Мыскал Өмүрканованын кызы Айнура: апам мени кайындарынан ала албай өкүттө калыптыр

© Sputnik / Табылды КадырбековЗалкар ырчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканованын жалгыз кызы Айнура Канжаева
Залкар ырчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканованын жалгыз кызы Айнура Канжаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Залкар ырчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканованы билбегендер аз. 1958-жылы Москвадагы декадада Өмүрканова "Алымканды" үч мүнөт созгондо Никита Хрущев тура калып кол чапкандыгы туурасында айтылып, жазылып жүрөт.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Мыскал Өмүрканованын жалгыз кызы Айнура Канжаева менен залкарды эскерүү максатында чакан маек уюштурган. Улуу талант эне катары кандай адам болгон жана ал кишинин өкүтү, тилеги тууралуу кызы айтып берди.
— Мыскал Өмүрканованын бала чагындагы урунттуу окуяларга кайрыла кетсек...
— Апам ортозаар жашаган адамдын кызы болот. Ал кичине кезинде эле ырдачу экен. Таятамдыкына айтылуу Куйручук олуя конокко келгенде атасы кызын сынатат. Ал кезде апам секелек кыз экен, келген меймандарга кайсы бир ырды аткарып берет. Ошондо Куйручук атабыз: "Дүйнөгө таанымал коңур үндүү кыз болот. Маңдайында чырагы жанып турат, бул баланы башка чаппагыла", — дептир. Убагында муну көп элес албаганы менен кийинчерээк гана апам бул тууралуу айтып калып жүрдү. Ошентип жүрүп, 13 жашында жетим калган апамды бир-эки жылдан кийин эле турмушка берип коюшкан. Биринчи турмушу — Сагыналы атабыз кийин согуштан кайтпай калганы белгилүү. Экөө бир уулдуу болушкан. Ал агам да кырсыктап каза болуп калат. Апам бир туугандарын кийин Бишкекке өзүнүн жанына алып келиптир. Эки сиңдиси Токон менен Нускал Чүйгө турмушка чыккан. Бир иниси Токмокто турчу эле, ал да кайтыш болуп кетти, бир агасы согуштан кайтпай калат. Мага келгенде Жумгалга барып келгендигин, төркүндөрүнүн жаңылыктарын, ал-акыбалын айтып берчү. Бир туугандарына абдан карамдуу эле. Баарына каттап турчу.
© Фото / предоставлено Айнурой КанжаевойАйнура Канжаева: Илгери башкармалар айылга келген меймандарды үйүнө чакырып сыйлашчу. Ошондо атам апамды жактырып калып, өз үй-бүлөсүн таштап артынан борборго кетип калат.
Народная артистка Киргизской ССР, певица Мыскал Омурканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айнура Канжаева: Илгери башкармалар айылга келген меймандарды үйүнө чакырып сыйлашчу. Ошондо атам апамды жактырып калып, өз үй-бүлөсүн таштап артынан борборго кетип калат.
— Экинчи турмушу, сиздин атаңыз менен кандайча баш кошуп калган?
— Жолдошу согушка кетип келбей калганда апам он жылдай өз алдынча ырдап жүргөн экен. Бир жолу азыркы Москва районуна концерт коюп келишет, ал кезде атам ошол жерде башкарма экен. Бирок ал кезде эки балалуу, үй-бүлөлүү болот. Илгери башкармалар айылга келген меймандарды үйүнө чакырып сыйлашчу. Ошондо атам апамды жактырып калып, өз үй-бүлөсүн таштап артынан борборго кетип калат. Турмуш дейбизби, сүйүүбү, айтор, экөө баш кошуп жашап калышкан экен. Эки уул, бир кыздын ата-энеси болушат. Кийин гана эки башка жолго түшүшкөн. Менин балалык чагым Москва районунда өттү. Убагында апам бир тууган таякелериң менен тааныштырсам жакшы болот эле деп койчу. Анда көп маани бербептирмин, кийин гана тайларым менен таанышып катышып жүрдүм. Апамдын 100 жылдыгынын өтүүсүнө ошол төркүндөрү, таякелеримдин жардамы зор болду. Өзүмдүн эркек бир туугандарым кайтыш болуп кеткен. Журналист Айбек Шамшыкеевдин атасы менен менин таятам бир тууган. Айбек апам тууралуу тартылган тасмадагы аты аталган адамдарды изилдеп, баардыгын толуктап китеп кылып чыгарды.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйнура Канжаева: Анан турмушка чыккандан кийин эне-бала бир беткей катташып калдык. Апам ошондо мага аялзатына керектүү көп таалим-тарбиясын берди.
Айнура Канжаева, дочь народной артистки Киргизской ССР, певицы Мыскал Омуркановой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айнура Канжаева: Анан турмушка чыккандан кийин эне-бала бир беткей катташып калдык. Апам ошондо мага аялзатына керектүү көп таалим-тарбиясын берди.
— Кичине кезиңизде көп байланышпай калыпсыз, бирок эне катары кандай инсан эле?
— Эне деген абдан ыйык да. Турмуштун кыйындыгын карабайсыңарбы, мени айылда алып калып, эрте турмушка бергендери аз келгенсип кичинемде апама да жиберишчү эмес. Апам айылга концерт койгондо гана жолугуп жүрдүк. Мен 9-классымда чоң энемдин көзү өтүп кетти. Анда деле "кой эми, өз апасына барсын" деп жиберишсе деле болмок. Ошентип, мектепти бүтөрүм менен күйөөгө берип коюшту. Турмушка чыкканга чейин уурданып апама бир келдим. Атайын издеп таап бардым. Ошондогу ал кишинин ыйлаганын, абалын эч нерсеге салыштырып жеткире албайм. "Эмнеге сени жибердим экен", — деп сыздап, ошондо болгонун болгондой айтып берген.
— Апаңызга таарыныч болдубу?
Композитор Адылбек Кыязов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2021
Баянды эшиктин жыртыгынан шыкаалап, кайтарып... Композитор Адылбек Кыязов менен маек
— Жок, болгон жок. Чынында кайын журтунан мени жулуп кетүү ал кишинин колунан келген эмес. Анткени ошол мезгилде улуу кишилерге сый-урмат күчтүү болчу да. Бирок качып келгеним билинип калгандан кийин: "мындан кийин кызым мага келип турат, жибергиле", — деп апам да талап койду. Ошондон кийин гана өз энеме айына эки жолу барып турдум. Анан турмушка чыккандан кийин эне-бала бир беткей катташып калдык. Апам ошондо мага аялзатына керектүү көп таалим-тарбиясын берди. Өзү сахна адамы болгону менен аялзатка тийиштүү оокаттарды, сары май, каймак, сүт өңдүү жайлоонун жашоосунун жөнүн жакшы билчү. Күйөө баласын аябай жакшы көрчү эле. "Мал менен жүрөт" деп жолдошума радио, бизге телевизор алып берген. Ал кезде айылдагы бир коңшунун үйүндө эле телевизор болор эле. Аякка да шылтоо менен барганда эле көрүп калбасак, телевизор көрүш кайда. Бирок кыраакы киши баарын байкаган экен. Ал убакта радио, телевизор алуу кыйын болчу. Анан жолдошума саяк уруусундагылардын ар кандай күлкүлүү окуяларын айтып берип күлдүрүп калчу. Мен "кызыксыз го, өзүңүз жактын сырын да айтасызбы?", — деп таң калсам, "чындыгы ушундай болуп жатпайбы", — деп күлчү. Мүнөзү аябай жумшак адам болгон. Келген сайын кайната-кайненеме да ар кандай белек-бечкектерди көтөрүп келчү. "Балам балалуу болгондо билесиң", — дейт. Көрсө, "кызым турмушка жаш чыкты, кайын-журту жакшы карашса, жылуу мамиле жасашса экен", — деп ойлочу турбайбы.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйнура Канжаева: Апам мени "окута албай калдым" деп көп арман кылар эле.
Айнура Канжаева, дочь народной артистки Киргизской ССР, певицы Мыскал Омуркановой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айнура Канжаева: Апам мени "окута албай калдым" деп көп арман кылар эле.
— Арманы, өкүтү болдубу?
— Апам мени "окута албай калдым" деп көп арман кылар эле. Кийин мен турмушка чыкканда үйүмө мейман болуп келип калганда аны уккан элдин аягы үзүлчү эмес. Жаш экенмин апам менен өзүмчө калып сырдашып, бирге жүргүм келчү окшойт. Биз деле сүйлөшүп отурчубуз, бирок конокко чакыргандар, үйгө келип ыр угабыз дегендер көп эле. Ошондуктанбы, экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурсак дей берчүмүн. Апам болсо эч кимдин көңүлүн кыя албаган жумшак адам эле. Мени дайыма "комуз үйрөнүп ал" дей берчү. Бирок өзүң бир үйдүн келини болсоң, кайдан үйрөнөсүң? Үйдө кайнене, кайнатам бар болчу. Ыйба кылчумун.
Фото Айбек Шамшыкеевдин Кылымдын авазы аттуу китебинен алынды. Мыкты аткаруучу, комузчу Мыскал Өмүрканова Дүйшө кызы. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2016
Ырчы Мыскал Өмүрканова тууралуу 10 факты. "Алымканга" Сталин эмес, Хрущев кол чапканда
Ооба, өкүтү да болду. Ал кишинин элүү жашын белгилегенден кийин эле дароо ардактуу эс алууга жиберип коюшкан. Элүү деген жаш эле курак да. Апам иштей берсе дагы далай ырларга өмүр тартуулап, канчалаган чет мамлекетте өлкөнүн атын чыгарып барып, концерт коюуга жарайт болчу. Ошол кезде эле көрө албастык, бут тосуулар болуптур. Эрте ырдабай калганы, экинчи турмушунан тигинтип ажырашып кеткени жана уулунун токко урунуп каза болгону апамды өкүткө салып койду. Бирок "мен элимдин кызматында болгонума кудайыма ыраазымын", — деп аябай топук кылар эле. Ал баарынан эли-журтун биринчи орунга койгон адам болгон.
— Ал кишинин Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине эки жолу депутат болгону белгилүү. Ал кезде саясий чөйрө да башка болчу. Бирок саясатка кандайча аралашып калды экен?
— Ооба, ал кезде заман башка эле. Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып иштеп тургандагы иштери, карапайым адамдарга жасаган жакшылыктары зор болгон экен. Жумгалдагы Баш-Кууганды айылына апамдын эстелигин тургузганы барганда ал кишинин элге жасаган жакшылыктарын бааладым. Баары эле мени менен учурашып, аксакал кишилер: "Мыскалдын кызы турбайбы" дешип апамдан көргөн жакшылыктарын айтып отурушту. Негизи апамдын убагында жасаган жакшы иштеринин көбүн мен элден эми угуп жатам.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйнура Канжаева: Ал кишинин элүү жашын белгилегенден кийин эле дароо ардактуу эс алууга жиберип коюшкан.
Айнура Канжаева, дочь народной артистки Киргизской ССР, певицы Мыскал Омуркановой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айнура Канжаева: Ал кишинин элүү жашын белгилегенден кийин эле дароо ардактуу эс алууга жиберип коюшкан.
— "Мыскалдын кызы" деп азыр барган жердегилер урматташарын айттыңыз. Бирок сиз бала кезде эле апаңыз Мыскал Өмүрканова болчу да. Ошол кезде сизге жоопкерчилик же жеңилдик болгону сезилчү беле?
— Мен окуп жүргөндө эле ырдачумун. Мени "ии, Мыскалдын кызы, чык, ырда" деп турушчу. Ошол убакта эле уюштуруучулукка да абдан шыктуу элем. Айылдаштарым мени "ырчы кыз" деп койчу. Анан айылга апам менен кошо белгилүү артисттер концерт коюп келгенде баары мени тегеректеп эркелетип, көтөрүп жатканын көргөндөр "аа-иий" деп суктанып калышчу эле. Азыр айылдык аксакалдар сотунда да иштейм. Ушул жактан да түрдүү маселелер менен келгендер арбын. Төркүнүнөн үлүш жер талашкан кыздарды көрөм. Ушундай үй талашкан бир туугандардын, ата-баланын маселеси өңдүү иштерди карап калабыз. Бирок дайыма калыс пикир, чечим билдиргенге далалаттанам. Анан да айылдык, райондук, облустук деңгээлдеги маданий иш-чараларга активдүү катышып келдим. Ушуга чейин апамдын арты менен эл арасында "Мыскалдын кызы" деген сый-урмат мамилеге туш болуп келем. Ошого ыраазымын.
Жаңылыктар түрмөгү
0