Бишкекте "Жеңиш ырлары" SOPRANO, "Турецкий хорунун" аткаруусунда жаңырды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБорбор калаада Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Турецкий хору" менен SOPRANO арт-тобунун "Жеңиш ырларынан" түзүлгөн концерти болду
Борбор калаада Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Турецкий хору менен SOPRANO арт-тобунун Жеңиш ырларынан түзүлгөн концерти болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Артисттер бир нече жыл бою "Жеңиш ырлары" менен 16 мамлекеттин борбордук аянттарына чыгып келишкен. Иш-чара ар кыл мамлекеттердин борбор шаарларынын маданий жана достук байланыштарын бекемдөөгө багытталган.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Борбор калаада Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Турецкий хору" менен SOPRANO арт-тобунун "Жеңиш ырларынан" түзүлгөн концерти болду.
"Жеңиш ырлары" -- Москва өкмөтүнүн Россиянын ТИМи, Россотрудничество өкүлчүлүгү, "Жалпы иш" фонду менен Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөн долбоору. Ал муундар менен мезгилдердин байланышын бекемдеп, Улуу Ата Мекендик согуштагы бабалардын эрдигин эстеп калууга багытталган.
Концерттин алдында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова сүйлөп, ал жерде отургандарды Жеңиш майрамы менен куттуктады.
Великая Отечественная Война - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2020
"Кан болгон сүрөтүңдү кайра таап алдым". Фронттон келген катты барактап
"Жеңиш ырлары" — кенен жайылган жана тынчтыкты орнотуучулук милдетти аркалаган ири долбоор. Анда Улуу Ата Мекендик согуштагы бабалардын эрдигин эстеп калуу, муундар ортосундагы байланышты гана бекемдебестен, тарыхтын тактыгы үчүн да чоң салым кошулат. Бул демилге башталгандан тарта "Турецкий хору" менен SOPRANO арт-тобунун эң сонун аткарган ырлары өзүнчө бир мааниге ээ болуп калды", — деп белгилеген Аманова.
Артисттер эрдик, сүйүү, тынчтык тууралуу белгилүү композицияларды аткарышты. Концертте согуш талаасында алдыңкы катарды жарадарларды куткарыш үчүн жанын аябай иштеген, коронавирус пандемиясында адам өмүрү үчүн бел чечпей күрөшкөн медицина кызматкерлерине арналган ырлар жаңырды.
Концерттин соңунда Россиянын эл артисти, "Турецкий хору" менен SOPRANO арт-тобунун негиздөөчүсү Михаил Турецкий залдагы көрүүчүлөргө кайрылды.
"Күчтүү жана эркин Кыргызстан! Биз фашизмди биргелешип жеңгенбиз. Достук көпүрөсүн мындан ары биргеликте бекемдешибиз керек. Биз балдарыбызга калтырып кете турган башкы нерсе — ачык асман", — деди ал.
Залдагы ардактуу орундарда ардагерлер менен оорукта иштеген адамдар отурду. Алар жакшы маанай тартуулап, көңүлдү жибиткен ырлар үчүн артисттерге ыраазылыгын билдиришти.
2018-2020-жылдары "Жеңиш ырлары" 16 мамлекетте: Израиль, АКШ, Канада, Германия, Франция, Чехия, Венгрия, Польша, Австрия, Италия, Россия, Беларусь, Словения, Кытай, Словакия, Болгарияда жаңырды. Иш-чара ар кыл мамлекеттердин борбор шаарларынын маданий жана достук байланыштарын бекемдөөгө багытталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0