19:10 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
5110

Автордун айтымында, китеп илимий же көркөм чыгарма болуп саналбайт. Өзүнүн башынан өткөн окуялары баяндалган эмгек эссеге жакыныраак экени белгиленди.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Айтылуу манасчы, филология илимдеринин доктору, Манас таануучулар эл аралык ассоциациясынын президенти Таланатаалы Бакчиев орус тилинде "Сказительский дар" (Айтуучулук касиет) аттуу китеп жазды.

Автордун айтымында, китеп илимий же көркөм чыгарма болуп саналбайт. Өзүнүн башынан өткөн окуялары баяндалган эмгек эссеге жакыныраак экени белгиленди.

"Мен бул китепте жашоомдун урунттуу делген учурларын, тагдырымды аныктаган ирмемдерди бердим. Мында башкы орунду улуу манасчы Саякбай Каралаев ээлейт. Мени Манас дүйнөсүнө жетелеп келген адам да ушул Саякбай. Арабызда жок болсо да руху анын өнөрүн улантчуларга шам чырак болуп келет", — деди Бакчиев.

Манасчы Манас дүйнөсүн, айтуучулук касиетти анча этибар албагандар бар экенин, Манас кыргыз элинин башын бириктирүүгө аракет кылган кайсы бир тарыхый каармандын, кагандын, баатырдын прототиби дегендер арбын экенин белгиледи.

"Манаска болгон ишеним бүгүнкү күндө да күч. Мен үчүн "Манас" эпостон чоң, бийик нерсе. "Эпос" деген сөздүн өзү да "Манастын" мазмунуна чак келбей кетет. Кыргыз тилинде Манас, манас таануу, айтуучулук өнөр боюнча маалыматтар, макалалар бар. Орус тилинде жарык көргөнү да ошондон, айтуучулук касиетти, өнөрдү даңазалоо максатын көздөдүк", — деди автор.

Бакчиев китеп эпикалык дүйнөгө кызыккан, анын күнгөй-тескейин түшүнгөн окурмандарга арналганын белгиледи.

Тема боюнча

Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек
Белгилер:
китеп, Манас, Талантаалы Бакчиев, Саякбай Каралаев, өнөр

ЭҢ МААНИЛҮҮ