бөлүштүрөт. Ушул сунушу менен эл оозуна алынат. Мал баарына  тең тийсе да, аны кармап калган эки гана бир тууган – Карга менен Байкиши болуптур. Ошол-ошол болуп, анын байлыгы бийлиги менен кошо көбөйүп отурган экен.

"Түшпөс бий" атыккан. Карга аке отуз-отуз бешинде эле бий болуп, ошол бойдон кызмат аркалап, эл тагдырын оң жагына чечип келген, жүз он жашка чыкканча айткан сөзү эптүү, эл ичинде кептүү болуп жүрдү. Жашаган жери Жуукунун ичин, жайында жайлоосу Каркыраны акылмандыктын алтын ордосуна айландырган. Карга аке менен чер жазышып сүйлөшкөнү, анын батасын алганы Ысык-Көлдөн гана эмес, алыс-жууктан: казактардан, Нарын менен Ат-Башыдан, Чүй менен Кочкордон адилеттик, калыс чечер кеңеш издеп адамдар ат арытып, байы да, кедейи да, манабы да, бийи да, баатыры да үзүлбөй келип турган. Атактуу Сарт аке да, Тилекмат аке да анын кашына келип батасын алып, аке даражасына жеткен.

Сырткы душмандардан коргонуунун жолдорун айткан. Карга акенин жашаган мезгили ойрот-жунгар (калмак) баскынчылары менен кыргыз-казактардын катуу уруштарына туш келген. Мына ошол уруш-талаштан аман чыгуунун жолу анын оюнча ынтымакта болгон, "Ынтымак оңдуу болбой, ырыскы жөндүү болбойт", "Чачкын болсок чачылабыз, бир балээге кабылабыз" деп элди ынтымак-ырыска чакырган. Ошон үчүн "Касиеттүү көл, урпактарга буюру, укум-тукумга буюру!" деп тилек тилеп, "Калмактын камчысы кайрылбасын, калкым көлдөн айрылбасын!", "Жангорлуу жоодон сактасын, жоболоңдуу доодон сактасын!" деген баталарын ыроологон. Ойрот-калмактардын ким экендигин баамдап, аларга "Ойроттон шок чыгат, оюндан от чыгат", "Коктуңду калмак кор кылды, колотуңду тор кылды", "Калмак каймагыңа көз артпайт, баймагыңа көз артат" деп алардын образын так ачып берген. Мына ошол Карга аке сыяктуу акылмандардын даанышман сөздөрүнө шыктанган кыргыз жигиттери өз жеринен баскынчыларды биротоло кууп чыккан.

Орус бийлигинен жардам сураган алгачкылардын бири. Ысык-Көл өрөөнү бир жагынан Кытайдын кысымында калса, бир жагынан уруулук кагылыштар күчөп, бир жагынан казак улам-улам кол салып, бир жагынан Кокон хандыгы көз артып, айтор, кыйын күнгө кабылган. Ошондо 106 жаштагы Карга аке жыйырма үч бий менен кеңеш куруп, 1824-жылы Падышалык Россиянын Батыш-Сибирь генерал-губернатору менен сүйлөшүү үчүн элчилерди жиберүү демилгесин көтөргөн. Алар ошол жылы 6-декабрда Омскиде орус бийлик өкүлдөрүнүн кабыл алуусунда болот.

Уурулукка мамилеси. Асаналиевдин жазганы боюнча, бир жолу атактуу Бирназар бий Алдаш уулу Карга бийге конок болуп келет. Анын минген аты мыкты, ат жабдыгы андан өтөт экен. Бирназар бий "балдарга атты каратып коюңуз" десе, Карга аке "бизде ууру жок" деп коёт. Эртеси жанагы ат жоголот. Ошондо Карга аке "ак болгонуң арыкты аттап өтөсүң, кара болгонуң арыкка кулап өлөсүң" деп балдарынын баарын арыкты аттатат. Анан бир уулу арык четине кулап, ошол замат жан бериптир. Ошондо Карга аке: "Менин мындай уулум жок, мындан ары мунун атын оозуңарга албагыла, эсиңерге салбагыла. Өлдү деп өкүнбөгүлө, чуу чыгарып өкүрбөгүлө. Жамы жар болсун, жаткан жери тар болсун! Жар уратып жашырып койгула, буга бир ууч топурак арам!" — деп чечим чыгарыптыр.

Бугулардын башчылыгына Боромбайдын келишин каалаган. Ыйкы-тыйкы, алай-дүлөй заманда Ысык-Көлдөгү бугу уруусу кыйын кырдаалга кептелет. Аларды хан катары алдыга баштап кетер лидер керек эле. Ар ким ар кимге тартып турганда Карга аке биримдиги жоголуп жаткан бугуларды бир бириктирсе ушул жигит бириктирет деп Бирназар бийдин ашында отуздан эми оогон Боромбайга "Жолубузга сакчы бол, журтубузга башчы бол", "Ар уруу элди курап ал, адилет карап сурап ал", "Көп элди көп экен деп көкөлөтпө, көп элге аз элиңди чөгөлөтпө", "Бирин ашынта мактап, экинчисин басынта мактаба", "Узун карап тең сана, убайга салбай кең кара", "Айтканың жерде калбасын, канатың карып талбасын", "Жүрөгүң кабында болсун, акылың табында болсун", "Сен – түндүк, биз – уукпуз, бирде жылуу, бирде суукпуз" деп келип, батасын берет. Ак боз жорго ат мингизет жана жалпы бугулардын манабы, султан даражасында болсун деп ошол кишинин тегерегине баш кошууга чакырат. Ал Карга акенин осуятын отуз жылдан соң толук аткарып, Россия падышачылыгына Шералы уулу Качыбек баш болгон өкүлдөрүн жиберип, 1855-жылы 17-январда Омск шаарында бугу кыргыздарынын өкүлдөрү кабыл алынып, бугулуктардын Россия менен дипломатиялык байланышы башталат.

Көп жыл жашаган. Карга аке 110 жашка чыккан. Өмүр соңунда, 1828-жылы да акыл-эси кадимкидей болуп, элге батасын аябай берип, акылын айтып турган. "Жаш сурасаң Карга акеге бар" деген сөз анын ошол узак жашаганынан келип чыккан болуу керек. Бир жолу кеч күздө Жуукунун ичиндеги Кыргоо деген кыштоого баратып, аты бир жерге аярлай түшөт, ошондо кенже баласы Жаныбекке "менин сөөгүмдү ушул жерге жашыргыла" деп керээзин айткан. Ал ызгаардуу кышта каза болот. Каза болор алдында келиндерин чакыртып, биринчи жолу бет маңдай көрүп батасын берет, кыздарына кошок коштуруп, небере кызы Аруукенин кошогуна өзгөчө ичи чыгат, эркек балдарын болсо өкүртүп сынайт. Анан балдары кыйналбаш үчүн "Менин сөөгүмдү жаз келгенче музга катып тургула" дейт, балдары сөөктү кырк күн музда кармашат да, кийин жылуу күн келгенде бүт салт-санаасы менен жерге беришет.

Карга акенин урпактары жана руху. Ар кандай согушка жөнөп жаткан, алыс жолго чыккан анын урпактары Карга акенин коргонундагы мүрзөсүнө барып куран окуп, топурагынан бир чымчым жанына сала кеткен. Ал Жаргылчакта арык каздырып, эгин кылдырган экен, ошол арык "Карга акенин арыгы" аталып келген.

300 жылдыгы белгиленди. 1996-жылы 25-октябрда Карга акенин урпактары анын 280 жылдыгына карата Даркан айылындагы мүрзөсүнө чоң күмбөз-монументин тургузган. Ал эми 300 жылдыгы 2018-жылы май айында Бишкекте жана Жети-Өгүз районунун Даркан айылында өттү. Аны Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясы, эл аралык "Саякбай манасчы" жана "Карга аке" коомдук фонду уюштурган. Иш-чаранын алкагында Айдарбек Сарманбетовдун "Капсалаң доор. Карга аке" деген өмүр баяндык романынын таанытымы да белгиленди.

Карга акенин керемет кептери. "Жетимге санаалаш, жесирге каралаш бол", "Кайратты – элден, келбетти – жерден ал", "Тазалыкты суудан ал, ынтымакты туудан ал", "Туякка – жер тирек, канатка – жел тирек, ханга – эл тирек", "Учугуңар сүзүлбөсүн, тукумуңар үзүлбөсүн", "Тагынан тайыбас хан жок, ажал албас жан жок", "Өмүр – аласа, жан – бересе", "Аз курусун, азга бүткөн жан курусун, көп курусун, көпкө бүткөн мал курусун", "Жоо каптаса өчүлөр, өлүм каптаса өчүгөр", "Кайраты кеткен катыгар, карт болгон оору айыгар", "Жардынын байы бол, жакырдын жайы бол", "Кудайдын бергени угулбайт, жалгаганы туюлбайт", "Сабыр – сакалдууда, сыпаа – акылдууда", "Айткан сөз – абага учкан чымчык, ойлонбой сүйлөгөн – кырсык", "Душманга өздөй караба, түшөрсүң бир күн санаага", "Душманың кылдай болсо тоодой көр, ийнедей болсо төөдөй көр", "Душманга кекти кетиргенче, денеден башты кетир", "Жоо жакаласа, бөрү этектейт", "Сындашкан туугандан сырдашкан тууган озот" ж.б.

Баталары. Карга аке ооруп жатканда кабар алганы барган Сарт акеге жана ал аркылуу бүт элге мындай бата берген экен: "Силерди суу атасы Сулайман колдосун, аалам атасы Көкө-Теңир колдосун, ашуусу бийик тоо атасы Дабан колдосун, мал атасы Кайберен колдосун; Күтүүсүз бүлүк салган көчкүдөн сактасын, жалындап күйгөн өрттөн сактасын. Капыстан келген жоодон сактасын, агымы катуу селден сактасын. Күбүр сөздөн, каардуу кандын касабасынан сактасын. Кор азаптан, жол азабынан сактасын; Айтканыңар элге эм болсун, зоболоңор кандар менен тең болсун; Эл арасы бейкут болсун. Оозуңарга алганыңар чындык болсун, дитиңерге келген оюңар ишке ашсын; Элди бузганды жер көчкү бассын. Жайытыңар жайлуу болсун, өрүшүңөрдү мал бассын; Бала-чакаңар жөндүү болсун, кыз-кыркыныңар эптүү, көрктүү болсун. Үйүңөрдөн ырыскы-даам өксүбөсүн, кап-куржунуңар бөксөрбөсүн. Үйүңөр жыртык болбосун, үзүк-туурдугуңардын өңү өчпөсүн, очогуңардын оту өчпөсүн. Тасмалыңардан аш кетпесин. Элиңерге даанышманыңар баш болсун...".

Же дагы бир батасы: "Жолдо жооң болбосун, башта дооң болбосун. Уулуң угумдуу, айтканың жугумдуу болсун. Түндүгүң түшпөсүн, тууганың түтпөсүн. Ырыскың бүтпөсүн, керегең бек болсун, кебиң эп болсун. Уулга кубат берсин, келинге уят берсин. Барк-баалуу баш берсин, бак-дөөлөттүү жаш берсин. Ирегең майлуу болсун, ишиң жайлуу болсун. Өлүп көбөйгөн мал берсин, ооруп айыккан жан берсин. Малыңа мал кошулсун, жаныңа жан кошулсун. Тузуңду ак санаган татсын, кара санаган пейилинен тапсын" ж.б.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (397)

Тема боюнча

Тилекмат аке тууралуу 12 факты. "Сөз атасы" аталган элдик дипломат
Сарт аке тууралуу 9 факты. Толсоң – бөксөрбө, чайпалсаң – төгүлбө
Белгилер:
Карга аке, баатыр, Ысык-Көл облусу, кеңеш, акыл, даанышман, бата

ЭҢ МААНИЛҮҮ