Кыргыз кызы Казандагы сынакта вице-мисс болду. Сүрөт

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүНооруз майрамдык иш чараларынын катышуучулары. Архив
Нооруз майрамдык иш чараларынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Башкы байге үчүн Кыргызстан, Татарстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Башкыртстандан келген кыздар ат салышты.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Диана Зулпуева Казань шаарында өткөн "Нооруз сулуусу — 2021" сынагында байгелүү орунга татыды. Бул туурасында "Татар-информ" кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от modeli_kyrgyzstana (@modeli_kyrgyzstana)

Сулуулар жарышы Нооруздун урматына уюштурулуп, ага Кыргызстан, Татарстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Башкыртстандан кыздар катышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от modeli_kyrgyzstana (@modeli_kyrgyzstana)

Калыстар тобу жеңүүчү деп казакстандык Карина Кабдуллинаны тандашты. Вице-мисс өзбекстандык Юлия Ким болсо, экинчи вице-сулуу наамы кыргызстандык Диана Зулпуевага ыйгарылды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от modeli_kyrgyzstana (@modeli_kyrgyzstana)

Татарстандык чүрөк Камилла Равилова эң эле уялчаак сулуу, тажикстандык Сабрина Борзова эң жагымдуу селки деп табылды. Күйөрмөндардын арзуусуна башкыртстандык Яна Анварова татыган.
Жаңылыктар түрмөгү
0