Садыр аке тууралуу 11 факты. "Оң жагында бөгүп жаткан бөрү бар" эле...

© Sputnik / М.ЗакАксакал. Архив
Аксакал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Ысык-Көлдүн күнгөй жагындагы Кожояр айылында Садыр акенин күмбөзү жана жол боюнда эстелиги турат. "Бул Садырдын тилинде мөөрү бар, таңдайында сөөлү бар, оң жагында бөгүп жаткан бөрү бар" деген эл сөзү айтылып келет.
Кезегинде жалаң эле саяктар эмес, сарыбагыш, солто, албан уруулары да Садыр аке менен эсептешип, Шабдан, Байтик, Чыныбай, Балбай сыяктуу баатырлар, эл башылар анын акылына таянып иш кылган.
"Дүйнөдө жети жетим бар: тыңшабаган сөз, чөп чыкпаган жер, багылбаган мал, кемпири жок чал, бойго жетип эр албаган кыз, элинен кеткен эр, башчысы жок эл жетим дейт, анысы кандай, башчысы өлгөн бугу бүгүн жетим болуп отурат, ошондуктан бүгүн биз татыктуу адамды хан шайлап алалы деп мында чогулуп отурабыз", — деп Балтабайды калыстап хан шайлаган окуясы ушуга чейин акылмандыктын үлгүсү катары айтылып келет.
Бүгүн окурмандарга эл акылын, калыстыгын даңаза кылып ооздон түшүрбөй келген Жолболду уулу Садыр аке тууралуу 11 фактыны сунуш кылабыз.
Туулган жери, теги. Ысык-Көлдүн күнгөй жагындагы Кожояр айлынан чыккан. Кырчын жайлоосунда туулган деп айтылат. 1825-жылы туулган (айрым булактарда 1821-жыл деп да жүрөт). Уруусу — саяк, уругу — саяктын кожояры. Атасы — Жолболду, андан ары — Кожояр, Кудаш, Шыкмамат, Каба, Сарык, Саяк деп кетет. Башка вариантта: Саяк — Каба — Шыкмамат — Кудаш — Кожояр — Асказан (Коңураш) — Күлүк — Абилет — Майназар — Жолболду — Садыр. Дагы башка варианттар да бар. Садырдан улуу эки агасы (Чоту, Эсенгул) болгон, иниси Балык дегени экөө өзгөчө жакын эле. Кичи-Ак-Суу, Чоң-Ак-Суу дайраларынын бою, Кырчын жайлоосу — анын ата конушу. Аялынын аты — Чекен.
Атчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Карач аке тууралуу 10 факты. Кара кылды как жарган калыстыктын үлгүсү
Бул инсан тууралуу китептер жазылды. Садыр аке жөнүндө эмгектер башка акелерге караганда бир кыйла арбын. Балыкчылык изилдөөчү Акмат Карыбаев жарым кылымга жакын Садыр аке тууралуу маалыматтарды, анын ичинде санжыраларды топтоп, 2002-жылы "Садыр аке" аталышындагы китебин чыгарды, андан бир жылдан кийин ушундай эле аталышта журналист Ишенбек Жунушовдун китеби чыкты, Кашымбек Асанбековдун "Ысык-Көлдүн жети акеси", Кубан Мамбетовдун "Ысык-Көлдүн даанышман акелери" деген китептеринин чоң бөлүмдөрү Садыр акеге арналды. Тарыхый-архивдик маалыматтардын негизинде профессор Дөөлөтбек Сапаралиев бир катар эмгектерин жазды. 2014-жылы көп маалыматтарды камтыган "Садыр аке" деген көлөмдүү китеп жарык көрдү. Биз мына ошол китептердин айрым жерлерин пайдаланып бул фактыларды жыйнадык.
Мүнөзү, табияты. Өткүр, зирек, тубаса зээндүү, кыраакы, камбыл, калыс адам болгон. Ал жыйындарга келе жатканда улуу-кичүү дебей жарыла жол бошотуп тосуп алган. Анын жүрүшүн кыраан бүркүткө салыштыргандар бар.
Деркембай олуянын сыны. Бир жолу Кырчын жайлоосунда Нурдөөлөт дегендин өргөөсүнө казак элине олуя катары таанылган Деркембай келип түшөт, ал жерде чарчаган Садыр уктап жаткан экен, уктап жатып, анда-санда эки колун жогору көтөрүп, кайра экөөнү бириктирип коёт экен. Деркембай анысын көрүп отуруп, эртеси кайтарда үй ээсине жигит тууралуу "чачылганды жыйнаган, бүлүнгөндү бүтөгөн" адам болот деп сын берген экен. Чыны менен ошондон кийин Садыр Текестен келип, чачылган Көл саягынын башын кошуп, суулуу, кара топурактуу жерлерге, Ысык-Көлдү жакалай күн беттеп орноштурган.
Чек араны тактоо комиссиясынын мүчөсү болгон. 1870-жылы Цин империясы (Кытай) менен падышалык Россия империясынын ортосунда чек араны бөлүү боюнча көп иштер жүргүзүлгөн. Орус тараптан демаркациялоо комиссиясында генерал Алексей Куропаткин, генерал-майор Алексей Фриде, полковник Герасим Колпаковский ж.б. аскер жетекчилери көз салып турган. Алар Верный (азыркы Алматы), Пишпек (азыркы Бишкек), Ташкен шаарларында жолугушууларды өткөргөн. Жергиликтүү элдин өкүлү катары Садыр аке чек бөлүүдө акылмандуулугун, кыраакылыгын көрсөтөт. Кыргыздар жашаган Кашкар, Үч-Турпан, Какшаал, Кызыл-Суу, Улуу-Чат, Ак-Чий, Шөкүлө, Макмал, Жылдыз, Кундуз, Текес, Кулжа, Каркыранын бир бөлүгү Кытайга карап калганына аябай ичи ачышкан, булардын кыргызча маанисин тилмечтер аркылуу эки тарапка тең түшүндүрүп берип, Кытай жакта калбашы керек эле деген.
Айкел. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Сарт аке тууралуу 9 факты. Толсоң – бөксөрбө, чайпалсаң – төгүлбө
Бугу-сарыбагыш чатагын басууга ортомчулук кылган. Бугу уруусу менен сарыбагыштар араздашып, кандуу чабышуулар өкүм сүрүп турганда көлдүк саяктар эки оттун ортосунда калган. Кантсе да Садыр аке сыяктуу акылмандардын сабырдуулугунан улам саяктар эки жактын бирине кошулуп кетпеди, андай болгондо абал аябай татаал жагына оомок. 1865-жылы бугулар менен сарыбагыштар ынтымакка келүү үчүн жарашуу жыйынын өткөргөндө Садыр аке чоң ролду ойногон. Ал эки уруунун тирөөчү эле. Солтонкулдун ашы сыяктуу ири аштарды, тойлорду башкарган, мындай жыйындар да уруулар ортосундагы кагылыштарды алып келмек. Андай учурларда да Садыр аке акылмандыгын көрсөткөн.
Бий болгон жана Россиянын сыйын алган. Ата-теги мал-мүлктүү, бийликтүү болгону менен балалыкта карапайым турмушту көрүп жашаган, а түгүл жылкы кайтарганы да айтылат. Ошол эл назарында жүрүшү аны саясий майданга алып келет. 1873-жылы ал Кара-Ой жана Сары-Ой болуштугунун бийи болуп шайланган (Буйрук 1874-жылы 17-январда чыккан). Ал тургай болуш болгон деген да пикирлер айтылып келген. Түркстан генерал-губернатору Константин Петрович фон Кауфман 1876-жылы ноябрда чыгарган буйрукка ылайык, "За распорядительность и точное исполнение своих обязанностей" деген урматтоо менен III даражадагы чепкен Кара-Ой-Сары-Ой болуштугунун бийи Садыр Жолболдинге жабылган. Садыр акенин өзү гана эмес кичүү уулу Ажыбек да 1882-жылы Тору-Айгыр болуштугуна болуштун орун басары, 1892-жылы Күнгөй-Ак-Суу болуштугуна башчы болуп шайланса, иниси Балыктын баласы Кашкороо элүү башы, бий, болуш болуп шайланган. Ошондон бери эле анын урпактары азырга чейин эл башкарып келет.
Меккеге барган. Тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиев архивден тапкан документтерге таянып, кызыктуу маалыматтарды алууга болот. 1901-жылдын 6-октябрында Күнгөй-Ак-Суу волостунун башчысы Иманкул Абдыбеков тарабынан аталган волостун №5 айылынын тургуну 76 жаштагы Садыр Жолболдинге "чет өлкөлөргө барыш үчүн паспорт алганга жергиликтүү администрация тарабынан талапкерге жолтоо жок. Себеби ал тергөө сурагында болбогон жана соттолгон эмес, ошондой эле коомчулукка жана жеке адамдарга бересеси жок" деген ишеним баракчасын (күбөлүк) берген; 1901-жылдын 10-октябрында Күнгөй-Ак-Суу волостунун тургуну, 76 жаштагы Садыр Жолболдин Пржевальск уездинин башчысына арыз менен Мекке менен Мединага барыш үчүн чет элдик паспорт алууга жардам бериңиз деп кайрылыптыр; 1901-жылы 10-ноябрда Жети-Суу областынын аскер губернаторлугунун вице-губернатору Осташкин тарабынан түзүлгөн "Мекке менен Мединага барыш үчүн чет элдик паспорттун берилиши жөнүндөгү ведомосту боюнча №15102 паспорт Күнгөй-Ак-Суу волостунун кыргызы, 76 жаштагы Садыр Жолболдинге 6 айлык мөөнөткө берилсин" деген жазуу сакталыптыр. Аны менен чогуу ажыга бир нече адам барганы айтылат. Алар: Күрмөнтү болуштугунан – Карбулдай Бакытай уулу, Атантай Бокпай уулу, Пржевальск шаарынан көпөс Ахметгирей Мухитдин Каримов, ушул шаардан Нурмухаммед Ярмухамедов, Мамыбаев болуштугунан жер айдоочулар Зихрия Худаяров жана Изис Илиев аттуу уйгур улутундагы адамдар. Пишпек уездинин Толкон болуштугунан Алике Беки уулу, Уулбала Базаркул кызы, Авдуку Сартай уулу, Байкытай Ажыбек уулу. Алар кыязы, Кара деңиздин Феодосия, Батуми портторунан кеме менен өткөн сыяктанат. Демек, ал ажылык парзын аткарып, дин жолун катуу карманган, кээде "Молдо Садыр" деп айтылганы да ошондон болуу керек.
Сахнадагы артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Мойт аке тууралуу 10 факты. Элге эки кылым кызмат кылган батасы
Садыр акенин акылман сөздөрүнөн. "Тирүүчүлүктө бетке көө сүйкөнбөй, адамга тик карап, ак жүргөндөн артык нерсе болчубу? Бул жарык дүйнөдө үч артыкчылык бар. Биринчиси – өлгөндөн калган туяктын артыкчылыгы. Анткени артта калган туягың адамгерчиликтүү, сени жаманатты кылбай өссө, чоңоюп-чочойсо ысымың түбөлүктүү сакталып калары эп. Экинчиси – пайдасы жок падышанын ак сарайына караганда, кедей-кембагалдын куурай, чий калаган сайма алачыгы артык. Үчүнчүсү – элдин эмгегин кансыктатып жеген кажыган жолборстон көрө көп көзүнөн түнөк таппаган көр чычкан артык",  "Акты карадан айра билбесең, калыстыгың не пайда", "Ырыс алды – ынтымак, ынтымактан – ыр чыгат, ынтымагы жок жерде – чатак менен чыр чыгат", "Алтындан жезди айра билбеген, эл керегине жарабайт", "Улугуң жакшы болсо – бириңе бириң жөлөксүң, улугуң жаман болсо – бириңе бириң бөлөксүң". Анын элге батасы: "Укум-тукумуңарда ырыс, ынтымак болсун, бири-бириңердин сөзүн көтөргөн, урматтаган, ортоңордо муздак жел жүрбөгөн, кең пейил, кенен эл болгула!"
Каза болгону. Садыр аке сексен төрт жыл жашаган да, 1909-жылы дүйнө салган (айрым маалыматтарда 1905-жылы). Сөөгү Ысык-Көл районуна караштуу Кожояр айылына коюлган. Анын урпактарынын көбү да ушул айылда.
Урпактары эскерип турат. 1991-жылы сентябрь айында Садыр акенин 170 жылдыгына карата эскерүү мааракеси уюштурулуп, күмбөзү тургузулган. 2016-жылы Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Жолболду уулу Садыр акенин 195 жылдыгына карата "Кожояр-Ата" коому уюштурган "Садыр акенин кыргыз тарыхындагы орду" деген темада илимий-тажрыйбалык конференция жана "Садыр аке" деген китептин таанытымы болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0