Вагондон жүк түшүрүп бүлөсүн баккан Миңжылкыев. Опера ырчысы тууралуу 8 факты

© Александр ФедоровКыргыз операсынын өчпөс жылдызы Болот Миңжылкыев. Архив
Кыргыз операсынын өчпөс жылдызы Болот Миңжылкыев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Бүгүн кыргыз операсынын өчпөс жылдызы, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Болот Миңжылкыевдин туулган күнү.
Коңур үндүү ырчынын көзү тирүү болгондо быйыл 81 жашка чыкмак. Sputnik Кыргызстан агенттиги дүйнө жүзүн түрө кыдырып, өзүнүн үнү менен кыргыз элин тааныткан талант тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Геолог болуп кетмек. Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында геологдун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Кичине чагы чоң энесинин колунда Ысык-Көлдө өтүп, билим алууну борбор калаадагы мектепте баштаган. Жаштайынан кенчи болууну кыялданган өспүрүм 16 жашында бургулоо боюнча мастер болгон. Анткени аны атасы геологиялык экспедицияга алып барып турган. Бирок көөдөнү ырга жакын өспүрүм 1957-жылы мектепти бүтүп, ырчылык менен кетүүнү чечип Опера жана балет театрынын алдындагы хор студиясына тапшырат. Ал жакта чыгармачыл инсандар менен аралашып, Москвада өткөн декадага да катышкан.
Ташкенттеги оор күндөр... Студент кезинде башкаларды көрүп шыктанып, чыгармачылыгын өркүндөтүүгө аракет жасайт. Алгач Москвадагы консерваторияга өтпөй калып, анан Ташкенттеги консерваториянын вокалдык факультетинин даярдоо бөлүмүндө окуйт. Фрунзеде алган билими жетишсиз болуп аябай кыйналган. Эки жылдан кийин гана эмгегинин жыйынтыгы билинип, студент болуп кабыл алынып, жалпы жети жыл Өзбекстанда жашайт. Ошол убакыт аралыгында уулдуу болуп, поезд вагондорунан жүк түшүрүп акча тапканы айтылат.
Аскерден алып калган өнөр. Ташкентте окуп жүргөн учурда Миңжылкыевге аскерге чакыруу кагазы келет. Өзү курактуулар менен медициналык кароодон өтүп, документтери менен аскер комиссарынын алдына келет. Комиссиянын төрагасы студенттин кагаздарына көз салып, анын ырчы экендигин билип калып ырдатып көрүп, өнөрүн байкап "аскер күтө турат, окууңду улант" деп кетирип жиберет.
Италиядагы кыргыз. Өзбекстанда окууну бүткөндө коңшу өлкөнүн артисттери жумуш сунуштап, аны алып калууга аракет жасашкан. Бирок ал мекенине кайтып келип, Фрунзедеги Опера жана балет театрына ишке алынат. Ырчы сахналаштары менен Россия, Казакстандын шаарларын кыдырып гастролдоп, бир катар фестивалдарга катышат. Чыгармачылыгы оргуп турган маалда Москвадагы аткаруучулар арасындагы сынакка катышып, Италиянын Милан шаарында кесипкөйлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Операнын мекени болгон Италияга 1968-жылы барып, "Ла Скала" театрында үч жыл окуп, ырчылык чеберчилигин өркүндөтүп, бул өнөрдүн керемет даамын сезет. Ал жылдары Кыргыз ССРинин эл артисти дүйнөлүк опера ырчылары Пьеро Капучили, Жанни Раймонди, болгариялык Николай Гяуров, СССРдин Чоң театрынын арттисттери Ирина Богачева сыяктуу залкарлар менен сахналаш болуп калган.
Профессор жана режиссёр. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти жаштар менен тыгыз иштешип спектакль даярдап, режиссерлукту да аркалаган. Италиядан келгенден кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда дагы сабак берип, 1986-жылы профессор наамын алган. Бул убакыт аралыгында азыр Кыргызстанда жана чет жакта иштеп жүргөн жүздөн ашык мыкты шакирттерди даярдаган.
Дүйнө кезген Миңжылкыев. Ал чыгармачылыгынын аркасы менен КМШ өлкөлөрүнөн сырткары Болгария, Латвия, Германия, АКШ, Сирия, Чехословакия, Швеция, Дания, Франция, Швейцария, Вьетнам, Лаос, Монголия, Корея, Португалия, Япония, Австрияга чейин фестиваль, маданият күндөрүнө барат. Ошондой эле аталган мамлекеттердин айрым шаарларында калыстар тобунун мүчөсү болуп калчу.
Айтматов билетке жетпей калганда. 1975-жылы АКШга концерт коюп барып калып, кыргызстандык аткаруучу Нью-Йорк шаарында композитор Модест Мусоргскийдин "Борис Годунов" операсынын баш каарманы Борис Годуновдун партиясын аткарган. Ала-Тоодон барган таланттуу инсанды чет элдиктер абдан жакшы кабыл алып, театрга кирүүнү каалагандардын узун кезеги пайда болуп билет да калбай калган. Жердешинин талантына күбө болуу үчүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы барып билет таппай, калемгерди спектаклге Болот Миңжылкыев өзү киргизген.
© Фото / предоставлено Международным Фондом АйтматоваЖердешинин талантына күбө болуу үчүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы барып билет таппай, калемгерди спектаклге Болот Миңжылкыев өзү киргизген
Писатель Чингиз Айтматов, оперный певец Булат Минжилкиев и актер кино, художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жердешинин талантына күбө болуу үчүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы барып билет таппай, калемгерди спектаклге Болот Миңжылкыев өзү киргизген
Эрте кеткен талант. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты 25 жашында Фрунзедеги Опера жана балет театрынын солисти, 33 жашында эки эл аралык сынактын жеңүүчүсү, 36 жашында эле СССРдин эл артисти боло алган. Андан сырткары, 1975-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, 1979-жылы СССРдин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. Жубайы, балет бийчиси Рейна Чокоева менен узак убакыт бирге түтүн булатып, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Артист Санкт-Петербург шаарындагы Мариинск театрында солист болуп иштеп жүрүп 57 жашында көз жумган. Залкардын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0