Интернетте жылдызы жанган ырчы Фатима: Анна Германды уксам денем чымырап кетет

© Фото / Бакыт КутманалиевЫрчы Фатима Серазиева
Ырчы Фатима Серазиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Фатима Серазиеванын орус тилиндеги классикалык ырларды аткарган видеосун коомчулук абдан жакшы кабыл алууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы советтик легендарлуу фильмдердин саундтрегин жана Анна Герман, Валентина Толкунова өңдүү улуу ырчылардын ырларын мыкты аткарып интернетте жылдызы жанган Фатима Серазиева менен маек курган.
23 жаштагы Фатиманын кумири белгилүү поляк ырчысы Анна Герман. Серазиева аны кумир тутуу менен чыгармачылыктагы устаты катары көрөт.
— Алгач ырдап чыгууңузга үйдөгүлөрүңүз каршы болушкан экен...
— Ооба, жакындарым менин ырдаганымды олуттуу кабыл алышкан эмес. Анын үстүнө баары тең эле чыгармачылыктан алыс кесиптин ээлери. Өзүм кандайча ырдап калганымды деле билбейм. Менин ырдай турганымды да элден угушкан. Ошол кезде мектептеги конкурстарга катышып, кароо-сынактарда ырдап жүрчүмүн. Анан үйгө келгендер "Фатиманын үнү жакшы турбайбы" деп эле айтып калышты. Чоң апам кызыгып: "ии, сени ырдайт деп жатышат го, бизге деле ырдап берчи", — деп ырдатууга аракет кылчу. Эл алдында өзүмдү эркин алып жүргөнүм менен үйдөгүлөрдүн алдында ырдоодон уялып, ырдабай каччумун. Бир жолу 9-майда айылдагы маданий иш-чарада "День Победы" ырын колумду жайып берилип ырдап жатып эле оңго бурулсам, мени менен кошо ырдап чоң апам отурат. Колум калчылдап, бутум шилтенбей калган. Негизи буга чейин Бишкекте тар чөйрөдө эки жолу концерт бердим. Концертиме үйдөгүлөр келип отургандыктан толкунданып, жандуу ырдаганда айрым сөзүмдү унутуп койгон учурларым болду.
© Фото / Бакыт КутманалиевФатима Серазиева: жакындарым менин ырдаганымды олуттуу кабыл алышкан эмес
Певица Фатима Серазиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Фатима Серазиева: жакындарым менин ырдаганымды олуттуу кабыл алышкан эмес
— Кичинеңизден бери эле ырдоо кыялыңызда бар экен. Жаштын тилегин берет дегенге ишенесизби?
— Мен Кудайга ишенем. Бир дагы каалоом четке кагылып, максатым орундалбай калган эмес. Чынында эле жаштын тилегин берет. Адамдын оозунда жакшы сөзү, жүрөгүндө аруу тилеги болсо ал кабыл болот. Кичинемде көчөдө ойногон кыздардын бири "Фати, түндө кокустан ойгонуп кетип, асманды карап кудайдан тиленсең, каалооңду берет" деп айткан. Ошондон кийин түндө кокустан ойгонуп кеткенде терезенин түбүнө туруп алып, жылдыздарды карап "Кудай, Анна Германдыкындай үнүм болсо экен, белгилүү ырчы болоюнчу" деп чындап тилене берчүмүн. Ошентип менде түнкү саат эки-үчтөрдө кокустан ойгонуп кетүү адаты пайда болгон. Кээде менин ырдаганымды, үнүмдү Анна Германга окшоштуруп калышат. Айрым адамдарды бирөөгө окшоштурса ачуусу келет го, мени Германга окшоштурса, тескерисинче, сыймыктануу менен кабыл алам. Анткени ушул адам менин ырдоомо түрткү болгон.
Интернет жылдызына айланган Байзак ырчы: аябай толкунданып жатам... - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Интернет жылдызына айланган Байзак ырчы: аябай толкунданып жатам...
— Башка балдар-кыздардай эле кадимки айылда чоңойгон карапайым кызда Анна Германга болгон сүйүү, жакындык кайдан пайда болду?
— Мен орус чалыш үй-бүлөдө чоңоюп, чоң атам менен чоң апамдын колунда өскөм. Атам жети эркектин улуусу болгондуктан мени чоң атамдар небереси катары эмес, жети эркектен кийинки кызындай кылып багып, тарбиялашты. Мындайча айтканда, байкелеримдин сүйүүсүнө чөмүлүп чоңойдум. Үйдө көбүнчө орусча сүйлөшүп, чоң атам да Анна Германдын ырларын укчу. Байкелерим машинада дайыма Германдын, Валентина Толкунованын, Владимир Высоцкийдин, Людмила Сенчинанын ырларын коюп, үйдө да орустун классикалык ырлары жаңырчу. Мунун да балага таасири тиет экен. Ошол кезде эле Анна Герман ырдаса, денем чымырап кетчү.
© Sputnik / Асель СыдыковаФатима Серазиева: продюсер экөөбүздүн музыкалык табитибиз бир болушу зарыл. Анткени ал башка нерсени, мен башканы сүйлөп жатсам толук команда куралбай калат
Певица Фатима Серазиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Фатима Серазиева: продюсер экөөбүздүн музыкалык табитибиз бир болушу зарыл. Анткени ал башка нерсени, мен башканы сүйлөп жатсам толук команда куралбай калат
— Адам жөндөн-жөн эле ырдап калбайт го. Баары бир генде болушу керек да?
— Чоң апам эле кээде кыргызча ырларды көрүп, кошулуп ырдап калганы болбосо үйдө эч ким ырдабайт. Ырдагандар болгон да эмес.
— Азыр продюсериңиз барбы?
— Жок, азырынча продюсер деле караштырган жокмун. Өзүмдүн кадамдарымды кичинеден таштап жаткан учурум.
— Оюңуздагы продюсер кандай болушу керек? Анткени азыр биз менеджерлерди эле продюсер катары түшүнүп калбадыкпы. Чындыгында мындай кесиптин ээси музыкалык билимге ээ болушу керек да?
— Ооба, туура. Продюсер экөөбүздүн музыкалык табитибиз бир болушу зарыл. Анткени ал башка нерсени, мен башканы сүйлөп жатсам толук команда куралбай калат. "Мен момуну ырда дедимби, ырдайсың" — деген эмес, мени да угуп, ичимде болуп жаткан сезимдер менен бөлүшө билген, таланттуу продюсер болсо сонун болмок.
— Музыкалык билимиңиз барбы?
— Жок, музыкалык билим алган эмесмин.
— Анда мындай деңгээлде ырдоо талантпы же сиздин угуу жөндөмүңүз жакшы өрчүгөнбү?
— Билимим жок экенин айтсам көп киши ишенбейт. Бардыгы кудайдан, анан кыргызда табияттан деп коёт эмеспи. Анна Герман, Людмила Сенчина, Тамара Миансаровалардын ырларын угуп, ушул ырчылар үндү көтөргөн жерде көтөрүп, алардын интонациясы менен ырдоону үйрөнгөм. Негизинен ушундай жол менен эле ырдап жүрөм. Менин мугалимдерим деле ушулар. Бул ырчыларды көрбөсөм дагы өзүмдү алардын ырлары, ырдаганы менен тарбиялап келем. Ырдын сөзүнө ушунчалык маани берем, анын ар бир сабын жүрөгүмдөн өткөрүп ырдайм. Ошол окуянын ичине кирип алып, элестетип аткарам, жашап да алам. Мени ушул ырчылар, алардын чыгармаларына болгон сүйүүм тарбиялады десем болот. Булар менин устаттарым.
© Sputnik / Асель СыдыковаСеразиева: билимим жок экенин айтсам көп киши ишенбейт. Бардыгы кудайдан, анан кыргызда табияттан деп коёт эмеспи
Певица Фатима Серазиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Серазиева: билимим жок экенин айтсам көп киши ишенбейт. Бардыгы кудайдан, анан кыргызда табияттан деп коёт эмеспи
— Алдыда кандай пландарыңыз бар. Музыкалык билим алуу оюңуз барбы?
— Жок, азырынча андай пландарым жок. Ырдаган видеолорум интернетте тарагандан бери элден концерт коюу тууралуу сунуштар, өтүнүч каттар көп келди. Ошондон кийин концерт берүүгө даярданып, оркестр менен иштей баштадым. Акыры Бишкек мэриясынын алдындагы эл аспаптар оркестринин дирижёру Бакыт Тилегеновго жолугуп, ал киши менен бирге даярдык көрө баштадык. Маэстродон сабак алуудамын. Бакыт агай: "табияттан берилген нерсени бузбаш керек" деп үндү көмөкөйдөн туура алып чыгууну үйрөтүп, азыр ырдоодо дем алуу органдарын жөнгө салуудабыз. Мен чынында табигыйлыгымды жоготуп алуудан корком.
— Өзүңүзгө ылайыктап атайын ыр жаздырдыңызбы?
— Азырынча кыргыз тилинде ыр жаздырууга көңүлүмдөгүдөй адамды таба элекмин. Ал эми орус тилинде ыр жаздыруу боюнча россиялык композитор Василий Поповго кайрылайын дегем оюм бар. Толкуновага, Сенчинага мүнөздүү ырларды жаздырып жүрөт. Кыргызстандык композиторлорго жарнама берүүнү да ойлоп жатам. Себеби бизде да жакшы жазган таланттар көп.
© Фото / Бакыт КутманалиевФатима Серазиева: ырдын сөзүнө ушунчалык маани берем, анын ар бир сабын жүрөгүмдөн өткөрүп ырдайм
Певица Фатима Серазиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Фатима Серазиева: ырдын сөзүнө ушунчалык маани берем, анын ар бир сабын жүрөгүмдөн өткөрүп ырдайм
— Жол көрсөткөн адам барбы?
— Мен өз алдымча иш жасап көнгөн адаммын. Анан "туура" деп эсептеген ишимдин артынан түшкөн көктүгүм бар. Албетте, интернетке ырларымды жайгаштырууда, аны тартууга жардам берген адам оператор Бакыт Кутманалиев байке болду. Ушул байкени бир тууганымдай көрөм. Мага дайыма колун сунуп, жол көрсөтүп, кеңешин берип турат. Анан жамандык-жакшылыкта колдоосун аябаган курбум бар. Ыраазы болом.
Ырчы  Алтынай Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Ырлары миллион көрүүчү топтогон Алтынай: мамлекеттик кызматта экениме сүйүндүм
— Кыргыз, орус тилин кошкондо беш тилде сүйлөйт экенсиз. Качан үйрөнүп жетиштиңиз?
— Бул жөн гана кызыгуу болсо керек. Анткени бардык нерсе кызыгуудан улам жаралат эмеспи. 11-класска чейин англисче билчү эмесмин. Тил үйрөнүүнү жактырчу эмес элем. Мүмкүн бул жалкоолук болгондур, бирок кийинчерээк кызыгып баштадым. Алгач АКШ элчилигинин алдындагы уюмда ыктыярчылар менен жүрүп үйрөнүп кеткем. Ал эми поляк тилин Анна Герман үчүн өздөштүрдүм. Испан тили да жаккандыктан кереги тиет деген тейде өз алдымча үйрөнгөм. Курстарга барган эмесмин. Өз алдымча китептен эле үйрөндүм. Бирок бизде испан жана поляк тилинде сүйлөгөндөр өтө аз болгондуктан профессионалдуу деңгээлде сүйлөйм деп айта албайм. Ал эми англис тили боюнча өзүм репетитор болгондуктан практика бар.
© Фото / Бакыт КутманалиевФатима Серазиева: поляк тилин Анна Герман үчүн өздөштүрдүм
Певица Фатима Серазиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Фатима Серазиева: поляк тилин Анна Герман үчүн өздөштүрдүм
— Ырларыңыз жалаң эле орус тилинде, концертте башка тилдерде да ырлар жаңырабы?
— Орус, кыргыз жана татар тилинде да ырдайм. "Кыргызстанда жашап жаткандан кийин кыргызча ырларды да кошуу керек" деген ой менен бир нече ыр даярдап жатабыз. Негизи менин советтик фильмдердин саундтрегин ырдап чыкканымды, интернеттеги кыргыз сегменти кабыл албайт го деп ойлогом, коркком. Бирок жакшы кабыл алышты. Сүйүндүм.
Жаңылыктар түрмөгү
0