Адистер чет өлкөдөн маалымат топтоп... "Манас ааламы" атласын чыгаруу пландалууда

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСтамбулдагы Манас эстелиги. Архив
Стамбулдагы Манас эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Атласты чыгаруу үчүн "Манас" эпосуна тийиштүү болгон материалдык жана маданий мурастардын объектилерин тандап алуу иштери башталганы турат.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Манас ааламы" атласын басып чыгаруу пландалып жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясына барып, мекеменин президенти Топчубек Тургуналиев менен жолугушуу учурунда сөз болду.
ТИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, "Манас" эпосуна тийиштүү болгон материалдык жана маданий мурастардын объектилерин тандап алуу иштери башталганы турат.
"Бул максатта Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө академиянын мүчөлөрүнө экспедициялар уюштурулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле министр Казакбаев балдар үчүн Манас жөнүндө адаптациялык китеп чыгаруу, дүйнө эли кыргыз элинин бай фольклордук жана рухий, адеп-ахлактык мурастары жөнүндө көп билүүсү үчүн аларды чет тилдерге которуу зарыл экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0