"Шамбала" тасмасы мыкты аталып, "Ника" киносыйлыгына ээ болду

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүү "Ника" киносыйлы. Архив
 Ника киносыйлы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
"КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты кинокартинасы" наамына Кыргызстандыкынан тышкары, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандын режиссёрлору да ат салышкан.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргыз режиссёру Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты фильми" номинациясы боюнча "Ника" киносыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз режиссёру Артыкбай Сүйүндүков
Народный артист КР, кинорежиссер Артыкпай Суюндуков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргыз режиссёру Артыкбай Сүйүндүков
"Сыйлык тапшыруу аземи 25-апрель күнү Москва шаарында болуп өттү", — деп айтылат билдирүүдө.
"КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты кинокартинасы" наамына Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандагы режиссёрлор да ат салышкан.
Улуу тоолор басмаканасы кол өнөрчү Айдай Асангулованын Элечек китеби - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Салттуу баш кийимди даңазалаган "Элечек" китеби улуттук сынактан баш байге алды
Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган фильмдин дүйнөлүк премьерасы 2020-жылы июль айында Шанхай эл аралык фестивалында өткөн.
"Ника" киносыйлыгы 1987-жылы СССРдин кинематографисттери тарабынан түптөлгөн, негиздөөчүсү — Юлий Гусман. Киносыйлыктын жеңүүчүлөрү Кинематография искусствосу академиясынын мүчөлөрүнүн жашыруун берген добушу аркылуу аныкталат.
"Шамбала" фильми буга чейин бир нече эл аралык кинофестивалдарга катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0