18:26 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (381)
538 0 0

Чыгаан акын, комузчу, ойчул, күүчү, обончу Арстанбек Буйлаш (Бойлош) уулу тууралуу  аңыз сөз эл арасында көп жылдар бою оозеки гана айтылып келген, кагазга түшпөгөндөн кийин андай маалыматтар таразадай так болду деп айтуу бир кыйла опурталдуу эле.

Арстанбек жөнүндө советтик учурда ашкере айтууга, жазууга атайын кызматтар жана партиялык уюмдар катуу тыюу салган. Өткөн кылымдын соңунда гана Арстанбек Буйлаш уулунун мурастарынын өтө аз бөлүгү болсо да колубузга тийди. Осмонкул Бөлөбалаев "Кийинкиге калганга, тарых айтып ырдаган, ак-каранын баарысын, таанып айтып ырдаган" деп мүнөздөгөн Арстанбек ырчы тууралуу 12 факт сунуштайбыз.

Атасы болуш, өзү бий болгон. Тарыхчы-архивчи Кыяс Молдокасымовдун Алматы шаарынын архивинен тапкан документтер боюнча Арстанбектин атасы Буйлаш Нарын дарыясынын жээгинде болуш болгон, ал тынымсейит уруусунан чыккан. Уулу Арстанбек Ысык-Көлдүн Жууку болушунун биринчи айылына 1873-жылы үч жылдык мөөнөткө бий болуп шайланган.

Туулган, каза болгон жылдары так эмес. Арстанбек акындын жашаган мезгили 1824-1878-жылдар деген да, 1840-1882-жылдар деген да бири-биринен бир кыйла алыс даталарды айткан эки ача пикирлер бар. Бир булактарда Ысык-Көлдүн Сыртында туулган делет (Асан Кайбылда уулу), башка булактарда анын киндик кан тамган жери Нарындын Ийри-Суу деген айылы экендиги айтылат, дагы бир окумуштуулар Ысык-Көлдүн Тескей тарабында деп жалпылап атаган (М.Богданова, М.Абдылдаев).

Баланын түшү. Буйлаш улуу аялынан беш балалуу болгон, кичүү аялы Ысык-Көлдөгү бугунун желдең уруусунун кызы Төрөкандан эки бала, анын бири ушул Арстанбек төрөлгөн. Арстанбек 12-13 жашка келген кезинде түш көрөт. Түшүндө кош өркөчү баладай ак төөгө минип, боз төө чепкен кийип, ак дөбө жерге чыгып алыптыр, ак комузду колго алып чертип жатканда дөбөнү тегеректеген казак, кыргыз калың эл черткенине тегиз ыраазы болуп алкап, батасын берип жаткан экен. Кийин чын эле ушул айтканы келип, казак-кыргызга даңазалуу ырчы болот. Балага Айтымбет деген уста комуз чаап берет, ошол кезде ал күйгөн, секетбай ырларынан ырдап, "Кожожаш" сыяктуу дастандардан да айта койгон.

Анжияндын акими Алымбектин ээрчитме ырчысы болгон. Арстанбек 16га келип калганда кайсы бир күнөөсү үчүн атасы Буйлаш баш болгон тынымсейиттин жакшылары Кокон хандыгынын Анжияндагы ордосуна сурак берүү үчүн ал жердин беги атактуу Алымбек датканын алдына алдырылат. Уруу жакшыларын балтыр эти толо элек Арстанбек да ээрчип алганы менен аны суракка киргизбейт, анан аргасы куруган бала Анжиян атарыбындагы кыргыз айылдарына барып өнөрүн көрсөтүп жүрөт. Аркадан келген бала тууралуу Алымбек да кабардар болуп, өзүнө чакырттырат. Ошондон кийин ал Анжиян башкаруучусунун комузчулары менен да, ырчылары менен да сынакка катышып, негизинен аларды жеңип чыгып, Алымбектин ээрчитме ырчысына айланат. Алай менен Ошто, Маргалаң менен Кокондо, Анжиян менен Парганада, Аксы менен Таласта ж.б. далай жерлерде Алымбек, Мааразык, Кулназар деген ордо бектери менен кошо болуп, биринчиден, эл турмушун, Кокон хандыгынын адилетсиз мыйзамдарын көрүп көзү бышат; экинчиден, акындык дараметин, тажрыйбасын өстүрөт; үчүнчүдөн, тилге аябай бай анжияндык, аксылык, алайлык кыргыздардын, кара-дарыялык жана баткендик ичкиликтердин сөз корун өзүнө сиңирет. Акыры жигит көркөм сөздү кастарлай билген Алымбек датканын ишенимине кирип, атасы баш болгон тынымсейиттин тың чыкмаларын азат кылып бошотуп жиберет да, өзү да жыл айланып чоң олжо менен жерине кайтып барат.

Кыргыз урууларын биримдикке чакырган. Арстанбек өз мезгилинде ири коомдук ишмер, элдик дипломат болгон. Кыргыз тарыхынын "кара тагы" сарбагыштар менен бугулардын чабышы эки ири уруунун жок болуп калышына, ал уруштун аягы бүткүл аркалык кыргыздардын согушуна айланып кетишине, а түгүл уруулук конфликтилерге анжияндык-алайлык туугандарды да аралаштырууга аз эле жетпей токтогон. Бул кезди мындай айтат: "Элибизден ажырап, элик болуп турабыз, каптап тузду көтөргөн, көлүк болуп турабыз, башка чапса былк этпес, өлүк болуп турабыз". Ошол алааматты ооздуктап калгандардын катарында нускоочу акын Арстанбек да бар эле. Ал Ормон хан өлтүрүлгөн соң Төрөгелди тарабынан бугуларга карата канга-кан деп кылкылдаган көп жигит жоо чапканга камынып турганда мындай деп айткан: "Эрегиштен эр өлөт, эрегиштен эр өлсө, эрлер өлүп бейажал, эл ичинде өчпөс из калат". Андан ары дагы түздөн-түз Төрөгелди баатырга кайрылып, "жете келип камчы уруп, жетимдин санын көбөйтпө, кара чулгап башына, жесирдин жашын көлдөтпө" десе, Үмөтаалыга: "Оо, Үмөтаалы, чырагым, башы бүтүн Айда бар, атасы өлбөс кайда бар, көзү бүтүн Күндө бар, көсөмү өлбөс кайда бар", – деп ааламды, Айды, Күндү айтып, Жердеги көр тиричиликтен өйдө болууга, кечиримдүү болууга чакырып, ортодо караламан калк кырылып кетерин түшүндүрүп, акылмандык милдетин аткарып, даанышман акын атыккан.

Заман зарын ырдаган. Болжолу 1852-1870-жылдардын аралыгында Арстанбектин "Тар заман" деген чыгармасы жаралган. Мына ошол чыгармасы менен ал Калыгул, Молдо Кылыч, Молдо Нияз сыяктуу акындар менен акыр заманды ырдаган "замана поэзиясынын" өкүлү деп айтылат. Алар бул агымдын идеяларын бир жактан көчүрүп келишкен эмес, же биз "заманачыларбыз" деп да ойлошпогон, аларды кийин тоталитардык бийликтин камчы чапкан сынчылары эле ушинтип аташкан. Чынында алар бир дин менен экинчи диндин, бир улут менен экинчи улуттун, Чыгыш менен Батыштын катуу карама-каршылыгы биринчи жолу кездешкен, окшошпогон салттар тогошкон жылдарга туш келип калышты жана ошол кездеги элдин психологиялык абалын, көз карашын чагылдырган. "Тар заманда" бөтөн элдин маданиятын, саясатын кабыл албаган адамдын адептик түшүнүктөрүнүн өзгөрүшү тууралуу ой толгоосу берилген. Орустардын келиши менен жаңы мамилелер пайда болуп, адамдардын жүрүш-турушу акыр заманга барат. Мисалы, "эми атасынан баласы кыйын чыгат", "мейилкадыр болом деп, элечегин булгалап, зайып чыгат", "кичи атанын баласы улук болот", "адамзаттын билгени амал болот", "журтта ургаачы көбөйүп, бой азаят", "кыз он бешке чыкканда энесине баш бербей, боюн күүлөйт", "эмки азамат баарысын катын бийлейт", "зайып чыгып жыйынга чечен болот", "эки агайын бир тууган, акы алышат", "салам айтса, алик жок", "шарият менен иши жок", "кыз сыйлабайт энесин", кыскасы, "байыркыдан барк кетти, каада-нуска нарк кетти". Мына ушундай руханий кризис башка маданияттардын келиши менен пайда болуп, эзелтеден улуттук наркын сактап келген кыргыздар үчүн "устаранын мизиндей оодарылган дүнүйө" менен кездешүү акындын ички дүйнөсүн уйгу-туйгу кылып акыр заманга мүнөздүү фактыларды саноо менен ошол абалдан кантип чыгуунун жылчыктары көрсөтүлбөйт, бирок мурдатан колдонулуп келген элдик каада-салт, улуттук нарк азыркы кирип жаткан жаңы нерселерден өйдө экендиги, эл мурда азыркыларга караганда ыймандуу болуп келгендиги айтылат.

Советтик идеологиянын элегинде эленип калган. Тоталитардык-бийликчил заманда Арстанбектин тектүү атанын уулу экенин айтышканы менен аны Буйлаштын токолунан, атүгүл эри карабай кеткен салбар аялынан төрөлгөн деп жүрүшкөн. Жанагы ызы-чуу жараткан ыры "Тар замандын" өзүнө таандык обону, күүсү, ыргагы, муңдуу кайрыктары болуп, комузда коштолуп аткарылган экен да, журт көйгөйүн айтканы үчүн эл үнсүз-сөзсүз отуруп угуп, ый коштолуп турган. Адабиятчы Осмонакун Ибраимов мындай деп жазат: "Арстанбектин эң негизги адабий мурасы, айткан жеринде элди буркуратып ыйлаткан классикалык ыры, албетте, "Тар заман" аттуу чыгарма болгон. "Тар заман" — бул доор ыры, дагы тактап айтсак, доор ыйы". "Тар заманды" эл суранып ырдатып, бирок ырдап баштаганда эле уккандын баары буркурап ыйлачу экен. Аткаминерлер, бийлер менен болуштар бир нече жолу "Арстанбекти кармап, тилин кескиле" деп буйрук да берип көрүшүптүр, бирок элдин уулу атанып, алыс менен жакынга атагы кеткен акынды эл болуштардын колуна салып бермек беле? Советтик учурда эле, мисалы, 1922-жылы Каюм Мифтаков анын ырларын жазып алганы менен цензура аларды элге жарыялабай келген.

Жеңижок учурашканы барганда. Арстанбектин Жеңижок менен учурашуу ыры кыргыз акындар поэзиясындагы классикалык чыгармалардын бири деп айтууга негиз берүүчү көркөм мурас. Анда Арстанбекти издеп Аксыдан Ысык-Көлдүн Түбүндөгү Каркыра жайлоосуна барган бала ырчы Жеңижокко чейин Эсенаман, Наркүл, Нурмолдо сыяктуу акындардын ырчылык жана адамдык нарк-насилине баа берип, ар биринин, анын ичинде Жеңижоктун да оң жана терс жактарын айтып келип, батасын берип, ырчы болуу үчүн эмнелер керек экенин баса белгилейт:

Ырчы болсоң, сынчы бол,
Зөөкүрдү чабар камчы бол,
Кургак жерге тамчы бол.

Дүлөйлөргө кулак бол,
Чөлдүү жерге булак бол.
Аргымак минген баатыр бол.

Кыскасы, "канкорлорго – касап, калп айтканга – мазак, ууруларга – айгак, ушакчыга – сайгак, бечарага – калка, беделсизге – арка, ашта-тойдо – мырза, акындарга – нуска, кошоматтан – алыс, калыс, устага – балка, баатырга – калка бол" деп далай сапаттарды айтып, андан ары "мындай болуп өт", "андай болуп өт" деп келип, андан соң ук дегенге түшөт:

Сынчылардын сынын ук,
Ырчылардын ырын ук,
Жомокчуну издеп ук,
Ушакчыны уктап ук,
Акылманды аңдап ук,
Дудуктарды жаңдап ук,
Чечендердин сөзүн ук,
Көсөмдөрдүн көчүн ук,
Комузчунун күүсүн ук,
Кыякчыны кылдат ук,
Добулбастын доошун ук,
Чоорчуну чордоп ук ж.б

Тайлак баатырдын айкели. Архив
© Фото / Госдирекция по подготовке и проведению года истории и культуры
Андан ары темир комузду, жолоочуну, добогерди, манасчыны, кошокчуну, боз балдардын ырын, булбулдун үнүн, кыз баланын сырын ж.б. нерселерди ук деп отурат. Бул Жеңижокко айтылып жаткан насааттар жалпы эле кыргыз акындары кандай болушу керектиги, кандай адамдан акын чыгары тууралуу элдик түшүнүктөрдүн терең педагогикалык мааниде жалпыланышы, болочоктогу акынды нравалык-эстетикалык жактан тарбиялоо боюнча элдик окуу китебинин олуттуу барактары сыяктанат. Акын болуш үчүн булар эле эмес, ошол акын болуучу адамдын инсаны, адамдык сапаттары да башкача болушу керек. Насааттар айтылуу менен жыйырмалардагы Жеңижок менен элүүлөргө барып калган Арстанбек акындык өнөрдүн эстетикасын жана акындыктын этикасын узак сабак сөзгө алуу менен өздөрүнө чейинки элдик ойлорду жалпылап, жыйынтыктап, өз пикирлери менен аларды бекемдеп, анан кийинки муундарга насаат катары өткөрүп берип жатат. Акын үчүн эң биринчи кезекте адам болуу, эл турмушун үйрөнүү, башкалардан үлгү алуу, көркөм сөздүн гүлүн терүү зарылдыгы белгиленет, Жеңижок ошолорду назарга алса гана элдик акын болуп чыгат. Кийин турмуш көрсөткөндөй, устат акындын тарбия-таалимин алып, аны көкүрөгүнө сиңирген Жеңижок "айтышарга теңи жок" улуу акын катары казак-кыргызга таанылат.

Элдик макал-ылакапка айланып кеткен саптар. Башатында Арстанбек чыгарып, кийин жалпы элдик болуп калган дидактикалык максаттагы айрым саптарды окуп көрөлү: "Ит төрөсү – Кумайык, куш төрөсү – Буудайык"; "Карынын сөзүн капка сал, калк оозунда нуска бар"; "Тиш – ырыскы, тил – дөөлөт, тирүүлүгүң бир дөөлөт"; "Жакшыга жаман жеткен жок"; "Ушул заман тар заман, азуулууга бар заман"; "Заманың келди жакындап, тайган иттей такымдап"; "Эсиң оосо, эчки бак"; "Көлдүн башын сарт алды, көкүрөктү дарт алды"; "Адам өлсө, ый калат, акылман өлсө, сый калат", "Оту, чөбү жок туруп, малы семиз керме тоо"; "Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң" ж.б. Акындын тарбиячылыгы, элдик педагог болгондугу мына ушул сыяктуу саптардын жүз элүү жылдай убакыттан бери калк ичинде айтылып келе жаткандыгы, адамдарды тарбиялоого кошкон салымы зор экендиги менен түшүндүрүлөт.

Устат комузчу, айтыш өнөрүнүн залкары. Арстанбек чоң комузчу да болгон, эки жүздөй кара күүлөрдү чыгарган, бизге жеткен "Арстанбектин арман күү", "Кербез", "Солтон-Сары", "Кет Бука", "Ат чубатар ботою" деген күүлөрү аткарылып келет. Ар бир өзүн кыйын ойлогон комузчу Арстанбектин күүлөрүнө кайрылбай койбойт. Анын казак акындары Каңтарбай, Сүйүмбай, кыргыз акыны Жеңижок менен сөз айтыштары, Ормондун Сейдилканы, Түштүк жактан Сарт ырчы менен күү айташтары белгилүү жана өтө көп айтыштары белгисиз бойдон жылдардын закымында калып калды.

Алп акындын "Керээзи". Бул "Керээз" деп аталган санат ыры оорунун айынан өзүнүн өлүм менен бет келип калганда дагы бир ырчы Солтобайга айтып калтырган осуяттары сыяктанат. Жаштык менен өлүм алдындагы адамдын абалы контрасттуу көрүнүштөр аркылуу чагылдырылат, мисалы, "кыл муруту жок чакта, кылтылдаган шок чакта" "оюндун эптүүсү", "токойдун тотусу", "бозойдун оттуусу", "жоргонун күлүгү", "токойдун күкүгү", "бозойдун күл чогу" сыяктуу сапаттарда болсо, эми болсо денин кесел чырмаган пенденин абалы — "үнүнүн мукамы кеткен", "өңүнүн нуру кеткен". Философ-педагог акындын башкы айтуучу ою — өмүр бир күн соңуна жетет, "ажалдан күчтүү балбан жок, бул ажал чеченди алган, кары-жашка карабай неченди алган, эшенди алган, кыздарды алган, балдарды алган, келинди алган, ал гана эмес ит төрөсү Кумайыкты, куш төрөсү Буудайыкты алган. Өлүм келип калганда "баламды коюп мени ал деп атаң турбайт арага", "тогуз ай курсак көтөргөн энең турбайт арага", "алганым деп жан берген аялың турбайт арага", "айткан сөзүң куш болгон досуң түшпөйт арага", "камчы салар жөлөгүң агаң түшпөйт арага"... кыскасы, карындашың, эжең... ар бири саналып отурат, бирок алардын бирөө да сени өлүмдөн арачалап алып кала албайт, адам үчүн өлүмдөн кыйын душман жок. Демек, жалгыз Арстанбек өлгөн менен анын артында ыры калат, "айтылбаган сөз калат", Ай калат, Күн калат, түн калат, көл калат, жер калат, кен калат, кыскасы, бир адамдын руху жок болгону менен материалдык дүйнө баягысы баягы бойдон тура берет.

Акындын казасы. Арстанбектин сөөгү Ысык-Көлдүн Саруу менен Дарканынын ортосундагы Жууку суунун үстүндөгү Таш-Кыя деген жерге коюлат. 1994-жылы Арстанбек Буйлаш уулунун 170 жылдыгы Нарын шаарында чоң салтанат менен өтүп, калаага кире бериш жерге эстелиги орнотулган. Арстанбектин кошоктору, армандары, санаттары, термелери, керээздери анын алп акын болгонун айгинелейт. "Төштүк", "Кожожаш", "Чоро" ("Шоро"), "Бердикожо жалгызым", "Беш казак" сыяктуу дастандарды, "Манастан" "Көкөтөйдүн ашын" чебер аткарган деген сөздөр калган, бирок алар бизге жетпей калды.

Өнөр мураскери. Ушу тапта акындык өнөрдү аркалап, эл оозуна алынып калган төкмө Асылбек Марат уулу Арстанбек Буйлаш уулунун кыбырасы. Маектеринин биринде: "Жети атамды санай келгенде бешинчи атам кадимки төкмө акын Арстанбек Буйлаш уулу экен. Төртүнчү атам Көчөр, үчүнчүсү Ысмайыл, экинчиси Жөлөгөн, анан менин атам Марат. Кан-жаныңдан берилген өнөр кое бербеси анык. Туугандар жакшылыктарда обон созуп койгону болбосо, менден башкасы колго комуз алып өнөргө ыктагандары жок. Кудай буюрса, мен чоң акын болгонго аракет кылып жатам", — деп айтып берген Асылбек.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (381)

Тема боюнча

Өксүтпөгөн өгөй эне, ырдатпаган илдет. Токон Эшпаев тууралуу 8 факты
"Кыргыз жери" менен акыркы сапарга узаган. Апаз Жайнаков тууралуу 7 факты
Белгилер:
Ысык-Көл, Нарын, тарбия, насаат, кошок, ыр, Жеңижок Көкө уулу, Арстанбек Буйлаш уулу

ЭҢ МААНИЛҮҮ