Баткенде "Салттуу музыка күнү" жана эл аралык "Достук" фестивалы өтөт

Кыз комуз чертип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканын дасыккан чеберлери жана жаш таланттар катышат.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Баткен шаарында "Салттуу музыка күнү" жана эл аралык "Достук" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Иш-чаралар 23-апрелден 25-апрелге чейин уланат.
"Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканын дасыккан чеберлери жана жаш таланттар катышат", — деп жазылат маалыматта.

Иш-чаранын графиги:

23-апрелде саат 10:00дө Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында иш-чаранын расмий ачылышы өтөт. Ошол эле учурда Бишкекте "Коомдук руханий адеп-ахлактык өнүгүү жана салттуу музыкалык маданият" темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция онлайн-форматта болот.
  • 23-апрель күнү саат 11:00дөн 17:00гө чейин "Айтуучулар күнү" (манасчы, дастанчы, акындар катышат) белгиленет;
  • 24-апрель күнү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында 10:00дөн 13:00гө чейин "Аспапчылык күнү" (комуз, чоор, кыл кыяк, жетиген, үйлөмө жана какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз) өтөт;
  • Ушул эле театрда 14:00дөн 17:30га чейин "Аваздык-аспапчылык" багыты боюнча (ашыктык, арман ырлары, элдик жана автордук чыгармалар, ХХ жана ХХI кылымдагы обончулардын чыгармаларын аткаруу) иш-чара болот;
  • 17:30дан 19:00гө чейин аспапчылык жана аваздык-аспапчылык багытты өнүктүрүү боюнча тегерек стол өтөт.
25-апрель күнү Баткен шаарынын борбордук аянтында өтчү иш-чаралар:
  • 09:30дан 10:00гө чейин улуттук кийимдердин парады;
  • 09:30дан 18:00гө чейин кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси;
  • 10:30да "Салттуу музыка күнү" жана эл аралык "Достук" фестивалынын гала-концерти уюштурулат.
Иш-чараларды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү, "Кыргыздын салттуу музыкасы" фонду жана Кыргыз элинин ассамблеясы менен биргеликте өткөрмөкчү.
Жаңылыктар түрмөгү
0