15:57 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7835
  • EUR102.2065
  • RUB1.1450
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
239810

Жеңижок окуп билим алган, араб, фарси, чагатай жазууларын өздөштүргөн, Чыгыш философиясына каныккан киши болгон. "Жез таңдай акын Жеңижок, айтышарга теңи жок" деген сөз анын талантын баалоочулар тарабынан жүздөн ашуун жылдан бери айтылып келет.

Китебин советтик учурда чыгарбай жатып, узак жылдардан соң алгачкы жолу басылганда баш сөз жазган Чыңгыз Айтматов: "Дүйнө, адам, жакшы менен жаман, ак ниеттик менен кыянаттык, күнүмдүк тиричилик — ушунун баарына акын өзүнүн терең жана бекем көз карашынан, азыркы тил менен айтканда, философиялык-эстетикалык жана жеке концепциясынан туруп баа берет", — деп айтат. Анын ырларынан майда-чүйдөгө азгырылбаган бийиктигин, ой жүгүртүүсүнүн тереңдигин ар дайым байкайбыз. Айтыштардын чоң чебери болуу менен бирге санат-насыят, терме ырларында адамдарды ак жашоого үндөйт. Жеңижоктун артында бала калбаган, ошол эле кезде "ак куржун толо ыр калды" деп ырдап кеткен, ошол өз колу менен жазган мурастары да элге жетпегендигин, ал эми азыркы биз окуп жүргөн чыгармалары калк оозунан кийин гана жыйналгандары экендигин да айта кетмекчибиз.

Биз бүгүн Жеңижок Көкө уулу тууралуу 11 фактыны сунуштайбыз.

Таякелерине качып барып, аман калган. 1860-жылы Таластын Сары-Көбөн (азыркы Манас районундагы Покровка) деген айылында туулган, айрым булактарда анын киндик каны тамган жери азыркы Кара-Буура районундагы Жийде айылы, кээ бир адабияттарда Кара-Бууранын Шалтак айылы, дагы бир эмгектерде Таластын Кызыл-Күнгөй айылы деп айтылып келет. Анын өз аты-жөнү — Өтө, атасынын аты — Көкө, демек, Өтө Көкө уулу болгон. Уруусу — кытай, алардын ичинен — чоодан. Өтө жаштайынан томолой жетим калып турмуштун запкысын кыйла эле тартат. Бала кезинде ала оорусуна чалдыгып калат. Кара курсактын камы деп тууганы Ташкаранын тоюнда казан башында жүрсө, Ташкара анын аласын байкап калып, жигиттерине мындай дейт: "Тээтиги Өтөнү эмне кемегенин жанына жолотосуңар? Ала менен ооруп кетиптир го! Оорусу элге жугат, бир көк жетим менен таластык көбөйбөйт да, азайбайт, алып барып, мойнуна таш байлап, Кара-Бууранын суусуна салып ийгиле! Жообун мен берем!"

Ала деген оору тери оорусу болуп, адамдын бети-колуна чыкканда ак темгилдер пайда болуп, кишини аябай эле көрүмсүз, жийиркеничтүү кылып койгон жана башкаларга жугат деп эсептешкен. Жигиттер ала оорулуу Өтөнү Кара-Буура суусунун боюна алып келип сууга ыргытмакчы болгонбу же аяп турушканбы, айтор, бала: "Жанымды аман койгула, акелер, Аксыдагы таякелериме качып кетейин", — деп суранат да, жигиттерден ырайым алат. Жаш балага кол көтөрө албаган байдын жигиттери аны соодагерлерге кошуп, качырып жиберишет.

Аксы жериндеги балалыгы, жаштыгы. Таластан качып кеткен бала Аксы жергесинин Кара-Суу кыштагына энеси Алтынайдын туугандары тарапка жер которуп келген. Өтө өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде жашап өтөт. Аны ошол кара-суулук Садыр аттуу киши асырап алган. Ал кишинин энеси Айыке апа Өтөгө эне ордуна эне болуп, өз баласындай карап багып, табыпка салып, ала оорусунан арылтат. Өтөнүн тетик бала экенин байкаган байбиче аны медресеге берип, сабатын да жоюп, кат таанытат. Өтө араб тилинде жазып-окуганга үйрөнүп, табыгый билимдер менен да, классикалык чыгыш адабияты менен да таанышат, ошентип ансыз да табиятынан акылдуу, кыраакы баланын дүйнө таанымы кеңейип, билимдүү болот. Ырчылык өнөргө шыгы түшкөн Өтө элдик жомокторду, дастандарды, акындардын ырларын угуп, жатка билип, комузда кол ойното баштайт. Өспүрүм кезинде эле "Эр Төштүк", "Кожожаш" сыяктуу дастандарды, "Семетейди" айтат. Ал кездеги салт боюнча жер-жерлерди кыдырып, өнөрүн элге тартуулап жүргөн ырчы-акындардын артынан калбай ээрчип, Өтө өз өнөрүн арттырып, тели-теңтуштарынын ичинде, анча-мынча эл чогула калган жерде жамактатып ыр ырдап, кол ойнотуп комуз чертип калат. Акырындап эл оозуна алынып, атагы Аксыдан аша угула баштайт.

Жеңижок аталып калышы. Жогорудагыдай эл аралап жүргөн күз күндөрдүн биринде жаш акын достору менен Наманган жактан келе жатып, азыркы Аксы районунун борбору Кербендин базарында ошол кездеги атактуу ырчы Нурмолдону кездештирет. Ал акын тиги дүйнөдөгү бейиш-тозок жөнүн даабат кыла ырдап турган экен. Ошол учурда жеңи чолок кемселчен жаш бала комузун колуна алып, өзүнөн улуу акынга салам айтып шаанисин кылып, андан соң ушул дүйнөнүн жыргалын, жердин сулуулугун ырдап, малдуу-жандуулар, ырчылык менен молдочулукту ажырата билүүсүн айта кетет. Ошондо Нурмолдо тили так, сөздү орду менен таба билген акылы терең, сулуу келген жигиттин сөзүнө жыгылыштуу болуп, чогулган көпчүлүк кемсел кийген жаш ырчынын аты-жөнүн билбей, "Бул жеңи жок таап айтты. Жеңи жок кыйын ырчы экен!" дешип, ошондон тартып баягы ырчы Жеңижок аталып, кыска элдин кыйырына таанылган.

Арстанбектин батасын алып келет. Элге алына баштаганда Аксыдан ат менен Каркыра жайлоосуна барып Арстанбек ырчынын батасын алып келет.

Жеңижоктун эл-жерине келиши, Эсенаман менен айтышы. Эсенаман менен Жеңижоктун айтышы Талас жергесинде, Ташкара болуштун ашында болот. Ал кезде Аксыдагы үнү жагымдуу, төккөнү маанилүү Жеңижок акындын даңазасы элге сиңет, ал сөз Таласка да жетип калган. Ошол кезде Ташкара болуш Аксыдан атактуулардан Сулайманкул датканы, Осмонбек, Бекмурат болуштарды, Баялы, Осмон, Субан бийлерди, Алишер казыны ашка чакырат да, "жаңы чыгып аткан Жеңижок дегениңерди ала келгиле" деп кабар айттырат. Аш-тойго эл башыларын айтканда алар өздөрү билип эле байгеге сая турган күлүктөрүн, көк бөрү тарта турган улакчыларын, күрөшкө түшчү балбандарын, колуна бүркүт, ителги, куш кондурган мүнүшкөрлөрүн, эр сайыш менен эр эңиште эчен байге алган жигиттерин, сөзгө чебер чечендерин, акыл айтчу даанышмандарын, анан эл шайырлары: манасчыларды, төкмөлөрдү, ырчы, чоорчуларды ала келген. Бул жолу да аксылыктар менен кошо намыска жараар түрдүү өнөрлүүлөр келет. Салт боюнча эң биринчи төкмөлөр учурашып ырдайт. Айылга жакын калганда, өзүнүн туулган жерин, киндик каны тамган туу казыгын адеп көргөндө Жеңижок ырын төгөт. Эсенаман таланттуу акын болгон, ал казак-кыргызга жакшы таанылган кези. Бир чети жаш ырчыны сынап көрүү максатында, экинчи жагы таластык Ташкаранын тоюнда жар чакыруу милдетин кайдагы бир аксылык жаш балага алдырып койгон ич күйдүлүгүнөн улам, үчүнчү жагы казактын белгилүү ырчысынын алдында сынып калгандыктан Жеңижоктун тегине асылып, анын эски бир жарасын козгоп ырдайт. Ал ырынын бир жеринде Майкөттү пирге теңейт, өзүн бийик коюп, Жеңижокту теңсинбей мамиле кылат. Ошондо тууган жерине, ата конушуна келген Жеңижок бүткүл таланты менен тажрыйбалуу акынга жооп берет. Жеңижоктун айткандары өзүнчө кенендиги, ар тараптуулугу, сөздөрүнүн өлчөөсүз байлыгы менен айырмаланат. Ал ушул жолу Эсенаман менен айтышып, аны жеңип бүт Таласка, ары казакка таанылат. Бул айтыш кыргыз айтыштарынын классикалык үлгүсү катары мектеп программасына кирген.

Философиялык-дидактикалык ырлардын чебери. Эл оозуна кирип, кийин кагаз бетине түшүрүлгөн Жеңижоктун ырларынын арасында терме, санат, насыят түрүндөгү философиялык чыгармалары көп. Ал өз заманы, жашоонун маани-маңызы, бул дүйнө-тигил дүйнө, табият жана адам, үй-бүлөнүн баалуулугу сыяктуу түбөлүктүү темадагы чыгармаларды жараткан. Алардын ичинен "Аккан суу" аттуу ырын дастан катары азыркы элдик ырчылар аткарып жүрөт. Анда акын аккан сууну жашоонун оош-кыйышы, бирде өргө чапкан, бирде ойго салган катаал турмуш жолу менен салыштырып, ошол аккан суудай эле адам баласынын жашоосу бүтпөс экендигин, эч тоскоолдуктарга моюн салбай, улам арылаган сайын күчкө толуп, ошол аккан суудай алга карай умтулушун даңазалап ырдагандай. Ойчул поэзиянын классикалык үлгүлөрү болгон "Айт, айт десе", "Накыл кеп", "Үлгү ырлар", "Жакшы уул", "Дүнүйө", "Үй-бүлө", "Балам жок" сыяктуу мурастары кыргыз адабиятынын баа жеткис кенчи. Анын мындай саптары бар: "Адамдын көркү кашта бар, арчанын көркү ташта бар, акылдын кени башта бар"; "Алыс жол басмак атта бар, ар түркүн сырлар катта бар", "Асмандын көркү жылдызда, Ала-Тоо көркү кыргызда"; "Атың барда – жер тааны, атаң барда – эл тааны!"; "Эрмин десең – калп айтпа!"; "Эл тирилик кылганда, эсирип уктап кур жатпа!" "Атың начар болгон соң, кууганга жетпей койгон соң, аламандап теминбе"; "Кандар өтөт – калк калат, бетеге кетет – бел калат"; "Калкып учкан булуттай, замандар өтөт – эл калат"; "Эр жигиттин жакшысы, эл камы үчүн кам урат"; "Сексен күнү айтса да, сөз түгөнбөйт чеченден" ж.б. Жеңижоктун адеп-ахлак багытындагы ырлары кыргыздын көптөгөн муундарына кызмат кылган жана ошол кызматы дагы да улана бермекчи. Себеби ал адамдарга туура, гумандуу жолдорду көрсөткөн.

Тагдыр кошкон аркыттык айтылуу Көк сулуу баяны. Бул өзүнчө тарых-таржымалы бар чыгарма. Анын тарыхына караганда, кыздын өз аты Көк экен. Мына ошол кыз жанда жок сулуу, ажарлуу, келишкен келбеттүү болуптур. "Аргымак аттын басыгы, Аксыдан чыккан Көксулуу, ай тамак кыздын асылы" болуп жаш ырчынын жүрөгүнө от жагат. Ошол кезде Аркыттан чыккан Артыкбай (айрым варианттарда Жаныбек) байлыктын, бийликтин күчү менен аны келин кылып алат.

Ай жүздүү бетиң нур чайып,

Азилиңди ойлосом, -

Айылда жатпайм тынч алып.

Алтыным чачкан жарыктан,

Айланам көрккө курчалып.

Ашыктык иштин айынан

Азапты тарттым мынчалык!

Көрүшкөн күнүм салтанат,

Көркүңдөн Ай, Күн жалтанат.

Көркөмүң жанды көксөтүп,

Көмөкөйдөн бал тамат,

Көксулуум, көнөктөп көздөн жаш агат! — деген акын жер-сууга батпай калат. "Ашык бир болгон өзүңө акындын кайсы жазыгы" деп күйүтүн ырга салып жүргөндө тагдыр аны Сулайманкул болушка кездештирет. Ыр-күүсүн, дастандарын угуп көрүп, болуш аны Авлетим жерине ала кетет, дагы бир топ ырдатып жүрүп, "арманың айт, максатың айт" дегенде "аркыттык Көксулуу деген кыз менен жактырышып, сөзүм бүтүп калды эле, аны күчкө салып келин кылып алышты, ошону кайра мага алып бериңиз" дегенди айтып, башкага көнбөй койгон Өтөгө Сулайманкул болуш келинди алып келдирип берип, никесин кыйдырган экен. Көксулууну ошондо кайнатасы, дагы бир жерде кайненеси "перзентсиз өт" деп каргаган деген кептер айтылып келет.

Сүйгөнүн башка бирөө алып кетсе, кайра алып келип алыш өз кезинде бай-манап эмес жөнөкөй адамдардын тагдырында эч качан кайталанбаган.

Жеңижок экөө бала көрбөптүр... Акындын "Балам жок" деген ыры ошол тагдырдан жаралган. Акын элде жок жорук кылып Көксулууну өзү менен барган жерине ала жүрчү экен. Эл ичиндеги сөздөргө караганда, Көксулуу кийин оорулуу болуп калыптыр, ошондо Кетмен-Төбөдөн эжеси келип көчүрүп кетип, сөөгү ошол жакка коюлуптур. Жеңижоктун "Көксулуу" деген махабат баянын кемелине келтирип Замирбек Үсөнбаев, Жолболду Алыбаев, Өмүрзак Кайыпов, Самат Көчөрбаев ж.б. таланттар ырдап жүрөт. Маркум Элмирбек Иманалиев дагы мыкты аткарчу.

Акындын казасы, бейити жана музейи. Жеңижок Көкө уулу 1918-жылы каза болуп, азыркы Аксы районундагы Кара-Суу деген айылга коюлган. Ошол жерде музейи уюштурулган. Акын дүйнө салганда Токтогул Сатылганов "Жеңижокту жоктоо" деген кошогун чыгарат.

Жыйнагы Чыңгыз Айтматовдун баш сөзү менен чыккан. Акындын ырлары эл арасында оозеки айтылып келгени менен ошол кездеги саясий кырдаалдан улам китеп кылып чыгарууга мүмкүн эмес болгон. Анын алгачкы китеби 1982-жылы Асанбай Жусупбековдун түзүүсүндө, Төлөгөн Касымбековдун радакторлугунда Чыңгыз Айтматовдун баш сөзү менен он төрт миң нускада чыккан.

Акын акындардын баасында. Жеңижок көз жумганда Токтогул Сатылганов:

Ак тулпар кетти желеден,

Ак шумкар учту чегеден,

Эми туулбайт сендей пендеден!

Көк тулпар кетти желеден,

Көк шумкар учту чегеден,

Эми жаралбайт сендей энеден!

Тобурчак аттын дулдулу,

Топ жыйындын булбулу,

Аргымак аттын дулдулу,

Ак калпак элдин булбулу! – деп арман ырын ырдаган.

Ал эми акын Коргоол Досуев төмөнкүчө төккөн экен. Ал саптар азыр да эл арасында айтылып келет.

Ак калпактуу кыргыздан,

Айтышарга теңи жок,

Эки жаактуу пендеден,

Эрегишер теңи жок,

Элдин анык булбулу,

Элеп төккөн чени жок , – деп Жеңижоктун чеберчилигин жогору баалайт.

Ал "орто бойлуу, ак жүздүү, тегерек кыркма сакалдуу, толмочунан келген сулуу, колу ачык март, үйүнөн мейман үзбөгөн меймандос, ырдаар алдында бир күрсүнүп алып, тилин соймоңдотуп ырдаган" адам болгон.

Көптөгөн чыгармачыл адамдарга дем берди. Анын чыгармаларын Жолболду Алыбаев, Элмирбек Иманалиев, Саламат Садыкова, Роза Аманова, Асылбек Маратов, Өмүрзак Кайыпов, Аскат Мусабеков ж.б. ырчылар аткарып келет.  Жеңижоктун ысымы Аксы районундагы мектепке, Жалал-Абад шаарында бир, Бишкек шаарынын "Көк-Жар" жаңы конушунда бир көчөгө ыйгарылган, 2010-жылы ага арналган, сүрөтү түшүрүлгөн почта маркасы чыккан.

Тема боюнча

Алыкул Осмоновдун жети трагедиясы. Акындын дүйнө салганына 70 жыл болду
Жеңижоктун "Аккан суу" ыры туурасында алты факты
Белгилер:
философия, ыр, акын, Жеңижок Көкө уулу, Аксы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ