22:29 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Тышкы иштер министри Казакбаев V Көчмөндөр оюндарын 2024-жылы Кыргызстанда өткөрүү керектигин айткан.

БИШКЕК, 7-апр.— Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркияда 2022-жылы өткөрүлө турган болду. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдогандын жолугушуусунда маалым болгонун ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган конфедерациянын төрагасын Казакбаев бүгүн, 7-апрелде, кабыл алган.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жакын арада өнүктүрүүнүн жолдору жана ушул демилгенин алкагында пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө сүйлөшүштү. Билал Эрдоган 2022-жылы Изник шаарында (Түркия) өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы менен Түркия кандай даярданып жатканы тууралуу маалымат берди. Казакбаев Көчмөндөр оюнун буга чейин өткөргөн Кыргызстандын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу зарылдыгын белгиледи", — деп жазылат маалыматта.

Тышкы иштер министри Казакбаев V Көчмөндөр оюндарын 2024-жылы Кыргызстанда өткөрүү керектигин айткан.

Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы магистратура жана докторантура программаларына Кыргызстандын жарандарын окутуу үчүн жыл сайын стипендия бөлүп берүүгө даяр экендигин жарыялаган.

Андан тышкары, Эрдоган Чолпон-Ата шаарында жыл сайын Конфедерациянын алкагында Көчмөндөр фестивалын өткөрүп турууга даяр экенин белгилеген.

Тема боюнча

Түркияда өтчү Көчмөндөр оюндарында салбуурун спорттун түрүнө кирбей калды
Абдесова: Twitter баракчасында worldnomadgames хештеги биринчиликти алды

ЭҢ МААНИЛҮҮ