Жапаров Кыргызстанда "Манас" театрын ачуу пландалып жатканын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызской Республики Садыр Жапаров
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, улуттук маданиятты өнүктүрмөйүн элдин жашоо-шартын жакшыртууга болбойт.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда "Манас" театрын ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып айтты.
Мамлекет башчы алдыда "Манас" эпосун даңазалоо боюнча атайын программа иштеп чыгуу жана каржы булагын табуу милдети турганын белгиледи.
"Манас" театрын ачуу боюнча алгачкы кадамдар жасалууда. Анын жардамы менен мамлекет манасчыларга кам көрүп, аларды бириктирип, ушул өнөрдү жайылтат", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле "Манас" эпосу темасы ар бир театрдын репертуарында болушу керектигин белгиледи.
Встреча премьер-министра Улукбека Марипова с предпринимателями, работающими в IT-сфере - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Марипов IT бизнесинин өкүлдөрү менен жолугуп, бир нече убада берди
"90-жылдары театр жана көңүл ачуучу мекемелеринин баары бош калган мезгил болгон. Азыркы тапта адамдарда руханий муктаждыктан улам театрга кызыкчылык бар. Биздин театрлар заманбап спектаклдерди, сахна концерттерин тартуулап, көрүүчүлөрдү өзүнө тартып туруусу учурдун талаптарынын бири болуп турат", — деди президент.
Өлкө башчы маданият тармагынын өкүлдөрүнө кайрылып, театрларды эффективдүү иштетүүнүн жолун таап, алардын чыгармачылыгын өстүрүү башкы милдет экенин айтты.
Жапаровдун белгилешинче, улуттук маданиятты өнүктүрмөйүн элдин жашоо-шартын жакшыртууга болбойт. Ал заманбап таланттуу акындардын, жазуучулардын жана композиторлордун жаңы чыгармалары элге керек болуп турганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0