16:54 03 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7053
  • EUR100.6553
  • RUB1.1624
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
237630

"Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблин түптөп, жубайы Самара Токтакуновага устат болуп, СССРдин эл артистигине чейин жеткирген залкар инсан, комузчу Чалагыз Исабаевди билбеген кыргыз жокко эсе. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу таланттар Чалагыз Исабаев менен Самара Токтакунованын уулу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев менен маек курган. Актан Исабаев атасын эскерип, ал кишинин адамдык улуу сапатын айтып отурду.

— Сиз эки залкар адамдын уулусуз. Атаңыз Чалагыз Исабаев кыргыздын маданият чөйрөсүнө көп эмгек жумшап кеткен адам. Атаңыз тууралуу эмне айтар элеңиз?

— Биздин үй-бүлө үчүн да, мен үчүн да атабыз чоң аска тоо. Адамдык касиети жагынан да, чыгармачыл чөйрөдө да чоң жолду басып өтүп, көп ийгиликтерге жеткен адам. Биздин сыймыгыбыз. Ал кишини өзүнчө бир планета эле десек болот. Карап туруп, ар кыл жагынан сабак алууга болор эле. Бир ишти жасаганы, эл менен иштешкени, маек курганы, жадагалса мейман тоскону да үлгү болчу. Ал киши ой багып, сөз баккан тектүү адам эле. Атамдын таасири күч. Анткени экөөбүз бири-бирибизге абдан жакын элек. Ал кишинин айтканын кылып, көп нерсени ошондой жасоого абдан аракет кылчумун. Жадагалса тамак жасаганы да укмуш болчу. 

Комузист Чалагыз Исабаев. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Исабаевых
Актан Исабаев: биздин үй-бүлө үчүн да, мен үчүн да атабыз чоң аска тоо

— Ата-энеңиз убагында гастролдо көп жүрдү. Бала чактан бери жүрөк түпкүрүндө толбой калган кандайдыр бир сезимдер барбы?

— Албетте бар. Көп учурда ата-энебиз биздин жаныбызда болбой калгандыктан бала чагыбызды бир нерсе жетишпегендей, сагыныч менен өткөрдүк. Өзгөчө айылда жүргөндө кимди көрсөм эле "атам качан келет?", "апам келеби ыя?" деп сурай берчү экенмин. Анан акырында элдин баары көнүп калышкандыктан мени көргөндө эле: "ай, атаң мына, эми келет, кечээ мага кат жазды", — деп айтып калышкан (күлүп). Чет мамлекетке гастролго кеткенде айылдагы тайларымдыкына же шаарда өкүл балдарыныкына калтырып кетишчү эле. Дайыма жан дүйнөм жалгызсырап, ата-энемди эңсеп жашачумун. "Эмне үчүн башка балдардай дайыма ата-энем менен бирге жашай албайм" деп ойлоно берчүмүн. Арадан жети-сегиз күн өтүп келип калышат. Сүйүнүп отурсак кайра эле бир айга башка мамлекетке гастролго кетишет. Бир жолу 1976-жылы Америкага алты айга кетип калышкан. Мен төрт жашта элем. Жарым жылдан кийин келсе мен аларды тааныбай, апам чакырса таенемдин артына жашынып, ыйлап качыптырмын. Аны көргөн апам: "Мына, эми ушинтип калабызбы? Балдарыбыз бизди такыр эле тааныбай калыптыр", — деп ыйлаган экен. Ата-энем менен бирге үйүбүздө эле жүргөнүбүздү каалай берчүмүн.

— Балалык таарыныч бар турбайбы?

— Жок, таарыныч эмес, менде көбүнесе "кичинебизде ата-энебиз менен аз убакыт өткөрүп калдык" деген арман калды. Өз үйүңө эч нерсе жетпейт да. Гастролго кетерде бирөөнүкүндө калчубуз, канткен күндө өз үйүңдө жүргөндөй болбойсуң. Ээн-эркин жүрө албай кысыласың. Ошол себептен да тартынчаак болуп өсүп калдык. Азыркыга чейин ушул тартынчаактыгыбыз комплекс болуп калгандыктан жашообузда тоскоолдук кылат. Жаңы бир иш баштоодо да жулунуп, башкалардай тартыша албаганыбыздан бир нерседен кур калган учурлар болот. Азыр баары биринин артынан бири түртүшүп, жулунгандардын заманы болгонун көрүп жатпайбызбы. Биз андайга жокпуз. Кээде "бул балдарды атасы ток өстүрүптүр" деп калышат (күлүп). Чындыгында биздин болгон турпатыбыз ушул. Эл арасында акырын өз ишибизди кылып жүрө беребиз. Атабыз кайсы жерден кандай сүйлөштү, кантип жүрүштү баарын үйрөткөн. Башкача айтканда, кичинебизден эле өз ордубузду билчүбүз.

Певец Актан Исабаев в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Актан Исабаев: менде көбүнесе "кичинебизде ата-энебиз менен аз убакыт өткөрүп калдык" деген арман калды

— Тилекке каршы, атаңыз 53 жашында каза болуп калды. Кээде ал кишинин акыл-кеңештерине зар болсоңуз керек?

— Албетте, ушул убакка чейин эле муктаждык болот. Азыркыга чейин кайсы бир маселе болгондо "атамдан ушуну сурасам, кандай жооп бермек эле" деген ойлор боло берет. Атам мени жанына алып жүрүп калчу. "Жүрү, балам машинаны гаражга алып барып коёлу" деп жумуштан кеч келгенде ээрчитип алчу. Машина токтотуучу гаражыбыз да 6-кичирайондо эле. Күнүгө унааны токтотуп, кайра троллейбус менен үйгө келчүбүз. Жолдон барып-келгиче аркы-беркини сүйлөшүп отуруп үйгө жетчүбүз. Атам башынан өткөргөндөрүн айтып берип, кээ бир нерселерге менин оюмду да сурачу. Айрым маселеде көз карашын билдирчү.

Азыр ойлосом, балдары менен көбүрөөк пикир алышып, акыл-насаатын, жазгандарын, жаш кезин айтып, жол көрсөтүп калайын десе керек. Бул да болсо тарбия болду.

— Ошол каргашалуу күн эсиңиздеби? Сиз анда 19 жашта болсоңуз керек...

— Ал күнү мен Байтик айылында жашаган таежемдикине кеткем. Дем алыш күндөрү борбордун ызы-чуусунан тажаганда ошентип үй-бүлөбүз менен шаар сыртына кетип калчу элек. Кечинде үйгө келе жатып эле башкача болуп, күндүн батышы да бөлөк сезилди. Асман боз түшкөнсүп, бир кызык эле болуп жаттым. Бирок ошол сезимдер бекеринен келбейт экен. Эртеси эртең менен атам жанагындай жамандыкка кабылып калыптыр. Саат 11де суук кабар уктук.

Жол кырсыгынын катуу болгонун ушундан билиңиз, атамды ары-бери өткөн эл тааныбаптыр. Кээ бирлер "дунган киши экен" деп өтүп кетиптир. Анан ошол жерден өтүп бара жаткан жездем таанып, дароо токтоп, унаадан алып чыгышат. Ошол убакта дем алып жаткан учуру экен, бирок ооруканага барганда үзүлүп кетиптир.

Тоң районундагы музыкалык мектептин бет ачарына барган. "Элес" тобунун атын койгон атамдын досу, жазуучу, драматург Азиз Салиев аксакал: "Чалагыз, сен эми кыргыздын музыкалык аспаптарына кызыгып, изилдеп жүргөн адамсың. Ушул мектепти ачып берип, өзүңдүн кеп-кеңештериңди айтып берсең", — деп чакырган. Кырсык ошол жактан кайтып келе жатканда Балыкчыдан болуп жатат.

Музыкант Чалагыз Исабаев и Народный артист СССР Самара Токтакунова
© Фото / из личного архива Самары Токтакуновой
Жубайлар — Самара Токтакунова жана Чалагыз Исабаев

— Чалагыз агай артына чоң өнөр калтырып кеткен адам. Ошол өнөрү кайдан келген экен?

— Бул киши 16-17 жашында Ысык-Көл облусунун Темир айылынан качып борборго келиптир. Атабыз эки жашында атасынан да, энесинен да айрылып жетим калып, атасынын бир тууган агасынын, Исабай атабыздын колунда чоңойгон. Анысы аз келгенсип, баккан чоң энеси да өгөй экен. Негизи өзүнүн атасынын аты Алымкул. Азыр Исабай атабыздын да балдары бар эмеспи. Фамилиябызды өзгөртсөк, алар таарынып калат деп "Исабаев" болуп калганбыз. Эми атама куран окутканда гана "Алымкул уулу" деп айтып жүрөбүз.

Атам эрте жашынан айылда трактор айдап жүрөт. Бир күнү аябай чарчап, трактор айдап келе жатып, көзү илинип уктап кетет. Ошондо аңгыл-дөңгүл жолдо оң дөңгөлөгү ыргып кетип, трактор бир жагына кыйшайып калат. Атамдын эч жери жабыркабайт, бирок башкармадан аябай коркот. Түз эле үйгө барып: "эртең менен башкарма урушат, андан көрө шаарга кетейин", – деп болгонун айтып, шаарга кетчүлөрдү иликтейт. Кошуна байке шаарга алма жүктөгөн айылдашы жөнөп жатканын айтып, бирок ал макул болбойт дешип, ага айтпай шаарга жөнөп жаткан чоң машинанын артына жашырынат. Атам шаарга ошентип жатып эптеп жеткен экен.

Бул кишинин тагдыры бала чагынан эле тайкы болуп, көп азап көргөн. Ошол себептен "балдарым мен көргөндү көрбөшү керек" деп катуу эмгектенип, алдыга умтулуп, өзүн-өзү тарбиялаган да. Бир нерсени жасаганда майын чыгара жасачу. Башынан эле комузга кызыкчу экен. Алгач эле музыкалык училищеге келип, көптөгөн кыйынчылыктарды көрөт. Аны менен бирге ошол убакта жакшы адамдар жатакана, дагы башка жагынан жардам беришиптир. Ал кезде орус, кыргызына карабай элдин пейили жакшы экен да. Кыскасы, кудай насип кылып, өнөргө аралашып калган экен.

— Бала үчүн атасынын апасына болгон сыйын, сүйүүсүн көрүп өсүүдөн өткөн бакыт жок дешет. Ата-энеңиздин мамилесинин сизге таасири кандай болду?

— Булар эки көгүчкөндөй өмүр сүргөн түгөйлөр болду. Чоочун адамдар деле экөөнүн мамилесине, эки ак куудай өмүр сүргөнүнө суктанчу. Экөө үйлөнгөндөн кийин көп жылга чейин апам атамды "агай, Чакен агай" деп жүрчү экен. Атам: "ой, Чакен деп эле айтчы", — деп жүрүп, анан көндүрүптүр (күлүп). Экөөнүн ортосу сегиз жаш айырма да. Атабыз каза болгондон кийин апам деле кусалыктан улам артынан кетип калышы ыктымал эле. Сезими ушунчалык күчтүү болгон. Бирок үй-бүлөсүн, балдарын ойлоп, белин бекем бууп, жашоого умтулду өңдөнөт. Бул кишилердин сүйүүсүнө көз да тийип кеттиби деп ойлоп кетем. Бирок атам 53 жашка чейин эле жашаса да жашоодон бардыгын көрүп, 80-90 жашка чейин жашагандардай эле көп нерсе жасап кетти. Такыр жаны тынчу эмес. Бош жатканын көргөнүм жок. Эртең менен турганда эле көнүгүүдөн баштачу. Чуркап келип жуунуп алып бир иштерди жасап, анан ашканадан тамактанып алып жумушка кетчү. Ошол эки-үч сааттын ичине колуна комузун алып машыкканга да жетишер эле. Эч максатсыз эле телевизор көрүп жатканын көргөн эмесмин.

Певец Актан Исабаев в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Актан Исабаев: атабыз урушпай, шашпай акырын түшүндүргөндүктөн апабыз ушундай залкар комузчу болду деп ойлойм. Ушундай эки таланттан төрөлүп калганым үчүн абдан бактылуумун

— Ошол убакта эле азыр колдонулуп, модага айланып жаткан түшүнүк — тайм-менеджмент болчу экен да?

— Ооба, бул кишинин менеджерлиги күчтүү болчу. Он беш кишиден турган комузчулар ансамблин түзгөндө ишинин жемишин мен да байкадым. Жаңы чыккандан баштап эле комузчулар менен келишим түзгөндөрдүн аягы сууган жок. Улам Америкага кетишет же Францияга, андан келип дагы башка чет өлкөгө жөнөшчү. Таң калам, ошол кезде комузчулар ансамблинин атагы укмуш дүркүрөп чыккан. Андан тышкары, өзү оркестрде кыякта ойночу. Атам кыякчы да, комузчу да болчу. Ал кезде ата-энебиз менен бирге тамак ичүү да бизге өзүнчө бакыт эле. Апам казандын жанында туруп, тамак жасап жатса биз кызыгып карап турчубуз. Болбосо биз көбүнчө тамакты таежемдин же дагы башка бир туугандарыбыздын колунан ичип жүрчүбүз да. Анан үй-бүлөбүздө мээрим, ынтымак болгондугунан ырыскы да болду. Апамдын өнөргө келишине атамдын таасири чоң. Атабыз урушпай, шашпай акырын түшүндүргөндүктөн апабыз ушундай залкар комузчу болду деп ойлойм. Ушундай эки таланттан төрөлүп калганым үчүн абдан бактылуумун. Анткени адамдын гени, дээри деген түшүнүк бар да. Агам экөөбүзгө акырын айткан сөз эле жетиштүү болчу. Бизди сабап, урушуп кереги жок эле. 

Кичинебизде атам бизге Европадан мыкты грампластинкаларды алып келип берчү эле. Андай пластинкалар эч жерде жок. Уксаң тим эле сонун музыкалар. Абдан таасирленчүбүз. Менин ырларымдагы айрым өзгөчөлүктөр ушул чет элдик музыкалар менен эрте таанышкандыгымдан болду окшойт. Бизге чоң тажрыйба берди.

— Атаңыз классикалык музыка жагынан билим алууга багыттаптыр. Эстрадага кетип ал кишинин үмүтүн актай албай калдым деген ойлор болбойбу?

— Жок, мен 1-курста окууга тапшырганда эле фортепиано багытында кеткем. Ал убакта атамдын көзү тирүү болчу. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуп жүргөндө 4-класстан эстраданы жактыра баштадым. Ошондо атам каршы болгон жок. "Балам, биринчи ушул мектепти бүтүр, кийин чыдап консерваторияны бүтүп кой, анан каалаган тармагыңда иштей бер" деп айткан. Көрсө, кайсы тармак болбосун, алгач билим алуу керектигин айтыптыр. Азыр оранжировканы да өзүм жасайм. Ар кандай музыкалык аспаптарда мыкты ойной албасам да теориялык жактан жакшы билем. Бул жумушумда чоң жеңилдик. Продюсер да боло алам. Продюсер деген биздикиндей болбойт, азыркылар жөн эле менеджер. Продюсер музыканы да мыкты түшүнүшү керек.

Атам каза болгон 1991-жылы 2-курс кезимде академиялык өргүү алып соода-сатыкка кеттим. Ошол учурда союз урап, баары жеке менчикке чыгып, кыйын кезең болду. Тилекке каршы, окууну токтотуп иштөөгө туура келди. Соода менен Пакистанга, Түркияга барып келип жүрдүм. Ошентип буттан тургам. Андан кийин кайрадан музыкага кайтып келдим.

Комузист Чалагыз Исабаев
© Sputnik / Мамадалиев
Комузда кол ойнотуп кыргыздын музыкасын дүйнөгө тааныткан чыгармачыл инсандардын сүрөтү 1984-жылы Фрунзе шаарында репетиция учурунда тартылып алынган. Анда Чалагыз Исабаев — 47, Самара Токтакунова — 39, Айша Базарбаева 34 жашта эле

— Азыркы музыка, эстрада чөйрөсүндө сизди түйшөлткөн маселелер барбы?

— Бизде таланттуу жаштар көп, бирок музыкалык терең билими барлар аз. Ырларын буюртма менен жаздырткандыктан, обону менен аткаруучусу дал келбейт. Музыка деген мындай эмес, анын түпкүрүнө терең баш багып, чыгармачылыкка баш-отуң менен кирип, түшүнүп, өзүңдүн багытыңды түзүп чыгышың керек. Кээде "ыр жазып бер" деп келишет. Кандай ыр десең: "Мирбек Атабековдукундай", – дейт. Музыкага мындай мамиле жасоого болбойт да. Биринчи билим алуу керек. Кайсы аспаптар эстрадага коошот, аны да билип алуу керек.

— Буга чейин маекке чакырганда бошобой жатканыңызды айтып, келе албай жүрдүңүз. Азыр да жумуштарыңыз менен жөнөй турган болуп кам уруп отурасыз. Убакытты үнөмдөө, жаны тынбай эмгектенүү жагынан атаңызга окшош окшойсуз. Дагы кайсы сапаттарыңызды окшоштурасыз?

— Азыр кичине атама окшоп баратам. Атамдын баскан-турганын, айткандарын эстеп, "кой, мен дагы атамдан кем эмес бала болоюн" деп аракет кылуудамын. Бирок кээде максатыңа жетүүгө тоскоолдуктар жарала берет. Биз деле атамдын жаш курагына барып калдык. Токтолуп, баарына акыл калчап, анан атабыздын жакшы сапаттарын балдарыма өткөрүп берсем дейм.

— Сиздердин үй-бүлөнү музыканттардын династиясы деп атоого болобу? Неберелеринде чоң атасы менен чоң апасынын таланты барбы?

— Ооба, улуу кызым комузду жакшы чертет. Ойногону, салмактуулугу ушунчалык чоң энесине окшош. Көчүрүп койгондой эле. Ушул жагын улантып кетсе экен. Андан кийинки кызым укмуш ырдайт. Батыш ырчыларын туурап, ырларды абдан жакшы аткарат.

— Атаңыз көп иш жасап кетти. Жетишпей калган иштери болдубу?

— Бир жакшы каалоосун билем. Үй-бүлөсү менен эл-жер көрүп, эс алып келүү эле. Каза болордон бир жыл мурун апам экөө эч кандай гастролу жок биринчи жолу жөн эле эс алып келишти. Андан кийин "кудай буюрса, баарыбыз чогуу чет мамлекетке эс алып келебиз" деп жаткан. Бирок кийинки жылы каза болуп калды. Андан башка бардык тилектерине жетти. Анан өзү бир китебин чыгарган, чыгара албай калган экинчи китебине тандалма күүлөрү менен ырларды кошуп кийин чыгардык. Ушунусун эле биз аткардык. Азыркы маданият министри Кайрат Иманалиев менен ага-ининин балдарыбыз. Үйүбүздө жүрүп, атамдын баласындай болуп калган. Атам өзү да эссе жазам дечү эле, бирок анысын ишке ашыра албай калгандыктан Кайрат муну мойнуна алды. Өлкөбүз өнүгүп кетсе, атабыз тууралуу тасма тартса да сонун болмок эле. Кызыктуу окуялары абдан көп. Өзү да абдан тамашакөй киши болчу.

Тема боюнча

Актан Исабаев: оокат кылуу үчүн эле ырчылыкка келгендер бар
Кыргызстанда алган айлыгымды айтуудан уялдым. Гобоист Кубанычбек Жусуповдун маеги
Белгилер:
Чалагыз Исабаев, Актан Исабаев, комуз, "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, Самара Токтакунова

ЭҢ МААНИЛҮҮ