Байге фонду миллион сом! Бишкекте республикалык айтыш өткөрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКомуздар. Архив
Комуздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Маданий иш-чара "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналары белгиленет.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкектеги 27-28-март күндөрү республикалык акындардын айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Республикалык "Айтыш" коомдук фонду кабарлады.
Иш-чара аталган фонддун 20 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналары жазылган.
27-мартта Коомдук телерадио корпорациясынын концерттик залында тандоо туру болсо, 28-мартта улуттук филармонияда жеңүүчүлөр аныкталат. Мелдештин байге фонду — бир миллион сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0