"Оскар" алган тасма, режиссер, актерлор. Мыктылардын тизмеси

© REUTERS / POOL"Оскар" сыйлыгы. Архив
Оскар сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Сыйлык алгандардын катарында актер Энтони Хопкинс, режиссер Хлои Чжао да бар. Бири "Эркектин мыкты ролу" үчүн  "Оскар" алса, Чжао мыкты режиссер деп таанылган.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Режиссер Хлои Чжаонун "Земля кочевников" картинасы "Оскар" сыйлык тапшыруу аземинде "Жылдын мыкты тасмасы" аталды. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
 Ника киносыйлы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
"Шамбала" тасмасы мыкты аталып, "Ника" киносыйлыгына ээ болду
"Мыкты анимациялык тасма" наамына "Душа" мультфильми татыса, кыска метраждуу мультфильмдердин арасынан Майкл Говьер менен Уилл МакКормактын "Если что-то случиться, я люблю вас" деп аталган эмгеги мыкты деп таанылган.
"Отец" тасмасында башкы каармандын ролун аткарган актер Энтони Хопкинс "Эркектин мыкты ролу" үчүн "Оскарлуу" болду.
Сыйлык тапшыруу аземин ABC телеканалы түз алып көрсөтүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0