Кыргызстандагы музейлер Көчмөндөр оюндарына даярдана баштады

© Sputnik / Мария СеливановаГосударственный музей оружия в Туле
Государственный музей оружия в Туле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Бүгүнкү күндө мамлекетке таандык 58 музей бар. Анын ичинен жарымы министрлик, жарымы жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланат.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев өлкөдөгү музейлердин жетекчилери менен жолугушту. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандагы эл аралык музейлер кеңешинин башчысы Аида Алымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Радио
Алымова: музейлер виртуалдык экскурсия форматына өтө баштады
Анда Кыргызстанда музейлер ассоциациясын түзүү, 2021-жылы Россияда өтүүчү эл арлык "Интермузей" фестивалына жогорку деңгээлде катышуу, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар талкууланган. Ошону менен катар аймактардагы маданий мурастар, тагыраак айтканда, саймалуу таш, петроглифтерди кароо, анын корголушун көзөмөлгө алуучу атайын инспектор штатын түзүү жана методикалык борбор ачуу демилгелери айтылды.
"Музейлердин негизги миссиясы — элдин руханий жана маданий баалуулуктарын сактоо, көбөйтүү жана келечек муунга жеткирүү аркылуу даңазалоо. Мындан улам жарандарга жеткиликтүү болуш үчүн экспонаттарды санариптөө, каталог түзүү, аудиогид системасын киргизүү, портал иштеп чыгуу жана маркетинг иш-аракеттерин күчөтүү керек", — деди Иманалиев.
Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы музейлердин саны 118ди түзөт. Анын ичинен 58и мамлекеттик, министрликтин бюджетинен каржыланганы 29, жергиликтүү бийликтен каржыланганы 29 экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0