Бишкекте Гоголдун повестинин негизинде "Рождество алдындагы түн" балети көрсөтүлөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков3D-балет "Щелкунчик и Мышиный король" в Национальном театре оперы и балета имени А. Малдыбаева
3D-балет Щелкунчик и Мышиный король  в Национальном театре оперы и балета имени А. Малдыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
Кыргыз балетинин даңкын кайтаруу максатында коюла турган балеттеги бардык ролдорду Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын студенттери аткарат.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Николай Гоголдун повестинин негизинде жазылган "Рождество алдындагы түн" балетинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Кыргыз балетинин мурунку даңкын кайтаруу максатында коюла турган балет-спектаклдин бет ачары 25-февралга белгиленген.
"Спектаклдеги бардык ролдорду Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын студенттери аткарат. Балетте орус композиторлору А.К. Глазунов, М.И. Глинка, М.П. Мусоргский, Н. А. Римский-Корсаков жана Р.К Щедриндин музыкалары колдонулат", — деп жазылат маалыматта.
Келечекте спектаклди Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын репертуарына киргизүү пландалып жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0