Айтматов жана залкар актрисалар. 40 жыл мурунку таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Кыргыз театры менен киносунун жылдыздары Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова, Жамал Сейдакматова жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү 1981-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ал жылы "Кыргызфильмдин" 40 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага режиссер, сценарист, оператор жана актерлор Кино үйүнө чогулган. Анда Кинематографисттер союзун залкар калемгер Айтматов жетектеп турган.

Ошол кезеңди Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлсара Ажыбекова мындайча эскерет.

"Москвадан жогорку окуу жайды бүтүп келгенде Даркүл, Сабира эжелер бизге жол көрсөтүп, көп жыл чогуу иштешип калдык. Чыгармачылыгымда алар менен гастролдорго чыгып, айылдагы маданият үйлөрдө, ээн талааларда далай спектаклдерди койдук. Күйүкова менен Бартольд Брехтин "Өлөрман эне" пьесасында чогуу иштешип, Даркүл эже өлөрман эненин, мен дудук кыз Катриндин образын жаратып жүрдүм. Ал эми Сабира апа менен да көп кинофильмдерге тартылдым. Залкар актриса күндө жолдошу Муратбек Рыскулов агай экөө борбор калаадагы Эркиндик бульвары аркылуу жумушка жөө келишчү. Кээде баарлашып чогуу басып калчубуз. Ал инсандар кыйынчылыкты көтөрө билген, ишмерман, анык элдик адамдар эле. Чыңгыз ага болсо 25 жыл Кинематографисттер союзунун башында турган. Кайра куруу жылдары башталганда кызматын тапшырып кетип, кийин бир дагы жолу басып келген жок. 2000-жылдардын башында атайын чакырып кыргыз киночуларынын эмгектерин көргөзгөнбүз. Негизи жазуучу бизге көп жардам берди. Мисалы, азыркы Кино үйүн сактап калууга көмөктөшкөн. Анткени анын имаратын алдырып жибере жаздаганбыз", — деди Ажыбекова.

Ал жылы Күйүкова 62, Күмүшалиева 64, Ажыбекова 31, Сейдакматова 42, Айтматов 53 жашта болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0