Кыргызстандын атынан беделдүү сулуулук сынагына Разия Мансурова катышат. Сүрөт

© Фото / дирекция национального конкурса красоты "Мисс Кыргызстан"Кыргызстандык модель Разия Мансурова
Кыргызстандык модель Разия Мансурова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Miss Intercontinental сынагы 1971-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Жеңүүчүгө 361 446 долларлык Oriental Holy Water деген таажы кийгизилет.
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Miss Intercontinental (Интерконтиненталь сулуусу) эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан моделдик кесипти эмитен аркалай баштаган Разия Мансурова барат. Бул тууралуу "Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагынын дирекциясынан билдиришти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от modeli_kyrgyzstana (@modeli_kyrgyzstana)

Маалыматка караганда, бийкечти аталган сынакка катыштыруу чечимин "Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагынын дирекциясы кабыл алып, ага "Интерконтиненталь сулуусу — 2020/21" наамын ыйгарган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от modeli_kyrgyzstana (@modeli_kyrgyzstana)

24 жаштагы Разия Швейцариядагы Люцерн университетин аяктаган. Англис жана немец тилдеринде эркин сүйлөйт. 2009-жылы Almaty Management University университетинде маркетинг боюнча бакалавриатты аяктаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от modeli_kyrgyzstana (@modeli_kyrgyzstana)

Быйылкы сулуулук жарышына 60 мамлекеттен келген бийкечтер ат салышат. Конкурс качан жана каерде өтөрү белгисиз.
Miss Intercontinental сынагы 1971-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Жеңүүчүгө 361 446 долларлык Oriental Holy Water деген таажы кийгизилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0