18:09 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
195 0 0

"Элечек" китеби — сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. "Улуу тоолор" басмаканасы сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулованын "Элечек" китебин басып чыгарганы үчүн "Китеп искусствосу" сынагынан баш байгени алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине сыйлык ээлери маалымдады.

Руководитель проекта Кийиз дүйнө — көчмөн руху Айдай Асангулова со своей книгой Элечек занявшим первое место в национальном конкурсе Искусство книг
© Фото / Доолот Рысбаев
"Улуу тоолор" басмаканасы кол өнөрчү Айдай Асангулованын "Элечек" китебин басып чыгарганы үчүн "Китеп искусствосу" сынагынан баш байгени алды

Алардын айтымында, аталган улуттук сынак типографиялар арасында өткөрүлгөн. Басма баш байгени "Алтын мукаба" номинациясында алган. Иш-чара жылда уюштурулат.

Книга руководителя проекта Кийиз дүйнө — көчмөн руху Айдай Асангуловой Элечек занявшее первое место в национальном конкурсе Искусство книг
© Фото / Доолот Рысбаев
"Элечек" китеби — кол өнөрчү Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы

"Элечек" китеби — сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы. Аталган фонд кыргыздын салттуу элечегин жайылтуу максатында иштеп, аялдардын баш кийимин ийне-жибине чейин изилдеп келе жатат. Аталган китепте элечектин 20 түрү, алардын келип чыгуу тарыхы менен кошо башка да салттуу кийимдер тууралуу маалыматтар бар. Эмгектеги маалыматтар көздүн жоосун алган сүрөттөр менен коштолгон. Китеп кыргыз, орус, англис тилдеринде чыккан.

Тема боюнча

Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин. Көчмөн модасынын сырлары
Белгилер:
элечек, китеп, сынак, эмгек, басмакана

ЭҢ МААНИЛҮҮ